БАМБУК: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАМБУК '''( | '''БАМБУК '''(Ваmbusа) – дан өсүмдүктөр тукуму­ндагы дайыма жашыл бир же көп жылдык өсүмдүк. Жыгачка айланган сөңгөгүнүн бийиктиги 35 ''м'' дей, муунактуу, жогору жагы бу­тактуу. Жалбырагы тасма сымал, ичке, жал­бырак сабы кыска. Топ гүлү шыпыргы, кош жы­ныстуу; мөмөсү – данча. Бамбук чанда (10–12 жыл­да) жыш гүлдөп, мөмө байлагандан кийин куу­райт. Өтө тез өсөт (суткасына 0,75 ''м).'' Анын 80дей түрү негизинен Чыгыш жана Түштүк Азияда өсөт. Көгүлтүр бамбук көбүнчө саябакта (паркта), бакта кооздук үчүн өстүрүлөт. Кадимки жана камыш бамбук баалуу курулуш материалы. Саза уруу­сунун бир нече түрү КМШ өлкөлөрүндө, Курил жана Сахалин аралдарында жапайы өсөт. Жаш өркүнү тамак-ашка кошулат. Индияда ж. б. бир катар өлкөлөрдө целлюлоза-кагаз өнөр жайына сырьё катары пайдаланылат. [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
10:32, 22 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАМБУК (Ваmbusа) – дан өсүмдүктөр тукумундагы дайыма жашыл бир же көп жылдык өсүмдүк. Жыгачка айланган сөңгөгүнүн бийиктиги 35 м дей, муунактуу, жогору жагы бутактуу. Жалбырагы тасма сымал, ичке, жалбырак сабы кыска. Топ гүлү шыпыргы, кош жыныстуу; мөмөсү – данча. Бамбук чанда (10–12 жылда) жыш гүлдөп, мөмө байлагандан кийин куурайт. Өтө тез өсөт (суткасына 0,75 м). Анын 80дей түрү негизинен Чыгыш жана Түштүк Азияда өсөт. Көгүлтүр бамбук көбүнчө саябакта (паркта), бакта кооздук үчүн өстүрүлөт. Кадимки жана камыш бамбук баалуу курулуш материалы. Саза уруусунун бир нече түрү КМШ өлкөлөрүндө, Курил жана Сахалин аралдарында жапайы өсөт. Жаш өркүнү тамак-ашка кошулат. Индияда ж. б. бир катар өлкөлөрдө целлюлоза-кагаз өнөр жайына сырьё катары пайдаланылат.