ИГЕМБЕРДИЕВ Самыйбек: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ИГЕМБЕРДИЕВ to ИГЕМБЕРДИЕВ Самыйбек) |
(Айырма жок)
|
08:10, 12 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИГЕМБЕРДИЕВ (туурасы – Эгембердиев) Самыйбек Абазович (1. 11. 1923-жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Сары-Камыш кыштагы) – геолог, Кыргыз ССР

(1972) ж-а СССР (1976) мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты. Москва геологиялык чалгындоо институтун бүткөн (1952).
Улуу Ата Мекендик согушка катышкан (1942–45). 1952–55-жылдарда Кадамжай, Терек кен казуу ишканаларында участкалык геолог, улук геолог, 1952–59-жылдарда Каменский экспедициясында геологиялык партиянын начальниги, 1959–75-жылдарда Кыргыз геология башкармалыгынын башкы инженери, начальниги, 1975–89-жылдарда Кыргызстандын геологиялык түзүлүшүн изилдөө, кен байлыктарын издөө, чалгындоо жумуштарын уюштурууга көп жыл жетекчилик кылган, айрыкча сымаптын ири кенин, ошондой эле калай, алтын кендерин ачууга ж-а чалгындоого зор эмгек сиңирген. Кыргыз ССР геологиялык кызматына эмгек сиңирген кызматкер (1973). Кыргыз ССР Жогорку Советинин (3 жолку) депутаты (1975–90). Эки Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.