БАЛЬНЕОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЛЬНЕОЛОГИЯ '''(лат. | '''БАЛЬНЕОЛОГИЯ '''(лат. bаlnеum – киринүү жана .''..логия) – медицинанын'' минералдуу суулардын пайда болушун, физика-химиялык касиетин, ооруну дарылоо жана алдын алуу максатында аларды колдонуу ыкмаларын изилдөөчү бөлүгү. Бальнеологиянын бальнеотехника, ''бальнеотерапия'' ж. б. тармак­тары бар. Минералдуу сууларда түрдүү туздар, газдар, радиоактивдүү ж. б. заттар болгондук­тан, алардын дарылык таасири ар түрдүү, ант­кени алардын дарылык касиети химиялык, температура­лык жана механикалык факторлоруна байланыштуу болот. Минералдуу суулар ваннага, душ, бассейн­ге түшүү, ичүү, кээ бир органдарды «сугаруу», ооз, тишти чайкоо, ингаляция ж. б. түрүндө колдонулат. Минералдуу суулар жүрөк-кан тамыр, нерв, боор, ичеги-карын, аялдын жы­ныс ооруларында, тери ооруларда кеңири пай­даланылат. Анткени, минералдуу суунун тааси­ринен кан менен лимфанын кыймылы тездейт, зат алмашуу күчөйт, ички бездердин иштеши, маңыз чыгаруусу жакшырат. Минералдуу суу­ну колдонуу врачтын көзөмөлүндө болушу зарыл. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
10:00, 22 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЛЬНЕОЛОГИЯ (лат. bаlnеum – киринүү жана ...логия) – медицинанын минералдуу суулардын пайда болушун, физика-химиялык касиетин, ооруну дарылоо жана алдын алуу максатында аларды колдонуу ыкмаларын изилдөөчү бөлүгү. Бальнеологиянын бальнеотехника, бальнеотерапия ж. б. тармактары бар. Минералдуу сууларда түрдүү туздар, газдар, радиоактивдүү ж. б. заттар болгондуктан, алардын дарылык таасири ар түрдүү, анткени алардын дарылык касиети химиялык, температуралык жана механикалык факторлоруна байланыштуу болот. Минералдуу суулар ваннага, душ, бассейнге түшүү, ичүү, кээ бир органдарды «сугаруу», ооз, тишти чайкоо, ингаляция ж. б. түрүндө колдонулат. Минералдуу суулар жүрөк-кан тамыр, нерв, боор, ичеги-карын, аялдын жыныс ооруларында, тери ооруларда кеңири пайдаланылат. Анткени, минералдуу суунун таасиринен кан менен лимфанын кыймылы тездейт, зат алмашуу күчөйт, ички бездердин иштеши, маңыз чыгаруусу жакшырат. Минералдуу сууну колдонуу врачтын көзөмөлүндө болушу зарыл.