ИБРАГИМОВ Мирза: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ИБРАГИМОВ 2 to ИБРАГИМОВ Мирза) |
(Айырма жок)
|
03:07, 12 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИБРАГИМОВ Мирза Ажар оглы [15(28). 10. 1911, Түштүк Азербайжан, Эва айылы, азыр Иран – 17.12. 1993, Баку)] – азербайжан жазуучусу, коомдук ишмер, Азербайжан ССР ИАнын академиги (1945), Азербайжан ССР эл жазуучусу (1961), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1981). Чыгармачылыгы 1930-жылдардан башталган. Туңгуч драмалары – «Турмуш» (1935), «Мадрид» (1938), «Махаббет» (1942). «Түштүк аңгемелери» цикли м-н «Күткөн күн да келет» (1948) романында (СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1951) Ирандагы улуттук-боштондук кыймылы чагылдырылган. «Улуу таяныч» (1957) романынын ж-а Н. Наримановдун өмүрү ж-а революциялык ишине арналган «Пэрванэ» эпопеясынын (1969– 70), «Кыштак кызы» (1962), «Жакшы адам» (1965) аттуу драмалык чыгармалардын, тил, адабият боюнча сын ж-а публицистикалык макалалардын автору. 1965-жылдан Азербайжан жазуучулар союзунун башкармасынын биринчи катчысы, СССР Жогорку Советинин (1–5, 7-шайланышынын) депутаты. Үч Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.