ИЗОЛЯТОР (убактылуу бөлүүчү жай): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page ИЗОЛЯТОР to ИЗОЛЯТОР (убактылуу бөлүүчү жай)) |
(Айырма жок)
|
03:44, 14 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ИЗОЛЯ́ТОР м е д и ц и н а д а – жугуштуу оору (холера, чума, чечек ж. б.) м-н ооруган же ага күнөм саналган кишилерди убактылуу бөлүп (ооруканага жеткиргенге чейин) коюучу жай. Изолятор оорукана, поликлиника, санаторий, бала бакча, жатакана ж. б-да болот. Анда оорулууларды тейлөөдө эпидемияга каршы эрежелерди (идиш-аякты бөлүү, бөлмөнү, шейшептерди, идиштерди дезинфекциялоо) сактоого чоң көңүл бурулат. Кээ бир жугуштуу ооруларда (грипп, көк жөтөл, кызылча) үй шартында деле оорулууну өзүнчө бөлмөгө же бөлмөнүн бир бурчун көшөгөлөп бөлүп койсо болот (к. Жугуштуу оорулар); шейшеп, сүлгү ж. б. буюмдарды бөлүп коюу керек. Оорулуу м-н бирге болгон кишилер эмделет.