КОСТЮШКО: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОСТЮ́ШКО</b> Тадеуш Анжей Бонавентура (4. 2. 1746, Беларуссия, Брест | <b type='title'>КОСТЮ́ШКО</b> '''Тадеуш Анжей Бонавентура''' (4. 2. 1746, Беларуссия, Брест облусу, Ивацевич району, Меречёвщизна кыштагы – 15. 10. 1817, Швейцария, Золотурн, сөөгү Вавелага коюлган) – польша­лык саясий ж-а аскер ишмери. Варшавадагы рыцар мектебин (1769), Париждеги аскер акаде­миясын (1774) бүткөн. 1776-жылы АКШга кетип, Түндүк Америкадагы көз карандысыздык үчүн со­гушка (1775–83) катышкан. Саратоганын ал­дындагы салгылашта (1777) америкалыктарга жардам берип, Вест-Пойнт форту ж. б. корго­нуу курулуштарынын планын иштеп чыккан ж-а жетектеген, бригада генералы (1783) наамын алган. 1784-жылы Польшага кайтып келип, гене­рал-майор (1789), 1792-жылы орус аскерлерине кар­шы согушуп, генерал-лейтенант наамын алган. 1794-жылы Польша көтөрүлүшүнүн башталышы жөнүндө жарыялап, улуттук куралдуу күчтөрдү же­тектеп, Рацлавицанын алдындагы салгылашта орус аскерлерин талкалаган. 1794-жылы 10-октябр­да Мацеёвицтин алдындагы салгылашта жара­дар болуп, туткунга түшкөн. 1796-жылы орус пады­шасы Павел I Костюшкону (аны м-н 12 миң поляк) эр­киндикке чыгарган. Костюшко Россияга каршы күрөш­пөөгө ант берип, АКШга кеткен. 1798-жылы Париж­ге кайтып, өмүрүнүн акыркы жылдарын Швей­царияда өткөргөн. Костюшконун ысмы 1943-жылы СССРде түзүлгөн Польша аскеринин 1-жөө аскерлер дивизиясына ыйгарылган. Польшада, АКШда Костюшкого эстелик коюлган. Австралиядагы эң бийик тоо Костюшконун атынан аталган. | ||
Меречёвщизна | |||
Золотурн, сөөгү Вавелага коюлган) – польша­лык саясий ж-а аскер ишмери. Варшавадагы | |||
рыцар мектебин (1769), Париждеги аскер акаде­миясын (1774) бүткөн. 1776- | |||
жардам берип, Вест-Пойнт форту ж. б. корго­нуу курулуштарынын планын иштеп чыккан ж-а жетектеген, бригада генералы (1783) наамын алган. 1784- | |||
[[Категория:4-том,_453-496_бб]] | [[Категория:4-том,_453-496_бб]] | ||
05:17, 4 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы
КОСТЮ́ШКО Тадеуш Анжей Бонавентура (4. 2. 1746, Беларуссия, Брест облусу, Ивацевич району, Меречёвщизна кыштагы – 15. 10. 1817, Швейцария, Золотурн, сөөгү Вавелага коюлган) – польшалык саясий ж-а аскер ишмери. Варшавадагы рыцар мектебин (1769), Париждеги аскер академиясын (1774) бүткөн. 1776-жылы АКШга кетип, Түндүк Америкадагы көз карандысыздык үчүн согушка (1775–83) катышкан. Саратоганын алдындагы салгылашта (1777) америкалыктарга жардам берип, Вест-Пойнт форту ж. б. коргонуу курулуштарынын планын иштеп чыккан ж-а жетектеген, бригада генералы (1783) наамын алган. 1784-жылы Польшага кайтып келип, генерал-майор (1789), 1792-жылы орус аскерлерине каршы согушуп, генерал-лейтенант наамын алган. 1794-жылы Польша көтөрүлүшүнүн башталышы жөнүндө жарыялап, улуттук куралдуу күчтөрдү жетектеп, Рацлавицанын алдындагы салгылашта орус аскерлерин талкалаган. 1794-жылы 10-октябрда Мацеёвицтин алдындагы салгылашта жарадар болуп, туткунга түшкөн. 1796-жылы орус падышасы Павел I Костюшкону (аны м-н 12 миң поляк) эркиндикке чыгарган. Костюшко Россияга каршы күрөшпөөгө ант берип, АКШга кеткен. 1798-жылы Парижге кайтып, өмүрүнүн акыркы жылдарын Швейцарияда өткөргөн. Костюшконун ысмы 1943-жылы СССРде түзүлгөн Польша аскеринин 1-жөө аскерлер дивизиясына ыйгарылган. Польшада, АКШда Костюшкого эстелик коюлган. Австралиядагы эң бийик тоо Костюшконун атынан аталган.