БАНЬ ГУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАНЬ ГУ, ''' Б а н М э н Ц з я н ь (б. з. 32, Кытай, Фуфэн (азыркы Сяньян), Хан империясы – 92, Лоян) – байыркы кытай тарыхчысы. Кытайдын эзелки жыл баяны – «Цянь Хань Шу» («Эрте Хань династиясынын тарыхы») эмгегинин авторлорунун бири. Бул тарыхты атасы Бань Бяо баштап, бүтпөй калган. Б. Г. 52–82-ж. атасынан калган бул эмгекти андан ары уланткан, бирок ал дагы аягына чыга алган эмес. Жыл баянды Б. Г-нун карындашы Бань Чжао аяктаган. Б. Г. тарыхый чыгармалардын жаӊы жанры – бир династиянын бийлик жүргүзүү тарыхынын жазуу үлгүсүн баштап кеткен. Кытай м-н О. Азиянын б. з. ч. 206 – б. з. 9-ж. тарыхы баяндалган бул тарыхый чыгармадагы «Батыш өлкөлөр тууралуу аӊгеме» («Сиюй чжуань») аттуу бөлүгүндө каӊгүй, усун, хунндар ж-дө баалуу маалыматтар бар. Андагы маалыматтар б-ча б. з. ч. 1-к-да түн. хунндардын бийлик башчысы Чжичжи шанүй аскерлерин батышка (б. з. ч. 48-ж.), оболу усундарды, андан соӊ уцзуларды моюн сундурган. Шанүйдүн батышка жөнөткөн аскерлерине цзяньгундар (кыргыздар), динлиндер моюн сунууга аргасыз болушкан. Чжичжи шанүй багындырган үч ээлик (Уцзу, Цзяньгун, Динлин) ж-а ага баш ийген кыргыздар (цзяньгундар) Чжидеги (Турпан аймагы) батыш тарапта байырлашары ж-дө маалыматтар берилет. Хунндардын бийлиги начарлаган мезгилде кыргыздар өз мамлекеттүүлүгүн кайрадан калыбына келтире алышкан. Кытай жыл баяндарында кыргыз (цзяньгун), динлин, уцзулар жашаган аймактар «үч падышачылык» деп аталганы маалым. Б. з. ч. 56-ж. саясий көз карандысыздыкка жетишкен кыргыздар Чыгыш Теӊир-Тоону ыктай жашаган. Б. Г. кытай императору Миндин тапшырмасы б-ча бул эмгектен тышкары да бир нече тарыхый эмгектерди жазган. Ал 92-ж. аскер башчы Доу Сяндын жакын жардамчыларынын бири ж-а аскердик кеӊештин мүчөсү катары хунндарга каршы согушка катышкан. Согуш ийгиликсиз аяктагандыгына байланыштуу күнөөлүү деп саналгандарга Б. Г. да кошулуп, түрмөгө түшкөн ж-а ошол жерден дүйнөдөн кайткан.  
'''БАНЬ ГУ''', Б а н М э н Ц з я н ь (б. з. 32, Кытай, Фуфэн [азыркы Шэньси провинциясы, Сяньян шаары], Хан империясы – 92, Хэнань провинциясы, Лоян) – кытай тарыхчысы; «''Байыркы Хань династиясынын тарыхы''» («Цянь Хань Шу») аттуу тарыхый эмгектин автору. Алгач Чанъандагы (азыркы Сиань) Тайсюэ академиясынан билим алган. Император Мин-ди (57–75) Бань Гуну өзүнүн китепканасына катчы (линши) кылып дайындаган. Ал бул жерде Чэнь Цзун, Инь Мин, Мэн И менен бирдикте «Династияны негиздөөчүлөр тууралуу башкы баян» («Шицзу бэньцзи») аттуу хрониканы түзгөн. Император Чжан-ди (75–88) аны тез-тез чакыртып, үн чыгара китеп окуткан жана ага «сырдуу китептерди» (ми шу) окугандардын үстүнөн карай турган кызматка дайындаган. Ээлигин кыдырууга чыкканда император Бань Гуну жанына ала жүргөн, ошондой эле ''гунндар'' (хунн, сюнну) урууларына байланыштуу саясий талкууларга катыштырган. 89-жылы император Хэ-ди (88–106) гунндарга каршы аскер башчысы Доу Сянды жүрүшкө аттандырып, Бань Гуну башкы сакчылыкка (чжун-хуцзюнь) бекиткен. 92-жылы Доу Сянга императорго каршы дуба окуган деген шылтоо менен кызматтан алынып, өз жанын кыйган жана үй-бүлөсү, бир туугандары өлүм жазасына тартылган. Натыйжада Бань Гуга өч болуп жүргөн сарай кызматчыларынын бири аны Доу Сянга байланыштырып ушак тараткан. Ага ишенген император Бань Гуну түрмөгө каматкан. Ал бир жылга жетпей көз жумган. Бань Гу ар бир династиянын тарыхын өз-өзүнчө баяндаган жаңы тарыхый жанрга (дуань-дай ши) жол салган жана анын башкы чыгармасы алгач «Хань тарыхы» («Хань шу») деп аталып, 1034–1037-жылдардагы басмадан «Байыркы Хань династиясынын тарыхы» («Цянь Хань Шу») деген аталышта жарык көргөн. Анда Хань династиясынын 1-императору Лю Бандан (б. з. ч. 256 же 247 – б. з. ч. 195-жылдар) император Ван Манга (б. з. ч. 45 – б. з. 23-жылдары) чейинки 230 жылдай мезгил камтылган.
<br/>''О. Каратаев.''
 
Ад.: Синицын Е. П. Бань Гу – историк древнего Китая. М., 1975; Древнекитайская философия. Эпоха Хань. М., 1990.<br />''О. Каратаев.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

04:04, 4 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БАНЬ ГУ, Б а н М э н Ц з я н ь (б. з. 32, Кытай, Фуфэн [азыркы Шэньси провинциясы, Сяньян шаары], Хан империясы – 92, Хэнань провинциясы, Лоян) – кытай тарыхчысы; «Байыркы Хань династиясынын тарыхы» («Цянь Хань Шу») аттуу тарыхый эмгектин автору. Алгач Чанъандагы (азыркы Сиань) Тайсюэ академиясынан билим алган. Император Мин-ди (57–75) Бань Гуну өзүнүн китепканасына катчы (линши) кылып дайындаган. Ал бул жерде Чэнь Цзун, Инь Мин, Мэн И менен бирдикте «Династияны негиздөөчүлөр тууралуу башкы баян» («Шицзу бэньцзи») аттуу хрониканы түзгөн. Император Чжан-ди (75–88) аны тез-тез чакыртып, үн чыгара китеп окуткан жана ага «сырдуу китептерди» (ми шу) окугандардын үстүнөн карай турган кызматка дайындаган. Ээлигин кыдырууга чыкканда император Бань Гуну жанына ала жүргөн, ошондой эле гунндар (хунн, сюнну) урууларына байланыштуу саясий талкууларга катыштырган. 89-жылы император Хэ-ди (88–106) гунндарга каршы аскер башчысы Доу Сянды жүрүшкө аттандырып, Бань Гуну башкы сакчылыкка (чжун-хуцзюнь) бекиткен. 92-жылы Доу Сянга императорго каршы дуба окуган деген шылтоо менен кызматтан алынып, өз жанын кыйган жана үй-бүлөсү, бир туугандары өлүм жазасына тартылган. Натыйжада Бань Гуга өч болуп жүргөн сарай кызматчыларынын бири аны Доу Сянга байланыштырып ушак тараткан. Ага ишенген император Бань Гуну түрмөгө каматкан. Ал бир жылга жетпей көз жумган. Бань Гу ар бир династиянын тарыхын өз-өзүнчө баяндаган жаңы тарыхый жанрга (дуань-дай ши) жол салган жана анын башкы чыгармасы алгач «Хань тарыхы» («Хань шу») деп аталып, 1034–1037-жылдардагы басмадан «Байыркы Хань династиясынын тарыхы» («Цянь Хань Шу») деген аталышта жарык көргөн. Анда Хань династиясынын 1-императору Лю Бандан (б. з. ч. 256 же 247 – б. з. ч. 195-жылдар) император Ван Манга (б. з. ч. 45 – б. з. 23-жылдары) чейинки 230 жылдай мезгил камтылган.

Ад.: Синицын Е. П. Бань Гу – историк древнего Китая. М., 1975; Древнекитайская философия. Эпоха Хань. М., 1990.
О. Каратаев.