БАТЫЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАТЫЙ, ''' Б а т у, С а и н х а н (1208) – монгол ханы. ''Жучунун'' экинчи баласы, ''Чынгыз хандын'' небереси. Атасы каза болгондон кийин Батый анын жерлерин ээлеп калат, кийин Чынгыз хан аны ''Жучу улусуна'' хан кылып дайындайт (1227). Россия ж-а Чыгыш Европага жасаган жүрүштүн уюштуруучуларынын бири (1236–41). Кыпчак талаасы м-н Русту каратып (1236), Чыгыш Европага жортуул жасайт. Чыгыш Европа (Польша, Чехия, Венгрия, Далмация) элдеринин ж-а тылдагы орус элинин каршылык көрсөтүүлөрү аны шашылыш чегинүүгө аргасыз кылган. 1241-ж. ''Үгөдөй'' хандын өлгөндүгүн угуп, Батышка жасаган жүрүшүн токтотот да, улуу ханды шайлоого катышуу үчүн Монголияга кайтып келет. 1243-ж. Б. Волганын төмөнкү агымында борбору Сарай-Бату болгон ''Алтын Ордо'' мамлекетин негиздейт. Анын аймагы Иртыштан Дунайга, Уралдын түштүгүнөн Түн. Кавказга чейин созулган. Б. Монгол империясындагы төӊкөрүшкө катышкан (1251) ж-а Муӊкенин улуу империяга хан болушуна чоӊ көмөк көрсөткөн.
'''БАТЫЙ, ''' Б а т у, С а и н х а н (1208) – монгол ханы. ''Жучунун'' экинчи баласы, ''Чынгыз хандын'' небереси. Атасы каза болгондон кийин Батый анын жерлерин ээлеп калат, кийин Чынгыз хан аны ''Жучу улусуна'' хан кылып дайындайт (1227). Россия жана Чыгыш Европага жасаган жүрүштүн уюштуруучуларынын бири (1236–41). Кыпчак талаасы менен Русту каратып (1236), Чыгыш Европага жортуул жасайт. Чыгыш Европа (Польша, Чехия, Венгрия, Далмация) элдеринин жана тылдагы орус элинин каршылык көрсөтүүлөрү аны шашылыш чегинүүгө аргасыз кылган. 1241-жылы ''Үгөдөй'' хандын өлгөндүгүн угуп, Батышка жасаган жүрүшүн токтотот да, улуу ханды шайлоого катышуу үчүн Монголияга кайтып келет. 1243-ж. Батый Волганын төмөнкү агымында борбору Сарай-Бату болгон ''Алтын Ордо'' мамлекетин негиздейт. Анын аймагы Иртыштан Дунайга, Уралдын түштүгүнөн Түндүк Кавказга чейин созулган. Батый Монгол империясындагы төӊкөрүшкө катышкан (1251) жана Муӊкенин улуу империяга хан болушуна чоӊ көмөк көрсөткөн.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:36, 11 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БАТЫЙ, Б а т у, С а и н х а н (1208) – монгол ханы. Жучунун экинчи баласы, Чынгыз хандын небереси. Атасы каза болгондон кийин Батый анын жерлерин ээлеп калат, кийин Чынгыз хан аны Жучу улусуна хан кылып дайындайт (1227). Россия жана Чыгыш Европага жасаган жүрүштүн уюштуруучуларынын бири (1236–41). Кыпчак талаасы менен Русту каратып (1236), Чыгыш Европага жортуул жасайт. Чыгыш Европа (Польша, Чехия, Венгрия, Далмация) элдеринин жана тылдагы орус элинин каршылык көрсөтүүлөрү аны шашылыш чегинүүгө аргасыз кылган. 1241-жылы Үгөдөй хандын өлгөндүгүн угуп, Батышка жасаган жүрүшүн токтотот да, улуу ханды шайлоого катышуу үчүн Монголияга кайтып келет. 1243-ж. Батый Волганын төмөнкү агымында борбору Сарай-Бату болгон Алтын Ордо мамлекетин негиздейт. Анын аймагы Иртыштан Дунайга, Уралдын түштүгүнөн Түндүк Кавказга чейин созулган. Батый Монгол империясындагы төӊкөрүшкө катышкан (1251) жана Муӊкенин улуу империяга хан болушуна чоӊ көмөк көрсөткөн.