БОНИТЕТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БОНИТЕ́Т ''' (лат. bonitas – сапаттуу) – жаратылыш ресурстарын баалоо ж-а а. ч-га жарактуу жерлерге, топуракка, токойго, жаныбар м-н өсүмдүк дүйнөсүнө ж. б-га салыштырмалуу мүнөздөмө берүү үчүн колдонулган шарттуу көрсөткүч (балл). Адатта, ал ресурстун конкреттүү түрүн пайдалануу эсеп-кысабынын негизинде аныкталат. Эӊ белгилүүсү – токой Б-и; ал – токойдун бир участогунун табигый шартка ж-а адамдын токойго тийгизген таасирине байланыштуу чарбалык өндүрүмдүүлүгүнүн көрсөткүчү. Басымдуулук кылган бак-дарактын орт. бийиктиги б-ча (орт. жашы эске алынып) аныкталат. Токой Б-и (жыгачтын сапатына ылайык) беш класска (I классы өтө өндүрүмдүү; V классы эӊ төмөн сапаттуу) бөлүнөт. Ал эми топурак Б-и жер участогунун табигый касиеттеринин сапаттуу мүнөздөмөсү, а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү. ''А. Конушбаева.''
'''БОНИТЕ́Т ''' (лат. bonitas – сапаттуу) – жаратылыш ресурстарын баалоо жана айыл чарбага жарактуу жерлерге, топуракка, токойго, жаныбар менен өсүмдүк дүйнөсүнө жана башкаларга салыштырмалуу мүнөздөмө берүү үчүн колдонулган шарттуу көрсөткүч (балл). Адатта, ал ресурстун конкреттүү түрүн пайдалануу эсеп-кысабынын негизинде аныкталат. Эӊ белгилүүсү – токой бонитети; ал – токойдун бир участогунун табигый шартка жана адамдын токойго тийгизген таасирине байланыштуу чарбалык өндүрүмдүүлүгүнүн көрсөткүчү. Басымдуулук кылган бак-дарактын орточо бийиктиги боюнча (орточо жашы эске алынып) аныкталат. Токой бонитети (жыгачтын сапатына ылайык) беш класска (I классы өтө өндүрүмдүү; V классы эӊ төмөн сапаттуу) бөлүнөт. Ал эми топурак бонитети жер участогунун табигый касиеттеринин сапаттуу мүнөздөмөсү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү.
 
''А. Конушбаева.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:06, 3 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы

БОНИТЕ́Т (лат. bonitas – сапаттуу) – жаратылыш ресурстарын баалоо жана айыл чарбага жарактуу жерлерге, топуракка, токойго, жаныбар менен өсүмдүк дүйнөсүнө жана башкаларга салыштырмалуу мүнөздөмө берүү үчүн колдонулган шарттуу көрсөткүч (балл). Адатта, ал ресурстун конкреттүү түрүн пайдалануу эсеп-кысабынын негизинде аныкталат. Эӊ белгилүүсү – токой бонитети; ал – токойдун бир участогунун табигый шартка жана адамдын токойго тийгизген таасирине байланыштуу чарбалык өндүрүмдүүлүгүнүн көрсөткүчү. Басымдуулук кылган бак-дарактын орточо бийиктиги боюнча (орточо жашы эске алынып) аныкталат. Токой бонитети (жыгачтын сапатына ылайык) беш класска (I классы өтө өндүрүмдүү; V классы эӊ төмөн сапаттуу) бөлүнөт. Ал эми топурак бонитети жер участогунун табигый касиеттеринин сапаттуу мүнөздөмөсү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү.

А. Конушбаева.