КОРЯК АВТОНОМИЯ ОБЛУСУ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОРЯ́К АВТОНО́МИЯ ОБЛУСУ</b> Россиянын субъектиси, Камчатка крайынын курамында. Камчатка | <b type='title'>КОРЯ́К АВТОНО́МИЯ ОБЛУСУ</b> Россиянын субъектиси, Камчатка крайынын курамында. Камчатка жарым аралынын түндүгү м-н ага чектеш жат­кан материктин бөлүгүнөн ж-а Карага аралынан орун алган. Батышын Охота, чыгышын Беринг де­ңиздери чулгайт. Аянты 301,5 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Калкы 27,9 миң (2003). Административдик-аймактык жактан 4 районго, 2 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Палана шаарчасы. Ыраакы Чыгыш федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийликтин органдар системасы 1997-жылы кабыл алынган Коряк Автономия округунун уставы (негизги мыйзам) м-н аныкталат. Мамлекеттик бий­ликти округдун думасы аткарат.<br>Калкынын негизин орустар (62%), коряктар (16,4), украиндер (7,2) түзөт, ошондой эле чукча (3,6), ительмендер (3) да жашайт. Орустар правосла­вие, коряктар салт болуп калган динин тутат; протестанттар да бар. Орточо жыштыгы 1 <i>км</i><sup>2 </sup>жерге 0,9 киши. Шаар калкы 28%. | ||
шаарчага бөлүнөт. Борбору – Палана шаарчасы. | |||
Калкынын негизин орустар (62%), коряктар | |||
(16,4), украиндер (7,2) түзөт, | |||
Табияты аймагынын көпчүлүк бөлүгүндө калктын жашоосуна жагымсыз. Экологиялык абалы канааттандырарлык. Суулары балыкка ж-а де­ңиз жаныбарларына бай. Камчатка крабынын запасы уникалдуу промыселдик мааниге ээ. Таш көмүрдүн 2 кени иштетилүүдө. Платина, алтын ж-а күмүш казылып алынат.<br>Региондук дүң продукциясынын көлөмү 3364,8 млн рубль. Андагы өнөр жайдын үлүшү 72%, айыл чарбаныкы 1,1%. Маанилүү өнөр жай тармагы – та­мак-аш (балык кармалып, беленделет; ири иш­каналары: «Корякрыба» ЖАК, Усть-Хайрюзов балык консерва заводу), түстүү металлургия («Ко­рякгеолдобыча»). Айыл чарбага жарактуу жери 26,6 миң <i>га</i> (жер фон­дунун 1%тен азыраагы), анын ичинде 8%и айдоо аян­ты. Жылыткычтарда өстүрүлгөн жашылчачы­лык, ошондой эле аңчылык промысели өнүккөн. Бугу асыралат.<br>Автомобиль жолунун узундугу 68 <i>км</i>. Пенжина дарыясында кеме жүрөт. Округда жалпы билим берүүчү 29 мекеме, 2 башталгыч ж-а орто окуу жайлары, музей бар. Бий ж-а фольклор ансамбли иштейт. | |||
Ад.: Корякская автономная область// Россия. М., 2004. | |||
Ад.: Корякская автономная область// Россия. М., | |||
2004. | |||
[[Категория:4-том,_453-496_бб]] | [[Категория:4-том,_453-496_бб]] | ||
03:17, 3 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КОРЯ́К АВТОНО́МИЯ ОБЛУСУ Россиянын субъектиси, Камчатка крайынын курамында. Камчатка жарым аралынын түндүгү м-н ага чектеш жаткан материктин бөлүгүнөн ж-а Карага аралынан орун алган. Батышын Охота, чыгышын Беринг деңиздери чулгайт. Аянты 301,5 миң км2. Калкы 27,9 миң (2003). Административдик-аймактык жактан 4 районго, 2 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Палана шаарчасы. Ыраакы Чыгыш федерация округуна кирет. Мамлекеттик бийликтин органдар системасы 1997-жылы кабыл алынган Коряк Автономия округунун уставы (негизги мыйзам) м-н аныкталат. Мамлекеттик бийликти округдун думасы аткарат.
Калкынын негизин орустар (62%), коряктар (16,4), украиндер (7,2) түзөт, ошондой эле чукча (3,6), ительмендер (3) да жашайт. Орустар православие, коряктар салт болуп калган динин тутат; протестанттар да бар. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 0,9 киши. Шаар калкы 28%.
Табияты аймагынын көпчүлүк бөлүгүндө калктын жашоосуна жагымсыз. Экологиялык абалы канааттандырарлык. Суулары балыкка ж-а деңиз жаныбарларына бай. Камчатка крабынын запасы уникалдуу промыселдик мааниге ээ. Таш көмүрдүн 2 кени иштетилүүдө. Платина, алтын ж-а күмүш казылып алынат.
Региондук дүң продукциясынын көлөмү 3364,8 млн рубль. Андагы өнөр жайдын үлүшү 72%, айыл чарбаныкы 1,1%. Маанилүү өнөр жай тармагы – тамак-аш (балык кармалып, беленделет; ири ишканалары: «Корякрыба» ЖАК, Усть-Хайрюзов балык консерва заводу), түстүү металлургия («Корякгеолдобыча»). Айыл чарбага жарактуу жери 26,6 миң га (жер фондунун 1%тен азыраагы), анын ичинде 8%и айдоо аянты. Жылыткычтарда өстүрүлгөн жашылчачылык, ошондой эле аңчылык промысели өнүккөн. Бугу асыралат.
Автомобиль жолунун узундугу 68 км. Пенжина дарыясында кеме жүрөт. Округда жалпы билим берүүчү 29 мекеме, 2 башталгыч ж-а орто окуу жайлары, музей бар. Бий ж-а фольклор ансамбли иштейт.
Ад.: Корякская автономная область// Россия. М., 2004.