БАРА-АЛБАС ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАРА-А́ЛБАС ӨРӨӨНҮ ''' Борб. Теӊир-Тоодо, Ак-Шыйрак суусунун алабында. Батышынан ж-а түндүгүнөн Борколдой, түштүгүнөн Боз-Жалпак, Ак-Зоо тоолору м-н чектешет. Уз. 63 ''км'' (Кайчы суусунун чатына чейин), жазы жери 2 ''км.'' Деӊиз деӊг. бийикт. 2900–3700 ''м,'' курчап жаткан тоолордун салыштырмалуу бийикт. 300–900 ''м.'' Өрөөндүн башы эки айрыкка бөлүнөт: сол айрыгы Ыштык өрөөнү деп аталат, анын башында Ыштык ашуусу бар (3689 ''м'' бийиктикте). Өрөөндө байыркы мөӊгүнүн таасиринен пайда болгон рельефтин формалары басымдуу. Баш жагында уз. 20 ''км'' келген тепши сымал өрөөн, андан төмөн өрөөн кеӊейип, 6 тектирден турат. Бикиртик ж-а Кайчы сууларынын чаттарынын аралыгында (12 ''км''ге) өрөөн кууштап, тереӊ (800–1000 ''м'') капчыгай аркылуу Ак-Шыйрак өрөөнүнө чыгат. Төмөн жагында жапыз адырлары бар. Климаты континенттик, суук. Январдын орт. темп-расы –20...–21°С, июлдуку 4–5°С. Жылдык жаан-чачыны 300–350 ''мм.'' Өрөөнгө субальп, альп шалбаасы ж-а шалбаалуу талаасы (3400 ''м'' бийиктикке чейин), андан жогору субнивалдык ландшафттары мүнөздүү.
'''БАРА-А́ЛБАС ӨРӨӨНҮ ''' Борбордук Теӊир-Тоодо, Ак-Шыйрак суусунун алабында. Батышынан жана түндүгүнөн Борколдой, түштүгүнөн Боз-Жалпак, Ак-Зоо тоолору менен чектешет. Узундугу 63 ''км'' (Кайчы суусунун чатына чейин), жазы жери 2 ''км.'' Деӊиз деӊгээлинен бийиктиги 2900–3700 ''м,'' курчап жаткан тоолордун салыштырмалуу бийиктиги 300–900 ''м.'' Өрөөндүн башы эки айрыкка бөлүнөт: сол айрыгы Ыштык өрөөнү деп аталат, анын башында Ыштык ашуусу бар (3689 ''м'' бийиктикте). Өрөөндө байыркы мөӊгүнүн таасиринен пайда болгон рельефтин формалары басымдуу. Баш жагында узундугу 20 ''км'' келген тепши сымал өрөөн, андан төмөн өрөөн кеӊейип, 6 тектирден турат. Бикиртик жана Кайчы сууларынын чаттарынын аралыгында (12 ''км''ге) өрөөн кууштап, тереӊ (800–1000 ''м'') капчыгай аркылуу Ак-Шыйрак өрөөнүнө чыгат. Төмөн жагында жапыз адырлары бар. Климаты континенттик, суук. Январдын орточо температурасы –20...–21°С, июлдуку 4–5°С. Жылдык жаан-чачыны 300–350 ''мм.'' Өрөөнгө субальп, альп шалбаасы жана шалбаалуу талаасы (3400 ''м'' бийиктикке чейин), андан жогору субнивалдык ландшафттары мүнөздүү.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

09:15, 4 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БАРА-А́ЛБАС ӨРӨӨНҮ Борбордук Теӊир-Тоодо, Ак-Шыйрак суусунун алабында. Батышынан жана түндүгүнөн Борколдой, түштүгүнөн Боз-Жалпак, Ак-Зоо тоолору менен чектешет. Узундугу 63 км (Кайчы суусунун чатына чейин), жазы жери 2 км. Деӊиз деӊгээлинен бийиктиги 2900–3700 м, курчап жаткан тоолордун салыштырмалуу бийиктиги 300–900 м. Өрөөндүн башы эки айрыкка бөлүнөт: сол айрыгы Ыштык өрөөнү деп аталат, анын башында Ыштык ашуусу бар (3689 м бийиктикте). Өрөөндө байыркы мөӊгүнүн таасиринен пайда болгон рельефтин формалары басымдуу. Баш жагында узундугу 20 км келген тепши сымал өрөөн, андан төмөн өрөөн кеӊейип, 6 тектирден турат. Бикиртик жана Кайчы сууларынын чаттарынын аралыгында (12 кмге) өрөөн кууштап, тереӊ (800–1000 м) капчыгай аркылуу Ак-Шыйрак өрөөнүнө чыгат. Төмөн жагында жапыз адырлары бар. Климаты континенттик, суук. Январдын орточо температурасы –20...–21°С, июлдуку 4–5°С. Жылдык жаан-чачыны 300–350 мм. Өрөөнгө субальп, альп шалбаасы жана шалбаалуу талаасы (3400 м бийиктикке чейин), андан жогору субнивалдык ландшафттары мүнөздүү.