ГАЛОФИТТЕР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАЛОФИТТЕР (гр. hfls – туз ж-а phytjn – өсүмдүк) – өтө шор топурактуу жерде (деӊиз жээги ж. б.) өсүүчү өсүмдүктөр. Г. үч топко бөлүнөт. Э в г а л о ф и т т е р д и н же чыныгы Г-дин көбүнчө жалбырагы калыӊ, сабагы жоон келип, клеткасына туз көп топтолот. Аларга чөлдөгү кээ бир бадалчалар кирет. К и н о г а л о ф и т т е р сабагы м-н жалбырагындагы безченин жардамы м-н организмде топтолгон шорду сыртка бөлүп чыгарат. Буларга боздоӊдо ж-а кургак талаада өсүүчү кермектер, жылгындар, реомериялар ж. б. кирет. Г л и к о г а л о ф и т т е р д и н тамыр системасы тузду өткөрбөйт, мис., шордуу боздоӊдогу шыбактар. Дүйнө жүзүндө кеминде 2000–2500, Борб. Азияда 900дөй Г. кездешет. Эгилме өсүмдүктөрдүн шорго өтө чыдамдуу ж-а анча чыдамсыз түрлөрү бар. Туздар зат алмашууну ж-а протоплазманын абалын бузуп, клетка органеллаларынын структурасынын өзгөрүшүнө алып келет. Өсүмдүк туздан жабыркаганда айрым уу заттар пайда болот, мис., белок синтези бузулганда аммиак, диаминдер, сульфоксид топтолот.
Ад.: Акжигитова Н. И. Галофитная растительность Средней Азии и её индикационные свойства. Т., 1982. К. Т. Шалпыков.