ГАМЕТА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАМЕ́ТА (гр. Gamet е – ургаачы, gamtt еs – эркек) – өсүмдүк ж-а жаныбардын жыныс клеткасы. Ал тукум куума белгилерди укумдан тукумга берет. Г. хромосомалардын жалпы (гаплоид) жыйнагын алып жүрөт ж-а гаметогенез процессин камсыздайт. Уруктанууда эркек ж-а ургаачы Г-лар кошулуп, ата-эненин экөөнүн теӊ белгилерин алып жүрүүчү диплоиддүү зигота пайда болот. Зиготадан жаӊы организм калыптанат. Ургаачы жыныс Г-сы – энелик же жумуртка клеткасы, эркек жыныс Г-сы сперматозоид деп аталат. Энелик клетка кыймылсыз келет да, эркек Г-дан чоӊ болот. Сперматозоиддер чөйрөнүн шартын (темп-ра, осмос басымы ж. б.) өтө сезгич келет.