АБУ БАКР МУХАММЕД АН-НАРШАХИ: нускалардын айырмасы
9-71>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (11 intermediate revisions by 6 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АБУ БАКР МУХАММЕД АН-НАРШАХИ,''' А б у Б а к р М у х а м м е д и б н Ж а ф а р а н-Н а р ш а х и (899–959) – орто азиялык тарыхчы. [[БУХАРА|Бухара]]нын түндүгүндөгү Наршах кыштагында туулган. 943–44-жылдары араб тилинде [[Саманиддер]] эмири Нух ибн Насрга (943–954) арнап, «Бухара тарыхы» («Тарих-и Бухара») эмгегин жазган. Анын бул эмгеги 7–12-кылымдагы Бухаранын <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> Заравшан дарыясынын төмөнкү агымындагы оазистин тарыхы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> топографиясы боюнча баалуу булак. Анда [[Орто Азия]]нын тарыхы, арабдар келгенге чейинки (7–12-кылым) [[БУХАРА ВИЛАЙЕТИ|Бухара аймагы]] жөнүндө маалыматтар бар, ошондой эле Орто Азияны арабдардын каратуусу, [[АБРУЙ КӨТӨРҮЛҮШҮ|Абруй]]дун <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> [[Муканна]]нын көтөрүлүштөрү, [[ИСЛАМ|ислам]]дын буддизм <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> христиан динин сүрүп чыгаруусу жөнүндө да айтылган. Аталган эмгекти алгач француз чыгыш таанычуусу Ш. Шефер которуп, 1892-жылы жарык көргөн. 1897-жылы орус тилине Н. С. Лыкошин которгон. | |||
Ад.: Мухаммад Наршахи. История Бухары. Таш., 1897. | |||
[[Категория:1-Том]] | |||
08:40, 28 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
АБУ БАКР МУХАММЕД АН-НАРШАХИ, А б у Б а к р М у х а м м е д и б н Ж а ф а р а н-Н а р ш а х и (899–959) – орто азиялык тарыхчы. Бухаранын түндүгүндөгү Наршах кыштагында туулган. 943–44-жылдары араб тилинде Саманиддер эмири Нух ибн Насрга (943–954) арнап, «Бухара тарыхы» («Тарих-и Бухара») эмгегин жазган. Анын бул эмгеги 7–12-кылымдагы Бухаранын жана Заравшан дарыясынын төмөнкү агымындагы оазистин тарыхы жана топографиясы боюнча баалуу булак. Анда Орто Азиянын тарыхы, арабдар келгенге чейинки (7–12-кылым) Бухара аймагы жөнүндө маалыматтар бар, ошондой эле Орто Азияны арабдардын каратуусу, Абруйдун жана Муканнанын көтөрүлүштөрү, исламдын буддизм менен христиан динин сүрүп чыгаруусу жөнүндө да айтылган. Аталган эмгекти алгач француз чыгыш таанычуусу Ш. Шефер которуп, 1892-жылы жарык көргөн. 1897-жылы орус тилине Н. С. Лыкошин которгон.
Ад.: Мухаммад Наршахи. История Бухары. Таш., 1897.