ГОРИЗОНТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
10:02, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГОРИЗО́НТ (гр. horison – чектөөчү) – жер бетинин байкоочуга ачык жерден көрүнгөн бөлүгү. Г. көрүнгөн ж-а чыныгы деп бөлүнөт. К ө р ү н г ө н Г. – асмандын горизонт м-н чектелген сызыгы. Ч ы н ы г ы же матем. Г. – асман сферасындагы тегиздиги асма сызыкка перпендикуляр болгон чоӊ тегерек. Көрүнгөн Г. дайыма чыныгы Г-тон төмөн жайгашат да, Г-тун төмөндөшү делет. Көрүнгөн Г-тун төмөндөшү канчалык чоӊ болсо, байкоочу жер деӊгээлинен ошончолук жогору турат. Бул төмөндөө Г-тун алыстыгына алып келет. Көрүнгөн Г-тун алыстыгы байкоочу турган жердин бийиктигине ж-а астр. рефракциянын таасирине ж-а байкоочу турган асман телосунун радиусуна да көз каранды. Планета канчалык кичине болсо, көрүнгөн Г. байкоочуга ошончолук жакын көрүнөт.