ЖӨРГӨМҮШ СЫМАЛДАР: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖӨРГӨМҮШ СЫМАЛДАР</b> (Arachnida) – омурт­касыз жаныбарлардын бир классы. Дене | <b type='title'>ЖӨРГӨМҮШ СЫМАЛДАР</b> (Arachnida) – омурт­касыз жаныбарлардын бир классы. Дене узундугу 0,1 <i>мм</i>ден 17 <i>см</i>ге жетип, баш, көкүрөк ж-а курсак бөлүгүнөн турат. Баш көкүрөгүндө 8 көзү, 6 жуп буту бар. 1-жубу (хелицер) азыгын кармап өлтү­рүү, душмандарынан коргонуу, 2-жубу сезүү, калган 4 жуп буту басуу кызматын аткарат. | ||
[[File:ЖӨРГӨМҮШ СЫМАЛДАР62.png | thumb | Жөргөмүш сымалдар: 1 – желе жөргөмүш; 2 – котур кенеси; 3 – чабакчы жөргөмүш; 4 – телифон; 5 | [[File:ЖӨРГӨМҮШ СЫМАЛДАР62.png | thumb | Жөргөмүш сымалдар: 1 – желе жөргөмүш; 2 – котур кенеси; 3 – чабакчы жөргөмүш; 4 – телифон; 5 –чаян сөрөй; 6 – музоо баш; 7 – чаян.]] | ||
Курсагынын асты жагында алдыңкы жуп өпкө баштыкчасы, ортосунда дем алуу түтүгү орун алган. Курсагынын артында жайгашкан желе сөөлдөрү бөлүп чыгарган суюк заттар абада кур­гап, ичке жибекке окшогон желе жибин пайда кылат. Бардык | Курсагынын асты жагында алдыңкы жуп өпкө баштыкчасы, ортосунда дем алуу түтүгү орун алган. Курсагынын артында жайгашкан желе сөөлдөрү бөлүп чыгарган суюк заттар абада кур­гап, ичке жибекке окшогон желе жибин пайда кылат. Бардык жөргөмүш сымалдар (суу жөргөмүштөн башка­сы) кургакта жашайт; сезүү, көрүү, жыт алуу, угуу, желенин кыймылын билүү сезимдери бар. Алардын көбү жырткыч, көбүнчө курт-кумурс­ка м-н азыктанат. Сырткы түзүлүшү, көбөйүү жолдору ар кандай. Эркеги ургаачысынан ки­чине. Ургаачысы жумурткасын желеден жасал­ган пиллага тууйт. Жөргөмүш сымалдардын көбөйүшү метамор­фозасыз. Азыр алардын 13 түркүмү, 60 000дей түрү белгилүү. Бир нече ондогон түрү тукум ку­рут болгон. Бул түркүмдөрдүн ичинен өтө кеңи­ри тарагандары: <i>чаяндар, музоо баштар,</i> чаян сөрөйлөр, <i>чалгы буттар,</i> жөргөмүштөр, кене­лер. Кээ бир түрү түрдүү жугуштуу оору тарка­тат. Кампа кенелери азык-түлүктөргө өтө чоң зыян келтирет. Өзгөчө Борбордук Азияда жашаган кара курт м-н чаяндын уусу өтө коркунучтуу. Жөргөмүш сымалдардын көпчүлүк түрү айыл чарба зыянкечтерин жеп, пайдалуу. | ||
[[Категория:3-том, 327-448 бб]] |
04:10, 5 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖӨРГӨМҮШ СЫМАЛДАР (Arachnida) – омурткасыз жаныбарлардын бир классы. Дене узундугу 0,1 ммден 17 смге жетип, баш, көкүрөк ж-а курсак бөлүгүнөн турат. Баш көкүрөгүндө 8 көзү, 6 жуп буту бар. 1-жубу (хелицер) азыгын кармап өлтүрүү, душмандарынан коргонуу, 2-жубу сезүү, калган 4 жуп буту басуу кызматын аткарат.

Курсагынын асты жагында алдыңкы жуп өпкө баштыкчасы, ортосунда дем алуу түтүгү орун алган. Курсагынын артында жайгашкан желе сөөлдөрү бөлүп чыгарган суюк заттар абада кургап, ичке жибекке окшогон желе жибин пайда кылат. Бардык жөргөмүш сымалдар (суу жөргөмүштөн башкасы) кургакта жашайт; сезүү, көрүү, жыт алуу, угуу, желенин кыймылын билүү сезимдери бар. Алардын көбү жырткыч, көбүнчө курт-кумурска м-н азыктанат. Сырткы түзүлүшү, көбөйүү жолдору ар кандай. Эркеги ургаачысынан кичине. Ургаачысы жумурткасын желеден жасалган пиллага тууйт. Жөргөмүш сымалдардын көбөйүшү метаморфозасыз. Азыр алардын 13 түркүмү, 60 000дей түрү белгилүү. Бир нече ондогон түрү тукум курут болгон. Бул түркүмдөрдүн ичинен өтө кеңири тарагандары: чаяндар, музоо баштар, чаян сөрөйлөр, чалгы буттар, жөргөмүштөр, кенелер. Кээ бир түрү түрдүү жугуштуу оору таркатат. Кампа кенелери азык-түлүктөргө өтө чоң зыян келтирет. Өзгөчө Борбордук Азияда жашаган кара курт м-н чаяндын уусу өтө коркунучтуу. Жөргөмүш сымалдардын көпчүлүк түрү айыл чарба зыянкечтерин жеп, пайдалуу.