ЖҮЗ (казактардын уруулук курамы): нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
м (Temirkan moved page ЖҮЗ to ЖҮЗ (казактардын уруулук курамы)) |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖҮЗ</b> – казак элинин Улуу жүз, Орто жүз, Кичүү жүз атанган негизги уруулук курамы. | <b type='title'>ЖҮЗ</b> – казак элинин Улуу жүз, Орто жүз, Кичүү жүз атанган негизги уруулук курамы. Жүздөрдүн пайда болушу, максаты (согуш иши, бийлик кылуу ж. б.), алардын калыптанышы туура­луу так маалымат жок. М. Магаунин ж. б. изил­дөөчүлөр жүз 16-кылымда түзүлгөн дешсе, башка көз караштагылар Казак хандыгы түзүлө электе эле калыптанган деп айтышат. Ар бир жүздүк бир нече уруу бирикмеси аркылуу өз алдынча ку­ралып, сары уйсун, каңлы, жалайыр, албан, субан, дуулат, чапырашты, сиргели, ышты, ошакты, чанычкылы уруулары Улуу жүзгө ка­райт. Кезегинде бул уруулар майда уруктарга бөлүнүп, негизинен Иледен Сыр-Дарыяга че­йинки (Түштүк Казакстан) аймактарда турушат. Аргын, найман, керей, уак, коңурат, кыпчак­тар Орто жүзгө кирип, көбү Иртыш дарыясынын жэ­эктеринен баштап, Сыр-Дарыянын ортоңку агы­мына чейинки (Чыгыш ж-а Борбордук Казакстан) жерлерди ээлешет. Кичүү жүз курамын бай уулу (12 ата), алим уулу (6 ата), жети ата уруулары түзүп, алар негизинен Түндүк-Батыш Казакстан­ды (Каспий, Арал деңиздеринин айланасы) жер­дешет. | ||
калыптанган деп айтышат. Ар бир | |||
Ад.: Материалы по истории казахских ханств XV– XVIII веков: извлечения из персидских и тюркских сочинений. А.-А., 1969. <i>Шаакерим Кудайберды-улы.</i> Родословная тюрков, киргизов, казахов и ханских династий. А., 1990; | |||
<i>Э. Турганбаев.</i> [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | |||
05:16, 4 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖҮЗ – казак элинин Улуу жүз, Орто жүз, Кичүү жүз атанган негизги уруулук курамы. Жүздөрдүн пайда болушу, максаты (согуш иши, бийлик кылуу ж. б.), алардын калыптанышы тууралуу так маалымат жок. М. Магаунин ж. б. изилдөөчүлөр жүз 16-кылымда түзүлгөн дешсе, башка көз караштагылар Казак хандыгы түзүлө электе эле калыптанган деп айтышат. Ар бир жүздүк бир нече уруу бирикмеси аркылуу өз алдынча куралып, сары уйсун, каңлы, жалайыр, албан, субан, дуулат, чапырашты, сиргели, ышты, ошакты, чанычкылы уруулары Улуу жүзгө карайт. Кезегинде бул уруулар майда уруктарга бөлүнүп, негизинен Иледен Сыр-Дарыяга чейинки (Түштүк Казакстан) аймактарда турушат. Аргын, найман, керей, уак, коңурат, кыпчактар Орто жүзгө кирип, көбү Иртыш дарыясынын жээктеринен баштап, Сыр-Дарыянын ортоңку агымына чейинки (Чыгыш ж-а Борбордук Казакстан) жерлерди ээлешет. Кичүү жүз курамын бай уулу (12 ата), алим уулу (6 ата), жети ата уруулары түзүп, алар негизинен Түндүк-Батыш Казакстанды (Каспий, Арал деңиздеринин айланасы) жердешет.
Ад.: Материалы по истории казахских ханств XV– XVIII веков: извлечения из персидских и тюркских сочинений. А.-А., 1969. Шаакерим Кудайберды-улы. Родословная тюрков, киргизов, казахов и ханских династий. А., 1990;
Э. Турганбаев.