АЛИЕВ Кеңеш: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Lera
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
(Айырма жок)

09:58, 7 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы

АЛИЕВ Кеӊеш Ибраимкулович (1938-жылы туулган, Чүй облусу, Панфилов району, Чолок-Арык айылы) ‒ хормейстер, профессор (1992), Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992). Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиӊирген ишмери (1974). Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаары) М. Күрөӊкөев атындагы мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайын (1959), Гнесиндер атындагы Москва мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтун (1964) бүтүргөн. 1964‒1969-жылдары А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында хормейстер, 1969-жылдан башкы хормейстер, бир эле мезгилде Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окутуучу, хор дирижёру кафедрасынын

башчысы болуп иштеген. Ал 50дөн ашык опера спектаклдериндеги («Кармен», «Русалка», «Отелло», «Манас» жана башкалар) хорлорду жогорку деӊгээлде даярдаган. 1975-жылы К. Алиевдин жетекчилиги менен Кыргыз радиосунун хору уюшулган. Бир нече медалдар менен сыйланган.