ГАЛЛЮЦИНАЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГАЛЛЮЦИНА́ЦИЯ (лат. hallucinatio – жөөлүү, көзгө көрүнүү) – кабыл алуунун бузулушу; психикалык, айрым инфекциялык ооруларда, ууланууда, мээнин жаракатында, өтө катуу кайгырууда ж. б. учурларда пайда болгон жок нерсени кабыл алуу. Анын көрүү, угуу, жыт сезүү ж. б. түрү бар. Көрүү Г-сында оорулуу жалын, түтүн, жарык, түрдүү буюмдар, адамды, өлүктү, жаныбар, курт-кумурска ж. б-ды көрөт; угуу Г-сында аны чакырган үндөр ж-а түрдүү ызы-чуулар угулат; жыт сезүү Г-сында керосин, атыр ж. б. жыттар жыттанат. Даам Г-сында тамактанууда ошол тамакка мүнөздүү эмес же жагымсыз даам сезилет. Г. үзгүлтүктүү, анда санда эле болбостон, кээде даана, туруктуу да болот. Көп учурда психикалык башка бузулуулар м-н коштолот. Г-нын таасиринен оорулуу айланасындагыларга ж-а өз ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн. Г. көпчүлүк психикалык оорулардын негизги ж-а мүнөздүү белгиси болуп эсептелет. Дарылоо аны пайда кылган негизги ооруну айыктырууга багытталат.