ГААГА КОНФЕРЕНЦИЯСЫ: нускалардын айырмасы
м (→top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
(1922) | '''ГААГА КОНФЕРЕНЦИЯСЫ''' (1922) – Генуя конференциясынын (1922) чечими боюнча 15-июндан 19-июлга чейин Гаага шаарында (Нидерланд) өткөн эл аралык финансы-экономикалык конференция. Ага Генуя конференциясына катышкан (Германиядан башка) 33 мамлекеттин өкүлдөрү чогулган. Конференция капиталисттик мамлекеттердин Совет өлкөсүнө койгон доолорун талкуулап, Советтик Россияга карыз берүү маселесин да карамак болгон. Бирок капиталисттик өлкөлөрдүн өкүлдөрү советтик делегациянын (башчысы М. М. Литвинов) эл аралык кызматташуу жөнүндөгү сунушун четке кагып, Советтик Россияга карыз берүүдөн баш тарткан. Алар тескерисинче, чет элдик капиталисттердин Совет бийлиги мамлекеттин карамагына алган жеке менчиктерин ээлерине кайтаруу жанa падыша өкмөтү <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> Убактылуу өкмөттүн карыздарын төлөө талабын койгон. Советтик делегация империалисттердин мындай адилетсиз талаптарын четке каккан. Гаага конференциясы эч кандай чечимге келген эмес.<br> | ||
[[Категория:Жаңы макалалар]] | |||
08:41, 13 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
ГААГА КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1922) – Генуя конференциясынын (1922) чечими боюнча 15-июндан 19-июлга чейин Гаага шаарында (Нидерланд) өткөн эл аралык финансы-экономикалык конференция. Ага Генуя конференциясына катышкан (Германиядан башка) 33 мамлекеттин өкүлдөрү чогулган. Конференция капиталисттик мамлекеттердин Совет өлкөсүнө койгон доолорун талкуулап, Советтик Россияга карыз берүү маселесин да карамак болгон. Бирок капиталисттик өлкөлөрдүн өкүлдөрү советтик делегациянын (башчысы М. М. Литвинов) эл аралык кызматташуу жөнүндөгү сунушун четке кагып, Советтик Россияга карыз берүүдөн баш тарткан. Алар тескерисинче, чет элдик капиталисттердин Совет бийлиги мамлекеттин карамагына алган жеке менчиктерин ээлерине кайтаруу жанa падыша өкмөтү менен Убактылуу өкмөттүн карыздарын төлөө талабын койгон. Советтик делегация империалисттердин мындай адилетсиз талаптарын четке каккан. Гаага конференциясы эч кандай чечимге келген эмес.