ИДЕЯ (адабият таанууда): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

10:18, 12 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ИДЕ́Я а д а б и я т т а а н у у д а – жазуучунун же акындын көркөм чыгармада берейин деген ой-максаты. Көркөм чыгарманын идеясы образ­дар системасынын бирдигинде берилет. Жазуу­чу өз чыгармасында белгилүү бир маселелерди ортого коюу м-н чектелбестен, өзүнүн идеалы катары анын чечилишин берет, мамилесин бил­дирет, баалайт. Мисалы, Ч. Айтматовдун «Атадан калган туяк» аңгемесинин идеясы – алыстагы согуш апаатынын атасын таптакыр көрбөгөн ооруктагы балага тийгизген таасири.