ЖӨТӨЛ: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЖӨТӨЛ</b> – дем алуу органдарынын (коко, ке­киртек, бронх, өпкө) ооруларынын негизги бел­гиси. Дем алуу жолунун былжыр челинин сез­генүүсүнөн, какырык же бөтөн нерсе дүүлүк­түргөндө пайда болот. Кээде дем алуу жолу дүү­лүкпөй эле сүйрү мээдеги | <b type='title'>ЖӨТӨЛ</b> – дем алуу органдарынын (коко, ке­киртек, бронх, өпкө) ооруларынын негизги бел­гиси. Дем алуу жолунун былжыр челинин сез­генүүсүнөн, какырык же бөтөн нерсе дүүлүк­түргөндө пайда болот. Кээде дем алуу жолу дүү­лүкпөй эле сүйрү мээдеги жөтөл борбору козголуп, рефлекстик жөтөл пайда болот. Мындай жөтөл корк­кондо, уялганда ж. б. байкалат. Жөтөл кургак (ка­кырыксыз) ж-а какырыктуу болуп бөлүнөт. Жөтөлдө терең дем алып, бронх же бүт дем алуу булчуңдары чыңалат; үн жылчыгы жабылып, көөдөндүн ички басымы жогорулайт. Үн жыл­чыгы кайра ачыла баштаганда аба күч м-н сырт­ка чыгат да, өзү м-н кошо өпкөдөн какырык же бөтөн нерселерди ала чыгат. Бул дем алуу жо­лун тазалайт ж-а жагымдуу таасир этет. Бирок узакка созулган, бат-бат жөтөлүү организмге зы­яндуу. Кээде өтө узакка ж-а катуу жөтөлгөндө кө­күрөк ачышып, дем кыстыгат, оорулуунун алы кетип, уйкусу качат, өпкөгө аба толот. Фарин­гитте кулкун ачышып, кычышып, оорулууну кыйнаган кургак жөтөл болот. Коко (ларингитте) же кекиртек (трахеит) катары учурунда күркүл­дөп, тынбай жөтөлөт, үн байламталары сезген­генде, кырылдаган жөтөл, көк жөтөлдө туталак жөтөл болот. Жөтөлдө суткада бөлүнгөн какырыктын өлчөмү ар кандай болуп, кээде бир нече стакан­га жетиши мүмкүн (мисалы, <i>бронхоэктазда</i>). Аны врач гана дарылайт. Жөтөлдү жок кылуу же же­ңилдетүү үчүн негизги ооруну (<i>бронхит</i>, өпкөнүн сезгениши ж. б.) дарылоо керек. Какырыктуу жөтөлдө какырык начар бөлүнсө, какырык чыга­руучу заттар сунуш кылынат; көкүрөктүн жо­гору жагына горчичник коюу, ар кандай мине­ралдуу суу, бал кошулган ысык сүт берүү, бутка ысык ванна, көкүрөккө компресс жасоо, оңко коюу кургак жөтөлдү жеңилдетет ж-а оорусун ба­саңдатат. | ||
өлчөмү ар кандай болуп, кээде бир нече стакан­га жетиши мүмкүн ( | [[Категория:3-том, 327-448 бб]] | ||
ысык ванна, көкүрөккө компресс жасоо, оңко коюу кургак | |||
04:17, 5 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖӨТӨЛ – дем алуу органдарынын (коко, кекиртек, бронх, өпкө) ооруларынын негизги белгиси. Дем алуу жолунун былжыр челинин сезгенүүсүнөн, какырык же бөтөн нерсе дүүлүктүргөндө пайда болот. Кээде дем алуу жолу дүүлүкпөй эле сүйрү мээдеги жөтөл борбору козголуп, рефлекстик жөтөл пайда болот. Мындай жөтөл корккондо, уялганда ж. б. байкалат. Жөтөл кургак (какырыксыз) ж-а какырыктуу болуп бөлүнөт. Жөтөлдө терең дем алып, бронх же бүт дем алуу булчуңдары чыңалат; үн жылчыгы жабылып, көөдөндүн ички басымы жогорулайт. Үн жылчыгы кайра ачыла баштаганда аба күч м-н сыртка чыгат да, өзү м-н кошо өпкөдөн какырык же бөтөн нерселерди ала чыгат. Бул дем алуу жолун тазалайт ж-а жагымдуу таасир этет. Бирок узакка созулган, бат-бат жөтөлүү организмге зыяндуу. Кээде өтө узакка ж-а катуу жөтөлгөндө көкүрөк ачышып, дем кыстыгат, оорулуунун алы кетип, уйкусу качат, өпкөгө аба толот. Фарингитте кулкун ачышып, кычышып, оорулууну кыйнаган кургак жөтөл болот. Коко (ларингитте) же кекиртек (трахеит) катары учурунда күркүлдөп, тынбай жөтөлөт, үн байламталары сезгенгенде, кырылдаган жөтөл, көк жөтөлдө туталак жөтөл болот. Жөтөлдө суткада бөлүнгөн какырыктын өлчөмү ар кандай болуп, кээде бир нече стаканга жетиши мүмкүн (мисалы, бронхоэктазда). Аны врач гана дарылайт. Жөтөлдү жок кылуу же жеңилдетүү үчүн негизги ооруну (бронхит, өпкөнүн сезгениши ж. б.) дарылоо керек. Какырыктуу жөтөлдө какырык начар бөлүнсө, какырык чыгаруучу заттар сунуш кылынат; көкүрөктүн жогору жагына горчичник коюу, ар кандай минералдуу суу, бал кошулган ысык сүт берүү, бутка ысык ванна, көкүрөккө компресс жасоо, оңко коюу кургак жөтөлдү жеңилдетет ж-а оорусун басаңдатат.