БАНТУЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАНТУЛАР ''' – Түш. Африкада жашаган элдердин тобу. Жалпы саны 200 млн адам (2020). Б. бир нече этностук топко (руанда, макуа, конго, шона, рунди, малави, зулу, коса, луба, кикуйю ж. б.) бөлүнүп, Африканын аймагындагы Сахаранын түштүгүндө жашашат. Бенуэ-конго тобундагы банту тилинде сүйлөшөт. Дини – христиан ж-а мусулман-сунниттер. Лингвисттердин ж-а археологдордун божомолдоруна караганда азыркы Б-дын ата-бабалары Камерун аймактарындагы тропиктик токой зонасында жашаган байыркы элдерден. Миграция мезгилинде Б. жерг. элдер – аӊчылар ж-а жыйноочулар (токой зонасындагы пигмейлер, Чыгыш ж-а Түш.-Батыш Африканын саванналарындагы койсан элдеринин ата-бабалары) м-н ассимиляцияланган. Миграция айрым топтордо 19-к-дын ортосуна чейин улантылган. Б. дыйканчылык ж-а мал чарбачылык м-н кесиптенишкен. 19-к-да пил сөөгүнө талаптар көбөйгөндүгүнө байланыштуу аӊчылык, мындан тышкары токой балчылыгы да кошумча кесип катары маанилүү роль ойногон. Алар колониялаштыруу мезгилине чейин эле металл (жез, темир, алтын ж. б.) эритүүнү, иштетүүнү билишкен ж-а жыгачтан, сөөктөн буюмдарды көркөмдөп жасашкан. Дубалы сокмо ыкмасы м-н тургузулуп, сырты ылай шыбак, чатыры пальма жалбырактары м-н жабылган, айрым жерлерде төрт бурчтуу салынган үйлөрдө жашашкан. Кийим ордуна Б. белден ылдый тери же жазы жалбырактарды жамынышкан. 19-к-дан баштап Б-да европ. үлгүдөгү кийимдер кеӊири тараган.
'''БАНТУЛАР ''' – Түштүк Африкада жашаган элдердин тобу. Жалпы саны 200 млн адам (2020). Бантулар бир нече этностук топко (руанда, макуа, конго, шона, рунди, малави, зулу, коса, луба, кикуйю ж. б.) бөлүнүп, Африканын аймагындагы Сахаранын түштүгүндө жашашат. Бенуэ-конго тобундагы банту тилинде сүйлөшөт. Дини – христиан жана мусулман-сунниттер. Лингвисттердин жана археологдордун божомолдоруна караганда азыркы Бантулардын ата-бабалары Камерун аймактарындагы тропиктик токой зонасында жашаган байыркы элдерден. Миграция мезгилинде Бантулар жергиликтүү элдер – аӊчылар жана жыйноочулар (токой зонасындагы пигмейлер, Чыгыш жана Түштүк-Батыш Африканын саванналарындагы койсан элдеринин ата-бабалары) менен ассимиляцияланган. Миграция айрым топтордо 19-кылымдын ортосуна чейин улантылган. Бантулар дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишкен. 19-кылымда пил сөөгүнө талаптар көбөйгөндүгүнө байланыштуу аӊчылык, мындан тышкары токой балчылыгы да кошумча кесип катары маанилүү роль ойногон. Алар колониялаштыруу мезгилине чейин эле металл (жез, темир, алтын ж. б.) эритүүнү, иштетүүнү билишкен жана жыгачтан, сөөктөн буюмдарды көркөмдөп жасашкан. Дубалы сокмо ыкмасы менен тургузулуп, сырты ылай шыбак, чатыры пальма жалбырактары менен жабылган, айрым жерлерде төрт бурчтуу салынган үйлөрдө жашашкан. Кийим ордуна Бантулар белден ылдый тери же жазы жалбырактарды жамынышкан. 19-кылымдан баштап Бантуларда европалык үлгүдөгү кийимдер кеӊири тараган.<br/>''Ш. Керимова''<br/>
<br/>''Ш. Керимова''
<br/>
[[File:БАНТУЛАР4.png | thumb | none]]
[[File:БАНТУЛАР4.png | thumb | none]]
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:15, 4 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БАНТУЛАР – Түштүк Африкада жашаган элдердин тобу. Жалпы саны 200 млн адам (2020). Бантулар бир нече этностук топко (руанда, макуа, конго, шона, рунди, малави, зулу, коса, луба, кикуйю ж. б.) бөлүнүп, Африканын аймагындагы Сахаранын түштүгүндө жашашат. Бенуэ-конго тобундагы банту тилинде сүйлөшөт. Дини – христиан жана мусулман-сунниттер. Лингвисттердин жана археологдордун божомолдоруна караганда азыркы Бантулардын ата-бабалары Камерун аймактарындагы тропиктик токой зонасында жашаган байыркы элдерден. Миграция мезгилинде Бантулар жергиликтүү элдер – аӊчылар жана жыйноочулар (токой зонасындагы пигмейлер, Чыгыш жана Түштүк-Батыш Африканын саванналарындагы койсан элдеринин ата-бабалары) менен ассимиляцияланган. Миграция айрым топтордо 19-кылымдын ортосуна чейин улантылган. Бантулар дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишкен. 19-кылымда пил сөөгүнө талаптар көбөйгөндүгүнө байланыштуу аӊчылык, мындан тышкары токой балчылыгы да кошумча кесип катары маанилүү роль ойногон. Алар колониялаштыруу мезгилине чейин эле металл (жез, темир, алтын ж. б.) эритүүнү, иштетүүнү билишкен жана жыгачтан, сөөктөн буюмдарды көркөмдөп жасашкан. Дубалы сокмо ыкмасы менен тургузулуп, сырты ылай шыбак, чатыры пальма жалбырактары менен жабылган, айрым жерлерде төрт бурчтуу салынган үйлөрдө жашашкан. Кийим ордуна Бантулар белден ылдый тери же жазы жалбырактарды жамынышкан. 19-кылымдан баштап Бантуларда европалык үлгүдөгү кийимдер кеӊири тараган.
Ш. Керимова