ГЕККОНДОР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:13, 25 Март (Жалган куран) 2024 -деги абалы

ГЕККОНДОР (Gekkonidae) – сойлоочулардын кескелдириктер түркүмүндөгү тукуму. Көзү чоӊ, тостогой, жумулбайт. Г-дун уз. 30 смге чейин. Буттары жакшы өөрчүгөн, манжалары жазы, куйругу морт, тез үзүлүп, кайра тез өсүп чыгат. Өӊү боз же күрөӊ. Г. күндүз жашынып жатып, тиричилигин күүгүм талаш ж-а түнкүсүн өткөрөт. Көпчүлүгү дарак түптөрүндө, шагыл таштарда кездешсе, кээ бир түрлөрү кумдуу чөлдө жашайт. Курт-кумурска, жөргөмүш сымалдарды жейт. Бардык түрү жумуртка тууйт. 80ге жакын урууга бириккен 900дөй түрү бар. Алар тропик ж-а субтропик зоналарда таралган. КМШ өлкөлөрүндө (көбүнчө О. Азия м-н Казакстанда) 8 түрү бар.