АЧЫЛОВА Рахат: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Gulira
No edit summary
No edit summary

(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''АЧЫЛОВА Рахат''' [30. 05. 1941, Ош облусу, Баткен району, Говсувар айылы ‒ 05. 03. 2015, Бишкек] ‒ философ, философия илимдеринин доктору (1988), профессор (1989). КРдин илимге эмгек сиӊирген ишмери. Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1958), КМУнун тарых факультетин (1963) Ленинград университетинин аспирантурасын (1969) бүтүргөн. 1966‒1987-жылдары КМУда социологиялык лабораториясынын, философия кафедрасынын башчысы, 1987‒1992-жылдары Кыргыз кыз-келиндер педагогика институтунун ректору, 1993‒1995-жылдары Кыргызстан айыл чарба университетинде кафедра башчысы,  2000-жылдан КМУУнун Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун профессору. КРдин Жогорку Кеӊешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп шайланган (1995‒2000). 150дөн ашык илимий эмгектин, (анын ичинде 3 монография) автору. Алар негизинен коомдогу үй-бүлөнүн орду, аялдардын абалы, билим берүү, маданият маселелерин изилдөөгө багытталган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
Эмг.: Семья и общество. Ф., 1986; Женское образование в современном Кыргызстане. Б., 1990.

'''АЧЫЛОВА''' Рахат [30. 05. 1941, [[СССР]], [[КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ (КР)|Кыргыз ССРи]], [[Ош облусу]], [[БАТКЕН РАЙОНУ|Баткен]] району, Говсувар айылы ‒ 05. 03. 2015, [[БИШКЕК|Бишкек]]] ‒ философ, философия илимдеринин доктору (1988), профессор (1989). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиӊирген ишмери. [[ЖАЛАЛ-АБАД|Жалал-Абад]] педагогикалык окуу жайын (1958), Кыргыз Мамлекеттик университетинин (КМУ) тарых факультетин (1963) Ленинград университетинин аспирантурасын (1969) бүтүргөн. 1966‒1987-жылдары КМУда социологиялык лабораториясынын, философия кафедрасынын башчысы, 1987‒1992-жылдары В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогика институтунун ректору, 1993‒1995-жылдары Кыргыз Айыл Чарба университетинде кафедра башчысы,  2000-жылдан Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин (КМУУ) Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун профессору. КРдин [[ЖОГОРКУ КЕҢЕШ|Жогорку Кеӊеш]]инин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп шайланган (1995‒2000). 150дөн ашык илимий эмгектин, (анын ичинде 3 монография) автору. Алар негизинен коомдогу үй-бүлөнүн орду, аялдардын абалы, билим берүү, маданият маселелерин изилдөөгө багытталган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
Эмг.: Семья и общество. Ф., 1986; Женское образование в современном Кыргызстане. Б., 1990.

[[Категория:1-Том]]
[[Категория:1-Том]]

01:18, 4 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы

АЧЫЛОВА Рахат [30. 05. 1941, СССР, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Баткен району, Говсувар айылы ‒ 05. 03. 2015, Бишкек] ‒ философ, философия илимдеринин доктору (1988), профессор (1989). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиӊирген ишмери. Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1958), Кыргыз Мамлекеттик университетинин (КМУ) тарых факультетин (1963) Ленинград университетинин аспирантурасын (1969) бүтүргөн. 1966‒1987-жылдары КМУда социологиялык лабораториясынын, философия кафедрасынын башчысы, 1987‒1992-жылдары В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогика институтунун ректору, 1993‒1995-жылдары Кыргыз Айыл Чарба университетинде кафедра башчысы, 2000-жылдан Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин (КМУУ) Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун профессору. КРдин Жогорку Кеӊешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп шайланган (1995‒2000). 150дөн ашык илимий эмгектин, (анын ичинде 3 монография) автору. Алар негизинен коомдогу үй-бүлөнүн орду, аялдардын абалы, билим берүү, маданият маселелерин изилдөөгө багытталган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
Эмг.: Семья и общество. Ф., 1986; Женское образование в современном Кыргызстане. Б., 1990.