ГАСТРОЭНТЕРОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы
ГАСТРОЭНТЕРОЛО́ГИЯ (гастро… ж-а гр. tnteron – ичеги, lоgos – окуу) – медицинанын тамак сиӊирүү органдарынын түзүлүшүн ж-а функциясын, алардын ооруларынын өөрчүү механизмин, себептерин изилдөөчү, ооруну диагноздоо, дарылоо ж-а алдын алуу жолдорун иштеп чыгуучу бөлүмү. Г-нын өнүгүшүнө 18-к-да патол.-анат. изилдөөлөрдү киргизүү чоӊ мааниге ээ болгон. 19-к-дын 1-жарымында өз алдынча илим катары калыптанган. Рентгенол. изилдөө методдорунун өнүгүшү тамак сиӊирүү органдарынын патол. өзгөрүүлөрүн аныктоого мүмкүндүк берди. Азыркы клиникалык практикада колдонулуучу аспаптык (гастроскопия, лапароскопия, ректоскопия, ультра үндүк изилдөө, радионуклиддик сканерлөө, ангиография, компьютердик томография ж. б.) изилдөөлөр диагноздоо мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеӊейтти. Г-нын теориясы м-н практикасында тамак сиӊирүү органдарынын зыяндуу шишигин алдын алуу методдорун иштеп чыгуу ж-а колдонуу улам чоӊ мааниге ээ болууда. И. П. Павловдун тамак сиӊирүү физиологиясы ж-дө эмгектери Г-нын өсүшүнө чечүүчү таасир тийгизген.