БАЛДАРДЫН ТЕХНИКАЛЫК ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛДАРДЫН ТЕХНИКАЛЫК ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ ''' | '''БАЛДАРДЫН ТЕХНИКАЛЫК ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ '''– политехникалык окуунун жана кесип­тик багыт берүүнүн негизги каражаттарынын бири. Ал балдардын техникага кызыгуусун арттырып, чыгармачыл жана ойлоп тапкыч жөн­дөмдүүлүгүн, техникалык ойлонуусун өнүктүрөт, илимий дең­гээлин жогорулатат. Балдардын техникалык чыгармачылыгы көбүнчө модель, прибор (аспап, шайман), механизм, жөнөкөй машина өңдүү техникалык объекттерди конструкция­лоодон көрүнөт. Балдардын техникалык чыгармачылыгы класстан тышкаркы окууларда, мектептен тышкар­кы мекемелерде (жаш техниктердин станция­сында, клубдарда, чыгармачыл үйлөрдө, аянттарда ж. б.), ошондой эле эмгекке үйрөнүү жана предметтик сабак­тарда ишке ашырылат. Балдардын техникалык чыгармачылыгын уюштуруунун эң кеңири тараган формасы – техникалык ийрим. Мык­ты эмгектер көргөзмөгө экспонат катары кою­луп, сыйлыктар менен сыйланат. Балдардын техникалык чыгармачылыгы жет­кинчектерди келечекте өндүрүштө, илимде, техникада эмгектенүүгө машыктырып, чыгармачыл жөндөмүн өнүктүрөт. Ойлоп табуучулар, рацио­нализаторлор, өндүрүш новаторлору, конструк­торлор, илимпоздордун көбү өз учурунда балдардын техникалык чыгармачылыгы аркылуу даярдоодон өтүшкөн. | ||
[[Category: 2-том, 1-69 бб]] | [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
03:58, 22 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЛДАРДЫН ТЕХНИКАЛЫК ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ – политехникалык окуунун жана кесиптик багыт берүүнүн негизги каражаттарынын бири. Ал балдардын техникага кызыгуусун арттырып, чыгармачыл жана ойлоп тапкыч жөндөмдүүлүгүн, техникалык ойлонуусун өнүктүрөт, илимий деңгээлин жогорулатат. Балдардын техникалык чыгармачылыгы көбүнчө модель, прибор (аспап, шайман), механизм, жөнөкөй машина өңдүү техникалык объекттерди конструкциялоодон көрүнөт. Балдардын техникалык чыгармачылыгы класстан тышкаркы окууларда, мектептен тышкаркы мекемелерде (жаш техниктердин станциясында, клубдарда, чыгармачыл үйлөрдө, аянттарда ж. б.), ошондой эле эмгекке үйрөнүү жана предметтик сабактарда ишке ашырылат. Балдардын техникалык чыгармачылыгын уюштуруунун эң кеңири тараган формасы – техникалык ийрим. Мыкты эмгектер көргөзмөгө экспонат катары коюлуп, сыйлыктар менен сыйланат. Балдардын техникалык чыгармачылыгы жеткинчектерди келечекте өндүрүштө, илимде, техникада эмгектенүүгө машыктырып, чыгармачыл жөндөмүн өнүктүрөт. Ойлоп табуучулар, рационализаторлор, өндүрүш новаторлору, конструкторлор, илимпоздордун көбү өз учурунда балдардын техникалык чыгармачылыгы аркылуу даярдоодон өтүшкөн.