АБДУЛКАДЫР Инан: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АБДУЛКАДЫР''' Инан (Ынан), чыныгы ысмы Фатхелкадир Мустафа уулу Сулайманов (башк.''Фəтхелҡадир Мостафа улы Сөләймәнов'', 29. 10. 1889, [[Роcсия империясы]], Перм губерниясы, Шыгай айылы – 26. 07. 1976, [[Стамбул]]) – [[башкыр эли]]нин | '''АБДУЛКАДЫР''' Инан (Ынан), чыныгы ысмы Фатхелкадир Мустафа уулу Сулайманов (башк.''Фəтхелҡадир Мостафа улы Сөләймәнов'', 29. 10. 1889, [[Роcсия империясы]], Перм губерниясы, Шыгай айылы – 26. 07. 1976, [[Стамбул]]) – [[БАШКЫРТТАР|башкыр эли]]нин окумуштуусу, жазуучу, [[манас изилдөөчү]], башкырлардын [[улуттук-боштондук кыймылы]]нын мүчөсү. Алгач Чыгайда Усулу [[ЖАДИД МЕКТЕПТЕРИ|Жадид мектеби]]нен окуган, кийин Троицкидеги Расулия [[медресе]]син бүтүргөн. Алгачкы ырлары жана илимий макалалары 1908-жылы [[Оренбург]]дан чыгуучу «Вакыт» («Алга») гезитине «Инан» деген каймана ат менен жарыяланган. Өзү «Менин ынангандарым: биринчиси – [[ИСЛАМ|ислам дини]], экинчиси – [[ИЛИМ|илим]], үчүнчүсү – улуу [[түрк эли]]. Инан деген ысым менин ушул үч ишенимимди билдирет» деп түшүндүргөн. [[Эмиграция]]га кеткенден кийин биротоло Абдулкадыр Инан деген ысым алган. 1914-жылы жогорку [[мектеп]]ти бүтүрүп, 1915-жылы «[[Мусулмандар]] [[шарыят]] мекемесинин» кеңешмесинде [[профессор]] наамын алган. 1920-жылы апрель айынан [[БАШКЫРТСТАН|Башкыр Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы]]нын мамлекеттик [[басмакана]]сына караштуу коллегиянын мүчөсү болуп иштеген. 19-майда Бүткүл россиялык Борбордук аткаруу комитети (БАК) жана [[Эл комиссарлар кеңеши]]нин (ЭКК) биргелешкен '''«'''Башкыр Автономиялык Советтик Республикасынын [[мамлекет]]тик түзүлүшү тууралуу» токтомуна нааразы болуп, алгач [[Орто Азия]]га, андан [[АФГАНИСТАН|Афганстан]], [[ИРАН|Иран]], [[ИНДИЯ|Индия]]да жүрүп, 1925-жылы Стамбулга келет. Бул жерде [[түркология]] [[институт]]унда [[түрк элдери]]нин [[фольклор]]у тууралуу [[илимий]] иштерин уланткан. 1933-жылы Түрк тил коомунун чакыруусу менен [[АНКАРА|Анкарага]] келет. 1935-жылы [[АТАТҮРК|Ататүрк]]түн буйругу менен чыгыш түрк [[ДИАЛЕКТ|диалект]]илеринин [[профессор]]у наамы ыйгарылган. Ал [[этнография]], фольклор, түрк [[тарых]]ы, түрк элдеринин [[ДИН|дини]], ишеними, түрк диалектилери, түрк [[филология]]сы жөнүндө эмгектерин, [[«Манас» эпосу]] тууралуу алгачкы маалымдама-баяндамаларды, илимий эмгектерди жазган. 1936-1968-жылдары «Манаска» байланыштуу жазган макалаларында эпостун кыргыз тили боюнча мол материал берген зор [[эстелик]] экендиги айтылган, эпостун [[КААРМАН|каарман]]дары, андагы элдин турмушу, [[КААДА-САЛТ|каада-салт]]ы, эпостун [[ИДЕОЛОГИЯ|идеология]]сы иликтенген жана анын түрк элдеринин эпосторунун ичинде өзгөчө орду белгиленген. Түрк [[маданият]]ын изилдөө институтунун, Түрк тарых коомунун анык мүчөсү. 350дөн ашык илимий макалаларды жазып, Ж. [[БАЛАСАГУН|Баласагун]]дун «[[Кутадгу билик]]», М. [[Кашгари]]нин «[[ДИВАН|Диван лугат ат-түрк]]», түрк элинин белгилүү эпосу «Китабе деде-и Коркут» («Коркут ата китеби»), [[кыпчактар]]дын «Кодикус куманикус» аттуу сөздүгү, кыргыз элинин улуу эпосу «Манас» сыяктуу жана башка оозеки жана жазма эстеликтерге илимий талдоо жүргүзгөн. | ||
Ад.: Шакур Р. Абдулкадыр Инан. //Атактуу башкырлар (Башкыр тилинде). Уфа, 1998. | Ад.: Шакур Р. Абдулкадыр Инан. //Атактуу башкырлар (Башкыр тилинде). Уфа, 1998. | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
05:12, 28 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
АБДУЛКАДЫР Инан (Ынан), чыныгы ысмы Фатхелкадир Мустафа уулу Сулайманов (башк.Фəтхелҡадир Мостафа улы Сөләймәнов, 29. 10. 1889, Роcсия империясы, Перм губерниясы, Шыгай айылы – 26. 07. 1976, Стамбул) – башкыр элинин окумуштуусу, жазуучу, манас изилдөөчү, башкырлардын улуттук-боштондук кыймылынын мүчөсү. Алгач Чыгайда Усулу Жадид мектебинен окуган, кийин Троицкидеги Расулия медресесин бүтүргөн. Алгачкы ырлары жана илимий макалалары 1908-жылы Оренбургдан чыгуучу «Вакыт» («Алга») гезитине «Инан» деген каймана ат менен жарыяланган. Өзү «Менин ынангандарым: биринчиси – ислам дини, экинчиси – илим, үчүнчүсү – улуу түрк эли. Инан деген ысым менин ушул үч ишенимимди билдирет» деп түшүндүргөн. Эмиграцияга кеткенден кийин биротоло Абдулкадыр Инан деген ысым алган. 1914-жылы жогорку мектепти бүтүрүп, 1915-жылы «Мусулмандар шарыят мекемесинин» кеңешмесинде профессор наамын алган. 1920-жылы апрель айынан Башкыр Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасынын мамлекеттик басмаканасына караштуу коллегиянын мүчөсү болуп иштеген. 19-майда Бүткүл россиялык Борбордук аткаруу комитети (БАК) жана Эл комиссарлар кеңешинин (ЭКК) биргелешкен «Башкыр Автономиялык Советтик Республикасынын мамлекеттик түзүлүшү тууралуу» токтомуна нааразы болуп, алгач Орто Азияга, андан Афганстан, Иран, Индияда жүрүп, 1925-жылы Стамбулга келет. Бул жерде түркология институтунда түрк элдеринин фольклору тууралуу илимий иштерин уланткан. 1933-жылы Түрк тил коомунун чакыруусу менен Анкарага келет. 1935-жылы Ататүрктүн буйругу менен чыгыш түрк диалектилеринин профессору наамы ыйгарылган. Ал этнография, фольклор, түрк тарыхы, түрк элдеринин дини, ишеними, түрк диалектилери, түрк филологиясы жөнүндө эмгектерин, «Манас» эпосу тууралуу алгачкы маалымдама-баяндамаларды, илимий эмгектерди жазган. 1936-1968-жылдары «Манаска» байланыштуу жазган макалаларында эпостун кыргыз тили боюнча мол материал берген зор эстелик экендиги айтылган, эпостун каармандары, андагы элдин турмушу, каада-салты, эпостун идеологиясы иликтенген жана анын түрк элдеринин эпосторунун ичинде өзгөчө орду белгиленген. Түрк маданиятын изилдөө институтунун, Түрк тарых коомунун анык мүчөсү. 350дөн ашык илимий макалаларды жазып, Ж. Баласагундун «Кутадгу билик», М. Кашгаринин «Диван лугат ат-түрк», түрк элинин белгилүү эпосу «Китабе деде-и Коркут» («Коркут ата китеби»), кыпчактардын «Кодикус куманикус» аттуу сөздүгү, кыргыз элинин улуу эпосу «Манас» сыяктуу жана башка оозеки жана жазма эстеликтерге илимий талдоо жүргүзгөн.
Ад.: Шакур Р. Абдулкадыр Инан. //Атактуу башкырлар (Башкыр тилинде). Уфа, 1998.