КӨГАРТ (Кара-Кулжа районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

09:25, 16 Июнь (Кулжа) 2026 -га соңку нускасы

КӨГАРТ – Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы кыштак. Алайкуу айыл округуна караштуу. Сөөк ж-а Көгарт сууларынын кошулушундагы өтөктө, деңиз деңгээлинен 2400 м бийикте жайгашкан.
Райондун борбору Кара-Кулжа кыштагынан 120 км чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 208 км. Калкы 2747 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб бар.