ГИБРИД ТОО ТЕКТЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

17:18, 24 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГИБРИ́Д ТОО ТЕКТЕРИ — ар түрдүү магманын аралашуусунан ж-а анын өзгөрүшүнөн пайда болгон тоо тектер. Аларда курамы ж-а түзүлүшү жагынан накта магмадан пайда болгон тоо тектерден өзгөчөлөнүп, структурасы ж-а текстурасы жагынан ар түрдүү, минералдардын парагенезиси аномалдуу, арасында башка тоо тектердин кесек бөлүктөрү (ксенолиттер) болот. Ассимиляциядан пайда болгон Г. т. т-нде кесек сыныкчалардын алгачкы белгилери такыр байкалбайт, ал эми контаминацияда (булганууда) алгачкы белгилери сакталат. Жанаша жаткан тоо тектердин талкаланышы, магмадагы учма заттардын мол болушу, магма м-н ага чектеш тоо тектердин курамы б-ча кескин айырмаланышы Г. т-нин пайда болушуна ыӊгайлуу шарт түзөт. Негиздүү курамдагы лава материалы гранит интрузиясына таасир тийгизсе, экөөнүн ортосунда ассимиляция процесси жүрүп, ошол интрузиянын четинен ортосуна карай габбро – габбро-диорит – диорит – кварц диорити – гранодиорит – граниттен турган Г. т-нин катары келип чыгат.