БАЛГАРТ ТООСУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛГАРТ ТООСУ '''Тескей | '''БАЛГАРТ ТООСУ '''Тескей Ала-Тоодо; түндүгүнөн Үч-Эмчек, түштүгүнөн Буркан сууларынын өрөөн­дөрү менен чектешет. Жергиликтүү эл «Төнөк-Тоо» деп да атайт. Узундугу 45 ''км,'' туурасы 8–10 ''км,'' орточо бийиктиги 4000 ''м.'' Генезистик тиби – горст-антиклиналь. Палеозойдун кумдук, акиташ тектеринен турат. Чыгыш бөлүгүндө байыркы муз менен жылмалан­ган тайпак чокулар бар. Батышка карай би­йиктеп, тоо кырларында мөңгү жатат. Тескейи зоокалуу жана мөңгүлүү, майда суулар менен тил­меленген. Күнгөй бетинде төрлөр бар. Альп шалбаасы, субнивалдык жана нивалдык ланд­шафттар мүнөздүү. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
04:48, 21 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЛГАРТ ТООСУ Тескей Ала-Тоодо; түндүгүнөн Үч-Эмчек, түштүгүнөн Буркан сууларынын өрөөндөрү менен чектешет. Жергиликтүү эл «Төнөк-Тоо» деп да атайт. Узундугу 45 км, туурасы 8–10 км, орточо бийиктиги 4000 м. Генезистик тиби – горст-антиклиналь. Палеозойдун кумдук, акиташ тектеринен турат. Чыгыш бөлүгүндө байыркы муз менен жылмаланган тайпак чокулар бар. Батышка карай бийиктеп, тоо кырларында мөңгү жатат. Тескейи зоокалуу жана мөңгүлүү, майда суулар менен тилмеленген. Күнгөй бетинде төрлөр бар. Альп шалбаасы, субнивалдык жана нивалдык ландшафттар мүнөздүү.