БАТЫШ САЯН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАТЫШ САЯ́Н ''' [монголчо саган – ак же сойон (азыркы тува) уруусунун атынан] – Түш. Сибирдеги тоо системасы, Краснояр крайы м-н Тува Респ-нда. Кичи Абакан д-нын жогорку агымынан ''Чыгыш Саянга'' ашташкан жерине (Казыр ж-а Уда д-нын башаттары тушка) чейин 600 ''км''ге созулат. Түндүктө Минуса өрөөнүнө тик түшөт, түштүктө Тува өрөөнү м-н чектешет. Б. С. бүктөлүү структурасы түн.-чыгышка карай созулуп, синклиналдар м-н бөлүнгөн эки антиклинорийден турат. Коледон бүктөлүүсүндө көтөрүлгөн. Кен байлыктары: темир ж-а жез кобальт, никель, хром, коргошун, цинк, молибден, асбест. Б. С. дарыя өрөөндөрү м-н тилмеленген салыштырмалуу кууш ж-а арсак-терсек кырлуу кырка тоолор системасынан турат. Көбүнө орто бийик тоо рельефи мүнөздүү. Бийик тоо рельефине Саян кырка тоосунун суу бөлгүчү, Кызыл-Тайга массиви (бийикт. 3121 ''м'', Б. С-дын эӊ бийик жери), о. эле Ергак кырка тоосу ж. б. кирет. Түштүгүндө тоо аралык өрөөндөр (Ус, Туран-Уюк) бар. Климаты кескин континенттик, кышы узак ж-а суук, жайы кыска ж-а салкын. Дарыялары Енисейдин алабына кирет; ирилери: Абакан, Кантегир, Алаш, Ус, Уюк Кедр, көк карагай ж-а карагайлуу күӊүрт ийне жалбырактуу тайга ландшафты басымдуу; анын жогорку чегине жакын (1500–1800 ''м'' бийиктикте) кедр ж-а кызыл карагайлуу сейрек токой өсөт. Кырка тоолордун түш. капталдарын тоо-токойлуу талаа, түш. каптал экспозицияларын талаа өсүмдүктөрү, түн. каптал экспозицияларын кызыл карагайлуу парк токою ээлейт. Бийик тоолорго тоо тундрасы, субальп ж-а альп шалбаасы, корумдар мүнөздүү. Б. С. аркылуу Абакан – Кызыл (Ус жолу) ж-а Абаза – Ак-Довурак автомобиль жолдору өтөт.
'''БАТЫШ САЯ́Н ''' [монголчо саган – ак же сойон (азыркы тува) уруусунун атынан] – Түштүк Сибирдеги тоо системасы, Краснояр крайы менен Тува Республикасында. Кичи Абакан дарыясынын жогорку агымынан ''Чыгыш Саянга'' ашташкан жерине (Казыр жана Уда дарыяларынын башаттары тушка) чейин 600 ''км''ге созулат. Түндүктө Минуса өрөөнүнө тик түшөт, түштүктө Тува өрөөнү менен чектешет. Батыш Саян бүктөлүү структурасы түндүк-чыгышка карай созулуп, синклиналдар менен бөлүнгөн эки антиклинорийден турат. Коледон бүктөлүүсүндө көтөрүлгөн. Кен байлыктары: темир жана жез кобальт, никель, хром, коргошун, цинк, молибден, асбест. Батыш Саян дарыя өрөөндөрү менен тилмеленген салыштырмалуу кууш жана арсак-терсек кырлуу кырка тоолор системасынан турат. Көбүнө орто бийик тоо рельефи мүнөздүү. Бийик тоо рельефине Саян кырка тоосунун суу бөлгүчү, Кызыл-Тайга массиви (бийиктиги 3121 ''м'', Батыш Саяндын эӊ бийик жери), ошондой эле Ергак кырка тоосу ж. б. кирет. Түштүгүндө тоо аралык өрөөндөр (Ус, Туран-Уюк) бар. Климаты кескин континенттик, кышы узак жана суук, жайы кыска жана салкын. Дарыялары Енисейдин алабына кирет; ирилери: Абакан, Кантегир, Алаш, Ус, Уюк Кедр, көк карагай жана карагайлуу күӊүрт ийне жалбырактуу тайга ландшафты басымдуу; анын жогорку чегине жакын (1500–1800 ''м'' бийиктикте) кедр жана кызыл карагайлуу сейрек токой өсөт. Кырка тоолордун түштүк капталдарын тоо-токойлуу талаа, түштүк каптал экспозицияларын талаа өсүмдүктөрү, түндүк каптал экспозицияларын кызыл карагайлуу парк токою ээлейт. Бийик тоолорго тоо тундрасы, субальп жана альп шалбаасы, корумдар мүнөздүү. Батыш Саян аркылуу Абакан – Кызыл (Ус жолу) жана Абаза – Ак-Довурак автомобиль жолдору өтөт.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:21, 11 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БАТЫШ САЯ́Н [монголчо саган – ак же сойон (азыркы тува) уруусунун атынан] – Түштүк Сибирдеги тоо системасы, Краснояр крайы менен Тува Республикасында. Кичи Абакан дарыясынын жогорку агымынан Чыгыш Саянга ашташкан жерине (Казыр жана Уда дарыяларынын башаттары тушка) чейин 600 кмге созулат. Түндүктө Минуса өрөөнүнө тик түшөт, түштүктө Тува өрөөнү менен чектешет. Батыш Саян бүктөлүү структурасы түндүк-чыгышка карай созулуп, синклиналдар менен бөлүнгөн эки антиклинорийден турат. Коледон бүктөлүүсүндө көтөрүлгөн. Кен байлыктары: темир жана жез кобальт, никель, хром, коргошун, цинк, молибден, асбест. Батыш Саян дарыя өрөөндөрү менен тилмеленген салыштырмалуу кууш жана арсак-терсек кырлуу кырка тоолор системасынан турат. Көбүнө орто бийик тоо рельефи мүнөздүү. Бийик тоо рельефине Саян кырка тоосунун суу бөлгүчү, Кызыл-Тайга массиви (бийиктиги 3121 м, Батыш Саяндын эӊ бийик жери), ошондой эле Ергак кырка тоосу ж. б. кирет. Түштүгүндө тоо аралык өрөөндөр (Ус, Туран-Уюк) бар. Климаты кескин континенттик, кышы узак жана суук, жайы кыска жана салкын. Дарыялары Енисейдин алабына кирет; ирилери: Абакан, Кантегир, Алаш, Ус, Уюк Кедр, көк карагай жана карагайлуу күӊүрт ийне жалбырактуу тайга ландшафты басымдуу; анын жогорку чегине жакын (1500–1800 м бийиктикте) кедр жана кызыл карагайлуу сейрек токой өсөт. Кырка тоолордун түштүк капталдарын тоо-токойлуу талаа, түштүк каптал экспозицияларын талаа өсүмдүктөрү, түндүк каптал экспозицияларын кызыл карагайлуу парк токою ээлейт. Бийик тоолорго тоо тундрасы, субальп жана альп шалбаасы, корумдар мүнөздүү. Батыш Саян аркылуу Абакан – Кызыл (Ус жолу) жана Абаза – Ак-Довурак автомобиль жолдору өтөт.