ДАРКАН ШААР КАЛДЫГЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАРКАН ШААР КАЛДЫГЫ''' – | '''ДАРКАН ШААР КАЛДЫГЫ''' – X–XII кылымдарга таан­дык шаар урандысы. [[Ысык-Көл өрөөнү]]ндөгү [[ЖУУКУ|Жууку суусу]]нун сол өйүзүндө жайгашкан. Аян­ты 100 ''га''. Эки бөлүктөн – негизги чептерден жана алардын чет-жакаларындагы чоӊ аянттан туруп, узундугу 8 ''км'' келген дубал менен курчалган. Борбордук бөлүгүндөгү ар түрдүү чоӊдукта көп сан­даган курулуш калдыктары дөӊсөө түрүндө сак­талган. Казуу убагында турак жай жана чарба­лык курулуштардын калдыктары табылган. Борбордук бөлүгүнөн тышкары жердеги курулуштар бири-биринен кыйла алыстыкта топ-топ болуп жайгашкан. Карапайым шаардыктардын жер участоктору борбордун сыртында болгон. Шаар эӊ негизги кербен жолунун боюна жайгашкан­дыктан, кылымдагы соода-сатык мамилелерин­де чоӊ роль ойногон. Бул шаар тууралуу байыркы, орто кылымдарга тиешелүү жазма маалыматтар жокко эсе. Бирок [[Махмуд Кашгари]]нин сөздүгүндө (кара: [[«ДИВАН ЛУГАТ-ИТ-ТҮРК»|Диван лугат ит-түрк]]) [[БАРСКАН ШААР КАЛДЫГЫ|Барскан]]га жакын [[ЖАБГУ|Жабгу]] (Йавгу) шаары жана «Йавгу-Арт» атуу ашуу эскерилет. | ||
[[Category: 3-том, 5-85 бб]] | |||
01:42, 1 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
ДАРКАН ШААР КАЛДЫГЫ – X–XII кылымдарга таандык шаар урандысы. Ысык-Көл өрөөнүндөгү Жууку суусунун сол өйүзүндө жайгашкан. Аянты 100 га. Эки бөлүктөн – негизги чептерден жана алардын чет-жакаларындагы чоӊ аянттан туруп, узундугу 8 км келген дубал менен курчалган. Борбордук бөлүгүндөгү ар түрдүү чоӊдукта көп сандаган курулуш калдыктары дөӊсөө түрүндө сакталган. Казуу убагында турак жай жана чарбалык курулуштардын калдыктары табылган. Борбордук бөлүгүнөн тышкары жердеги курулуштар бири-биринен кыйла алыстыкта топ-топ болуп жайгашкан. Карапайым шаардыктардын жер участоктору борбордун сыртында болгон. Шаар эӊ негизги кербен жолунун боюна жайгашкандыктан, кылымдагы соода-сатык мамилелеринде чоӊ роль ойногон. Бул шаар тууралуу байыркы, орто кылымдарга тиешелүү жазма маалыматтар жокко эсе. Бирок Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө (кара: Диван лугат ит-түрк) Барсканга жакын Жабгу (Йавгу) шаары жана «Йавгу-Арт» атуу ашуу эскерилет.