КОЧКОР РАЙОНУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЧКОР РАЙОНУ</b> – Нарын | <b type='title'>КОЧКОР РАЙОНУ</b> – азыркы [[Нарын облусу]]ндагы административдик-аймактык бирдик. Алгач Тянь-Шань облусунун курамында 1930-жылы уюшулган. Түндүгүнөн [[Чүй]], [[Ысык-Ата]], түндүк-батышынан жана батышынан [[ЖУМГАЛ РАЙОНУ|Жумгал]], түштүгүнөн [[Нарын]], чыгышынан жана түндүк-чыгышынан [[Тоң]] райондору менен чектешет. Аянты 6,4 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Калкы 58,3 миң (2009). Ра­йондун аймагында 11 айыл өкмөтү, 31 кыштак бар. Борбору – Кочкор кыштагы. | ||
бирдик. 1930- | |||
бар. Борбору – Кочкор кыштагы. | Этимологиясы: жергиликтүү элдин ырастоолору боюнча Кочкор кыштагы XX кылымдын 30-жылдарынан мурун Кара-Коо (айтылышы Карагоо) деп аталып келген. Географиялык [[топоним]] катары алгач байыркы түрк дооруна таандык [[руника]]лык эстеликтеринде «Йарыш» деген аталыш менен белгилүү болгон. Ал эми өрөөндүн «Кочкор» деген аталышы соңку орто кылымдарга тиешелүү жазма маалыматтарында (мис., [[Тарих-и Рашиди]]) кезигет. Айрым изилдөөчүлөрдүн пикиринде бул топоним моңгол тилиндеги «хотгор» (айлана-тегерегин тоолор курчап, орто чени жазы тарткан ойдуң жер) деген сөздүн фонетикалык жагынан өзгөртүлүп айтылышы болуп эсептелет. Кочкор өрөөнүнүн орографиялык түзүлүшү да дал ушундай көрүнүшкө толук ылайык келет. Мындан тышкары райондун борбордунан [[Ысык-Көл көлү]]нүн тушуна чейинки [[Чүй суусу]] Кочкор суусу деп аталат. | ||
Район Ички Теңир-Тоодо жайгашкан. Көп бөлүгүн <i>Кочкор өрөөнү</i> ээлейт. Жери тоолуу. Түн. тарабында <i>Кыргыз Ала-Тоосу</i> (бийикт. 4000 <i>м</i>ге | Район Ички Теңир-Тоодо жайгашкан. Көп бөлүгүн <i>Кочкор өрөөнү</i> ээлейт. Жери тоолуу. Түн. тарабында <i>Кыргыз Ала-Тоосу</i> (бийикт. 4000 <i>м</i>ге | ||
чейин), батышында Жумгал, түштүгүндө Соң- Көл, Боор-Албас тоолору, алардын арасында бийик тоолуу Кочкор, Кара-Кужур ж-а Соң-Көл | чейин), батышында Жумгал, түштүгүндө Соң- Көл, Боор-Албас тоолору, алардын арасында бийик тоолуу Кочкор, Кара-Кужур ж-а Соң-Көл | ||
| 24 сап: | 25 сап: | ||
Райондо № 15-кесиптик лицей (700 окуучу, 77 инженер-пед. кадр), 29 жалпы билим берүүчү (а. и. 27 орто, 2 башталгыч) мектепте 13 313 окуучу билим алып, 1120 мугалим эмгектенген. Он беш мектепте компьютер класстары, 6 мек­тепте 5 гимназия, 1 лицей класстары, 6 бала бакча (анда 265 бала тарбияланат) бар. Спорт (536 окуучу), муз., жатак, менчик мектептер, 28 китепкана, 11 мад-т үйү, 9 клуб, борб. ра­йондук, 5 участкалык оорукана, 9 диспансер, | Райондо № 15-кесиптик лицей (700 окуучу, 77 инженер-пед. кадр), 29 жалпы билим берүүчү (а. и. 27 орто, 2 башталгыч) мектепте 13 313 окуучу билим алып, 1120 мугалим эмгектенген. Он беш мектепте компьютер класстары, 6 мек­тепте 5 гимназия, 1 лицей класстары, 6 бала бакча (анда 265 бала тарбияланат) бар. Спорт (536 окуучу), муз., жатак, менчик мектептер, 28 китепкана, 11 мад-т үйү, 9 клуб, борб. ра­йондук, 5 участкалык оорукана, 9 диспансер, | ||
17 ФАП, санитария-эпидемиол. станция, 14 үй­бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт (2001). Район­дук «Эмгек Туусу» гезити чыгат. Кочкор кыш­нда тарыхый-жер таануу музейи бар. Райондун аймагында <i>Кочкор шаар чалдыбары,</i> Туура-Суу коргону ж-а оймо-чиймелери, Алтын-Булак аска бетиндеги сүрөттөр сакталган. | 17 ФАП, санитария-эпидемиол. станция, 14 үй­бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт (2001). Район­дук «Эмгек Туусу» гезити чыгат. Кочкор кыш­нда тарыхый-жер таануу музейи бар. Райондун аймагында <i>Кочкор шаар чалдыбары,</i> Туура-Суу коргону ж-а оймо-чиймелери, Алтын-Булак аска бетиндеги сүрөттөр сакталган. | ||
Ад.: Исаев Д. Жер-суу аттарынын сыры (Загадки географических названий). Ф., 1977; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические надписи на Центральном Тянь-Шане. //Суяб. Ак-Бешим. Археологические экспедиции Государственного Эрмитажа. СПб., 2002; Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы. Б., 2003. | |||
[[Категория:4-том,_453-496_бб]] | [[Категория:4-том,_453-496_бб]] | ||
03:52, 4 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КОЧКОР РАЙОНУ – азыркы Нарын облусундагы административдик-аймактык бирдик. Алгач Тянь-Шань облусунун курамында 1930-жылы уюшулган. Түндүгүнөн Чүй, Ысык-Ата, түндүк-батышынан жана батышынан Жумгал, түштүгүнөн Нарын, чыгышынан жана түндүк-чыгышынан Тоң райондору менен чектешет. Аянты 6,4 миң км2. Калкы 58,3 миң (2009). Райондун аймагында 11 айыл өкмөтү, 31 кыштак бар. Борбору – Кочкор кыштагы.
Этимологиясы: жергиликтүү элдин ырастоолору боюнча Кочкор кыштагы XX кылымдын 30-жылдарынан мурун Кара-Коо (айтылышы Карагоо) деп аталып келген. Географиялык топоним катары алгач байыркы түрк дооруна таандык руникалык эстеликтеринде «Йарыш» деген аталыш менен белгилүү болгон. Ал эми өрөөндүн «Кочкор» деген аталышы соңку орто кылымдарга тиешелүү жазма маалыматтарында (мис., Тарих-и Рашиди) кезигет. Айрым изилдөөчүлөрдүн пикиринде бул топоним моңгол тилиндеги «хотгор» (айлана-тегерегин тоолор курчап, орто чени жазы тарткан ойдуң жер) деген сөздүн фонетикалык жагынан өзгөртүлүп айтылышы болуп эсептелет. Кочкор өрөөнүнүн орографиялык түзүлүшү да дал ушундай көрүнүшкө толук ылайык келет. Мындан тышкары райондун борбордунан Ысык-Көл көлүнүн тушуна чейинки Чүй суусу Кочкор суусу деп аталат.
Район Ички Теңир-Тоодо жайгашкан. Көп бөлүгүн Кочкор өрөөнү ээлейт. Жери тоолуу. Түн. тарабында Кыргыз Ала-Тоосу (бийикт. 4000 мге
чейин), батышында Жумгал, түштүгүндө Соң- Көл, Боор-Албас тоолору, алардын арасында бийик тоолуу Кочкор, Кара-Кужур ж-а Соң-Көл
өрөөндөрү жатат. Кен байлыктардан таш туздун, нефелиндүү сиениттин (Сандык кени) ж-а табигый курулуш материалдарынын кендери бар. Климаты континенттик. Январдын орт.
темп-расы –10°С, июлдуку 16,5°С (Кара-Кужурда январдыкы –12°С, июлдуку 16°С). Жылдык
жаан-чачыны Кочкор өрөөнүндө 190–200 мм, тоолордо ж-а Кара-Кужурда 400–500 мм. Ири
суулары: Кочкор, Жоон-Арык (куймалары: Сөөк, Каракол, Төлөк, Кара-Кужур). Ири көлү
– Соң-Көл; андан башка бир нече майда көл бар.
Райондун аймагында Орто-Токой суу сактагычы жайгашкан. Жарым чөлдүү. Кочкор ж-а Кара-Кужур өрөөндөрүнө боз, тоолоруна күрөң топурак мүнөздүү. Өсүмдүктөрдөн чий, шыбак, эрмен, ак кылкан, каз таңдай, буудайык, шимүүр, бетеге, козу кулак, доңуз сырты, арча ж. б. басымдуу. Өрөөндөрдөгү суу жээктеринде саздуу шалбаа, айрым жерде тал токойлору кездешет. Аймагында Кочкор мамл. зоология заказниги бар (к. Кочкор өрөөнү, Кара-Кужур
өрөөнү).
Калкы көп улуттуу, негизинен кыргыз (98,0%), о. эле орус, өзбек, дуңган, уйгур ж. б. жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2ге 8 киши.
Райондо мал чарбасы өнүккөн. Негизги тар-

магы – уяң жүндүү кой асыроо, о. эле эт багытындагы уй чарбасы. Райондо 2002-ж. 265 фермердик, 668 дыйкан, 47 жамааттык чарбалар, Кочкор асыл-тукум кой өстүрүү з-ду, Соң-Көл
«Асыл мал» з-ду, «Теңдик» үрөнчүлүк, «Соң-Көл
балыгы» чарбалары иштеген. «Агрохим» АК 1980-ж. а. ч. бирикмеси катары түзүлүп (1995- жылдан АК), дыйкан чарбаларына жер айдоо, эгин себүү, жыйноо, жер семирткич чачуу ж. б. кызматтарды көрсөтөт. Райондо 172767 кой, эчки, 24871 уй (а. и. сааны 15,6 миң), 16573 жылкы болгон. А. ч-га жарактуу жери 480,6 миң га, а. и. 29,7 миң гасы айдоо, 448,2 миң гасы жайыт болгон. Дан эгиндери 15 миң га, тоют өсүмдүктөрү 11,7 миң га, картөшкө 2500 га, жашылча 450 га. «Чоң-Туз» туз шахтасы, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамак-аш,
ө. ж. соода, ж. б. ишканалары бар. Райондун аймагы аркылуу Бишкек – Балыкчы – Нарын, Балыкчы – Кочкор – Чаек – Миң-Куш автомобиль жолдору өтөт.
Райондо № 15-кесиптик лицей (700 окуучу, 77 инженер-пед. кадр), 29 жалпы билим берүүчү (а. и. 27 орто, 2 башталгыч) мектепте 13 313 окуучу билим алып, 1120 мугалим эмгектенген. Он беш мектепте компьютер класстары, 6 мектепте 5 гимназия, 1 лицей класстары, 6 бала бакча (анда 265 бала тарбияланат) бар. Спорт (536 окуучу), муз., жатак, менчик мектептер, 28 китепкана, 11 мад-т үйү, 9 клуб, борб. райондук, 5 участкалык оорукана, 9 диспансер,
17 ФАП, санитария-эпидемиол. станция, 14 үйбүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт (2001). Райондук «Эмгек Туусу» гезити чыгат. Кочкор кышнда тарыхый-жер таануу музейи бар. Райондун аймагында Кочкор шаар чалдыбары, Туура-Суу коргону ж-а оймо-чиймелери, Алтын-Булак аска бетиндеги сүрөттөр сакталган.
Ад.: Исаев Д. Жер-суу аттарынын сыры (Загадки географических названий). Ф., 1977; Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические надписи на Центральном Тянь-Шане. //Суяб. Ак-Бешим. Археологические экспедиции Государственного Эрмитажа. СПб., 2002; Солтоноев Б. Кыргыз тарыхы. Б., 2003.