КОСОВО: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КО́СОВО</b> – Балкан жарым аралындагы мамлекет. Түндү­гүнөн ж-а чыгышынан Сербия, батышынан Чер­ногория, түштүк-батышынан Албания, түштүгүнөн Македония м-н чектешет. Аянты 11 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Калкы | <b type='title'>КО́СОВО</b> – Балкан жарым аралындагы мамлекет. Түндү­гүнөн ж-а чыгышынан Сербия, батышынан Чер­ногория, түштүк-батышынан Албания, түштүгүнөн Македония м-н чектешет. Аянты 11 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Калкы 1 667 554 (2026); негизинен ал­бандар, ошондой эле серб, черногориялыктар жашайт.<br>Борбору – Приштина шаары. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Косо­во талаасы ж-а Метохия ойдуңдары ээлейт. Ойдуңдар аркылуу Ак Дрин, Ибар дарыялары агып өтөт. Климаты мелүүн, континенттик (январдын орточо температурасы 0°Сдей, июлдуку 20°С; жылдык орточо жаан-чачыны 700 <i>мм</i>). Тоо капталдарын жазы жалбырактуу токой, шалбаа ээлейт; жайыты арбын. 8–12-кылымдарда Косово аймагы Рашка мамлекетине, Биринчи Болгар падышалыгына ж-а Византия­га, 12-кылымдын аягында сербдердин бирдиктүү мам­лекетине кирген. 1346-жылдан Серб пат­риархатынын (резиденциясы – Печ шаары) борбору болгон. <i>Косово талаасындагы салгылашуудан (1389)</i> кийин Косово Сербия м-н бирге түрк султан­дыгынын (1459-жылдан Осмон империясынын курамында) вассалына айланган. 17-кылымга чейин аймактагы калктын көп бөлүгүн сербдер түзгөн. 1683–99-жылдарда Австрия-Түркия согушунун жүрү­шүндө Косово аймагын австриялык аскерлер ээлеп, сербдер массалык түрдө Косоводон чыгып кетишкен. 19-кылымдын аягында Косово албандардын улуттук кый­мылынын борборуна айланган. 1878-жылы Призрен шаарында аскердик-саясий уюм – Призрен лигасы (Албан лигасы) уюшулуп, Осмон империясынын курамындагы бардык албандарды автономия­лык административдик бирдик түзүүгө чакырган. Түрк бийли­ги автономия жөнүндө маселени кароодон баш тарт­кандыктан, албан улуттук кыймылынын лидер­лери алар м-н болгон байланыштарын үзгөн. Призрен лигасынын куралдуу отряддары Косово аймагынын бир бөлүгүн басып алып, жергиликтүү ал­бан администрациясынын органдарын түзгөн. 1881-жылы Косово аймагына түрк аскерлеринин кири­ши м-н кыймыл токтотулган. 1897–1900-жылдарда Косоводо албандардын кыймылы кайрадан күч ал­ган. <i>Балкан согуштарынын (1912–13)</i> на­тыйжасында Косово Сербия м-н Черногориянын, 1918-жылы Серб, хорват ж-а словендер (1929-жыл­дан Югославия) королдугунун курамына кирип, 3 административдик-аймактык бирдиктердин (Вардар, Зет ж-а Мо­равия бановиндери) ортосунда бөлүштүрүлгөн. 1941-жылы Улуу Албаниянын курамына Косовонун борбордук бөлүгү, 2-дүйнөлүк согуш убагында Косовонун көп бөлүгү Албания италиялык протекторатынын курамына бириккен. Италиялык аскерлердин окку­пациясы мезгилинде 40 миңдей серб өлтүрүлүп, 100 миңдей серб Косовону таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1944-жылдын аягында Косово аймагы италиялык аскерлерден бошотулуп, 1945-жылы кайрадан Юго­славия Федеративдик Эл Республикасынын (1963-жыл­дан Социалисттик Федерациялык Югославия Республи­касы, СФЮР) курамына кошулган. 1945–63-жылдарда АО, 1963–69-жылдарда Сербия Республикасынын курамындагы Косово ж-а Метохия автономиялык крайы (1969- жылдан Косово). 1974-жылы СФЮРдун Конститу­циясы боюнча крайдын автономиялык статусу ке­ңейип, Косово СФЮРдун өзүнчө субъектисине айла­нып, Сербия м-н бирдей укуктарга ээ болгон. 1981-жылы крайда студенттик массалык толкун­доолор өтүп, Югославиянын чегинде толук укук­туу республика статусун талап кылышкан. 1989-жылы сербиялык Скупщина Сербия Конституциясы­на өзгөртүүлөрдү киргизип, автономиялык край­дын укуктарын чектеген. Бул чечим албандык сепаратизмдин күчөшүнө алып келип, кан төгүү­лөрдөн кийин Косоводо аскердик кырдаал киргизил­ген. Ошол эле жылы Косоводо И. Ругова жетектеген Косово Демократиялык лигасы түзүлгөн. 1991-жылы сен­тябрда көз карандысыз Косово Республикасынын түзүл­гөндүгү жарыяланган. 1992-жылы майда президент­тик ж-а парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, И. Ругова Косово президенти болуп шайланган. 1996-жылы Косоводо «Косово боштондук армиясы» (КБА) түзүлүп, ал Сербия мамлекеттик бийлигинин өкүлдөрүнө ж-а жергиликтүү сербиялык калкка кар­шы террор баштаган. 1998-жылы кырдаал курчуп, кагылышуулар куралдуу түргө өткөн. Сербия­лык коопсуздук күчтөр КБАнын базаларына каршы чабуул жасап, аны Албанияны көздөй сүргөн. Югославия Союздук Республикасынын (ЮСР) жетекчилиги аймактагы тынчтык абалды ка­лыбына келтирүү жөнүндө Ругова м-н сүйлөшүүлөр­дү баштаган. Бул боюнча ЮСР президенти С. Ми­лошевич Косового Сербия курамында улуттук авто­номия укуктарын кеңейтүүгө даяр экендигин билдирген. 1999-жылы 24-мартта НАТО ЮСРге кар­шы агрессиясын баштап, Сербия аймагын бом­балаган. 1999-жылы БУУнун Коопсуздук кеңеши­нин резолюциясы боюнча Косово аймагында туруктуулук м-н тартиптүүлүктү сакташ үчүн НАТО жетек­теген эл аралык күчтөр киргизилген. Косовону убак­тылуу БУУнун Генералдык секретарынын ата­йын өкүлү башкарып, ал БУУнун Косоводогу Миссиясын жетектеген. 2004-жылы октябрда Косоводо парламенттик шайлоо өткөрүлүп, Косово Де­мократиялык лигасы жеңишке жеткен. 2008-жылы 17-фев­ралда Косово парламенти Косовонун көз карандысызды­гын жарыялаган. 2011-жылдын февралына БУУга мүчө болгон 192 мамлекеттин 75и Косовонун эгемендүүлүгүн тааныган. 2010-жылы 22-июлда БУУнун эл аралык соту Косовонун эгемендүүлүгүнүн жарыяланышын эл аралык укукка каршы кел­бейт деп тааныган.<br>Косово – негизинен агрардык өлкө, экономикалык активдүү калктын <sup>1</sup>/2 не жакыны айыл чарбасында эмгектенет. Дан эгиндери (жүгөрү, буудай, арпа), тамеки, жа­шылча-жемиш, бак-дарак өстүрүлөт; жүзүмчү­лүк кеңири таралган. Кол өнөрчүлүк өнүккөн.<br>Өнөр жайында коргошун-цинк кенташтарын казып алуунун ж-а эритүүнүн мааниси зор. Ошондой эле лигнит, хромит, магнезит казылып алы­нат. Химия, цемент, жыгач иштетүү, кагаз, тек­стиль, булгаары, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. | ||
Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Косо­во талаасы ж-а Метохия ойдуңдары ээлейт. Ойдуңдар аркылуу Ак Дрин, Ибар | |||
8–12- | |||
Биринчи Болгар падышалыгына ж-а Византия­га, 12- | |||
болгон. <i>Косово талаасындагы салгылашуудан (1389)</i> кийин | |||
1683–99- | |||
(Албан лигасы) уюшулуп, Осмон империясынын курамындагы бардык албандарды автономия­лык | |||
АО, 1963–69- | |||
Косово ж-а Метохия автономиялык крайы (1969- жылдан Косово). 1974- | |||
өкүлдөрүнө ж-а | |||
калктын <sup>1</sup>/ не жакыны | |||
Өнөр жайында коргошун-цинк кенташтарын | |||
казып алуунун ж-а эритүүнүн мааниси зор. | |||
Ад. <i>Овчинский В. С.</i> «Независимость» Косово в зеркале теневой политики. М., 2008. | Ад. <i>Овчинский В. С.</i> «Независимость» Косово в зеркале теневой политики. М., 2008. | ||
<p align='right'><i type='author'>Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.</i></p> | ||
[[Категория:4-том,_453-496_бб]] | [[Категория:4-том,_453-496_бб]] | ||
08:01, 3 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КО́СОВО – Балкан жарым аралындагы мамлекет. Түндүгүнөн ж-а чыгышынан Сербия, батышынан Черногория, түштүк-батышынан Албания, түштүгүнөн Македония м-н чектешет. Аянты 11 миң км2. Калкы 1 667 554 (2026); негизинен албандар, ошондой эле серб, черногориялыктар жашайт.
Борбору – Приштина шаары. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Косово талаасы ж-а Метохия ойдуңдары ээлейт. Ойдуңдар аркылуу Ак Дрин, Ибар дарыялары агып өтөт. Климаты мелүүн, континенттик (январдын орточо температурасы 0°Сдей, июлдуку 20°С; жылдык орточо жаан-чачыны 700 мм). Тоо капталдарын жазы жалбырактуу токой, шалбаа ээлейт; жайыты арбын. 8–12-кылымдарда Косово аймагы Рашка мамлекетине, Биринчи Болгар падышалыгына ж-а Византияга, 12-кылымдын аягында сербдердин бирдиктүү мамлекетине кирген. 1346-жылдан Серб патриархатынын (резиденциясы – Печ шаары) борбору болгон. Косово талаасындагы салгылашуудан (1389) кийин Косово Сербия м-н бирге түрк султандыгынын (1459-жылдан Осмон империясынын курамында) вассалына айланган. 17-кылымга чейин аймактагы калктын көп бөлүгүн сербдер түзгөн. 1683–99-жылдарда Австрия-Түркия согушунун жүрүшүндө Косово аймагын австриялык аскерлер ээлеп, сербдер массалык түрдө Косоводон чыгып кетишкен. 19-кылымдын аягында Косово албандардын улуттук кыймылынын борборуна айланган. 1878-жылы Призрен шаарында аскердик-саясий уюм – Призрен лигасы (Албан лигасы) уюшулуп, Осмон империясынын курамындагы бардык албандарды автономиялык административдик бирдик түзүүгө чакырган. Түрк бийлиги автономия жөнүндө маселени кароодон баш тарткандыктан, албан улуттук кыймылынын лидерлери алар м-н болгон байланыштарын үзгөн. Призрен лигасынын куралдуу отряддары Косово аймагынын бир бөлүгүн басып алып, жергиликтүү албан администрациясынын органдарын түзгөн. 1881-жылы Косово аймагына түрк аскерлеринин кириши м-н кыймыл токтотулган. 1897–1900-жылдарда Косоводо албандардын кыймылы кайрадан күч алган. Балкан согуштарынын (1912–13) натыйжасында Косово Сербия м-н Черногориянын, 1918-жылы Серб, хорват ж-а словендер (1929-жылдан Югославия) королдугунун курамына кирип, 3 административдик-аймактык бирдиктердин (Вардар, Зет ж-а Моравия бановиндери) ортосунда бөлүштүрүлгөн. 1941-жылы Улуу Албаниянын курамына Косовонун борбордук бөлүгү, 2-дүйнөлүк согуш убагында Косовонун көп бөлүгү Албания италиялык протекторатынын курамына бириккен. Италиялык аскерлердин оккупациясы мезгилинде 40 миңдей серб өлтүрүлүп, 100 миңдей серб Косовону таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1944-жылдын аягында Косово аймагы италиялык аскерлерден бошотулуп, 1945-жылы кайрадан Югославия Федеративдик Эл Республикасынын (1963-жылдан Социалисттик Федерациялык Югославия Республикасы, СФЮР) курамына кошулган. 1945–63-жылдарда АО, 1963–69-жылдарда Сербия Республикасынын курамындагы Косово ж-а Метохия автономиялык крайы (1969- жылдан Косово). 1974-жылы СФЮРдун Конституциясы боюнча крайдын автономиялык статусу кеңейип, Косово СФЮРдун өзүнчө субъектисине айланып, Сербия м-н бирдей укуктарга ээ болгон. 1981-жылы крайда студенттик массалык толкундоолор өтүп, Югославиянын чегинде толук укуктуу республика статусун талап кылышкан. 1989-жылы сербиялык Скупщина Сербия Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизип, автономиялык крайдын укуктарын чектеген. Бул чечим албандык сепаратизмдин күчөшүнө алып келип, кан төгүүлөрдөн кийин Косоводо аскердик кырдаал киргизилген. Ошол эле жылы Косоводо И. Ругова жетектеген Косово Демократиялык лигасы түзүлгөн. 1991-жылы сентябрда көз карандысыз Косово Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган. 1992-жылы майда президенттик ж-а парламенттик шайлоолор өткөрүлүп, И. Ругова Косово президенти болуп шайланган. 1996-жылы Косоводо «Косово боштондук армиясы» (КБА) түзүлүп, ал Сербия мамлекеттик бийлигинин өкүлдөрүнө ж-а жергиликтүү сербиялык калкка каршы террор баштаган. 1998-жылы кырдаал курчуп, кагылышуулар куралдуу түргө өткөн. Сербиялык коопсуздук күчтөр КБАнын базаларына каршы чабуул жасап, аны Албанияны көздөй сүргөн. Югославия Союздук Республикасынын (ЮСР) жетекчилиги аймактагы тынчтык абалды калыбына келтирүү жөнүндө Ругова м-н сүйлөшүүлөрдү баштаган. Бул боюнча ЮСР президенти С. Милошевич Косового Сербия курамында улуттук автономия укуктарын кеңейтүүгө даяр экендигин билдирген. 1999-жылы 24-мартта НАТО ЮСРге каршы агрессиясын баштап, Сербия аймагын бомбалаган. 1999-жылы БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы боюнча Косово аймагында туруктуулук м-н тартиптүүлүктү сакташ үчүн НАТО жетектеген эл аралык күчтөр киргизилген. Косовону убактылуу БУУнун Генералдык секретарынын атайын өкүлү башкарып, ал БУУнун Косоводогу Миссиясын жетектеген. 2004-жылы октябрда Косоводо парламенттик шайлоо өткөрүлүп, Косово Демократиялык лигасы жеңишке жеткен. 2008-жылы 17-февралда Косово парламенти Косовонун көз карандысыздыгын жарыялаган. 2011-жылдын февралына БУУга мүчө болгон 192 мамлекеттин 75и Косовонун эгемендүүлүгүн тааныган. 2010-жылы 22-июлда БУУнун эл аралык соту Косовонун эгемендүүлүгүнүн жарыяланышын эл аралык укукка каршы келбейт деп тааныган.
Косово – негизинен агрардык өлкө, экономикалык активдүү калктын 1/2 не жакыны айыл чарбасында эмгектенет. Дан эгиндери (жүгөрү, буудай, арпа), тамеки, жашылча-жемиш, бак-дарак өстүрүлөт; жүзүмчүлүк кеңири таралган. Кол өнөрчүлүк өнүккөн.
Өнөр жайында коргошун-цинк кенташтарын казып алуунун ж-а эритүүнүн мааниси зор. Ошондой эле лигнит, хромит, магнезит казылып алынат. Химия, цемент, жыгач иштетүү, кагаз, текстиль, булгаары, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт.
Ад. Овчинский В. С. «Независимость» Косово в зеркале теневой политики. М., 2008.
Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.