БАШКЫРТСТАН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БАШКЫРТСТАН''' , Б а ш к ы р т Р е с п у б л и к а с ы – Россия Федерациясындагы субъект. Волга бою Федерация округунун курамында. Аянты 143,6 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Калкы 4,2 млн (2021); негизинен башкырттар, орус, татар ж.б. улут өкүлдөрү жашайт. Адм.-айм. жактан 54 районго, 21 шаарга, 40 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Уфа ш. Шаар калкы 64,8%. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Мамл. чогулуш (Өкүлдөр ж-а Мыйзам чыгаруу палаталарынан турат). Республиканын мамлекет башчысы – президент. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт (Министрлер Совети) ишке ашырат. Чыгыш Европа түздүгүнүн четки чыгыш бөлүгүндө, Урал өндүрүндө ж-а Түш. Уралдын капталында (бийикт. 1640 ''м''ге чейин; Жаман-Тоо чокусу) жайгашкан. Чыгышында Уралдын түш. кырка тоолору (бийикт. 1000–1500 ''м''), түн.-чыгышында Уфа бөксө тоосу (бийикт. 500 ''м''), түш.-батышында Бугульма-Белебей дөӊсөөсү (бийикт. 450 ''м''), түштүгүндө Жалпы Сырт тармактары жатат. Жаратылыш газы, көмүр, туз, чыгышында темир кени, жез, цинк, алтын казылып алынат. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы –14… –17°Сге чейин, июлдуку 16–20°С, жылдык жаан-чачыны 300–600 ''мм''. Ири дарыялары: Ак-Идил, Уфа. Чымдак күл ж-а боз токой топурактуу. Аймагынын 40%ин токой ээлейт. Түндүгүнө аралаш, ийне жалбырактуу тоо токой, токойлуу талаа мүнөздүү, талаа зонасынын көп бөлүгү айдалган. Башкырт коругу уюшулган.  
'''БАШКЫРТСТАН''' , Б а ш к ы р т Р е с п у б л и к а с ы – Россия Федерациясындагы субъект. Волга бою Федерация округунун курамында. Аянты 143,6 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Калкы 4,2 млн (2021); негизинен башкырттар, орус, татар ж.б. улут өкүлдөрү жашайт. Административдик-аймактык жактан 54 районго, 21 шаарга, 40 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Уфа шаары. Шаар калкы 64,8%. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Мамлеккеттик чогулуш (Өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу палаталарынан турат). Республиканын мамлекет башчысы – президент. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт (Министрлер Совети) ишке ашырат. Чыгыш Европа түздүгүнүн четки чыгыш бөлүгүндө, Урал өндүрүндө жана Түштүк Уралдын капталында (бийиктиги 1640 ''м''ге чейин; Жаман-Тоо чокусу) жайгашкан. Чыгышында Уралдын түштүк кырка тоолору (бийиктиги 1000–1500 ''м''), түндүк-чыгышында Уфа бөксө тоосу (бийиктиги 500 ''м''), түштүк-батышында Бугульма-Белебей дөӊсөөсү (бийиктиги 450 ''м''), түштүгүндө Жалпы Сырт тармактары жатат. Жаратылыш газы, көмүр, туз, чыгышында темир кени, жез, цинк, алтын казылып алынат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –14… –17°Сге чейин, июлдуку 16–20°С, жылдык жаан-чачыны 300–600 ''мм''. Ири дарыялары: Ак-Идил, Уфа. Чымдак күл жана боз токой топурактуу. Аймагынын 40%ин токой ээлейт. Түндүгүнө аралаш, ийне жалбырактуу тоо токой, токойлуу талаа мүнөздүү, талаа зонасынын көп бөлүгү айдалган. Башкырт коругу уюшулган. <br/>Башкыртстандын аймагында байыркы адамдар палеолитте эле отурукташкан. Б. з. 4-кылымынан Батыш Башкыртстанга түштүк талаалуу аймактардан көчмөн уруулар келе баштаган. 9–10-кылымдардагы араб жазма булактарында башкырттар «башгирд» («башгурт) деген ат менен аталган. 9–10-кылымдарда башкырттар Урал тоосунун этектерин, Волга жана Яик дарыяларынын өрөөндөрүн мекендешкен. 10–13-кылымдарда Башкыртстан Волга-Камалык Болгария мамлекетине баш ийген. Башкырттар алгач бутпарастар болсо, 10-к-ылымдан тартып Волга-Камалык Болгариядан Батыш Башкыртстанга ислам дини таркай баштайт. 1229-жылы Башкыртстанга монголдор басып кирип, 1236-жылы толук каратылган. Башкыртстан ''Батыйдын'' агасы Шейбанинин улусуна кирген. 15-кылымдын 2-жарымында ''Алтын Ордо'' мамлекети бир нече хандыктарга бөлүнүп кеткен соӊ, түштүк жана түштүк-чыгыш Башкыртстан Ногой Ордосунун курамына, батышы Казан, түндүк-чыгышы Сибирь хандыктарынын курамына кирген. Орус аскерлери Казанды ээлеп, Казан хандыгы жоюлгандан (1552) кийин, падыша Иван IV Грозный хандыктын карамагындагы элдерди орус букаралыгына өтүүгө жана Орус мамлекетине салык төлөөгө чакырган. 1557-жылы Башкыртстандын көпчүлүк бөлүгү Россиянын курамына кирип, калгандары 16-кылымдын аягы – 17-кылымдын башында кошулушкан. 16-кылымда башкырт элинин калыптануусу аяктаган. 17-кылымдын 2-жарымы – 18-кылымдын ортосундагы башкырттардын бир нече жолку (1662–64, 1681–83, 1704–11, 1735–40, 1755 ж. б.) көтөрүлүштөрү падышалык өкмөт тарабынан аёосуз басылган. Бул окуялар тарыхка 17–18-кылымдардагы башкырт көтөрүлүштөрү деген ат менен кирген. 1744-жылдан Башкыртстан Оренбург губерниясынын (Уфа жана Исет провинциялары) карамагына кирген. 1865-жылы өз алдынча Уфа губерниясы түзүлгөн. Россия империясы тарабынан жүргүзүлгөн орусташтыруу саясаты 19-кылымдын башталышында кайрадан элдик толкундоолорго алып келген. 1917-жылы 26-октябрда (8-ноябрь) Уфада Совет бийлиги орнотулган. 1919-жылы 20-мартта борбору Стерлитамак шаары болгон РСФСРдин курамындагы алгачкы автономиялуу республика болуп, 1922-жылы 14-июнда борбору Уфа шаары болгон Чоӊ Башкыртстан Республикасы түзүлгөн. 1925-жылы Башкырт АССРинин алгачкы Конституциясы, 1937-жылы жаӊы Конституциясы кабыл алынган. 1937–90-жылдардын аралыгында Башкыртстандын социалдык-экономикалык, саясий өнүгүүсүндө бир топ өзгөрүүлөр болгон. Завод-фабрикалардын саны өсүп, республика өнүгүүнүн жаӊы деӊгээлине көтөрүлдү. 1990-жылы Башкириянын статусун союздук республикаларга теӊөө үчүн күрөш башталып, Башкирия АССРи Башкыртстан болуп кайра түзүлдү. 1990-жылы октябрда Башкырт ССРинин мамлекеттик суверенитети тууралуу декларациясы кабыл алынды. 1992-жылдын февралынан Башкырт Республикасы деп аталууда. <br/>Өнөр жайынын негизги тармагы: нефть казып алуу, нефть ажыратуу, нефть-химия. Ошондой эле машина куруу (нефть өнөр жайы үчүн аппаратура, химия өнөр жайы үчүн жабдуу, станок, мотор, электр-техникалары), металл иштетүү, кара металлургия, курулуш материалдар өндүрүшү, жыгаччылык, жеӊил, тамак-аш өнөр жайлары иштейт. Негизги өнөр жай борборлору: Уфа, Стерлитамак, Салават, Ишимбай. Айыл чарбасы дан эгин жана мал чарба продуктуларын чыгарууга адистешкен. Дан эгиндери (буудай, кара буудай, сулу, арпа), техникалык өсүмдүктөр (кант кызылча, күн карама), картошка жана жашылча айдалат. Багбанчылык өнүккөн. Мал чарбасы сүт-эт (уй, чочко), эт-жүн (кой) багытында. Үй куштары багылат. Аары чарбасы бар. Туймазы – Уфа, Ишимбай – Уфа, Ишимбай – Орск ж. б. нефть жана газ куурлары курулган. Акидил жана Уфа дарыяларында кеме жүрөт. Курорттору: Аксаково, Жанган-Тоо, Алкино, Шафранов, Юматов, Яктыкөл ж. б. Илимий-изилдөө институттары, университет ж. б. окуу жайлары бар. Опера жана балет (1938), драма театрлары, музыкалык окуу жайлары, филармония, консерватория, музей иштейт.<br/>Ад.: История Башкирской советской литературы. М., 1977; ''Балков В. А.'' Водные ресурсы Башкирии. Уфа, 1978; ''Фаткуллин Р. А.'' Природные условия Башкортостана. Уфа, 1994; Башкортостан: Краткая энциклопедия. Уфа, 1996; История Башкортостана с древнейших времён до наших дней. Уфа, 2004.
<br/>Б-дын аймагында байыркы адамдар палеолитте эле отурукташкан. Б. з. 4-к-нан Батыш Б-га түш. талаалуу аймактардан көчмөн уруулар келе баштаган. 9–10-к-дагы араб жазма булактарында башкырттар «башгирд» («башгурт) деген ат м-н аталган. 9–10-к-да башкырттар Урал тоосунун этектерин, Волга ж-а Яик д-нын өрөөндөрүн мекендешкен. 10–13-к-да Б. Волга-Камалык Болгария мамлекетине баш ийген. Башкырттар алгач бутпарастар болсо, 10-к-дан тартып Волга-Камалык Болгариядан Батыш Б-га ислам дини таркай баштайт. 1229-ж. Б-га монголдор басып кирип, 1236-ж. толук каратылган. Б. ''Батыйдын'' агасы Шейбанинин улусуна кирген. 15-к-дын 2-жарымында ''Алтын Ордо'' мамлекети бир нече хандыктарга бөлүнүп кеткен соӊ, түш. ж-а түш.-чыгыш Б. Ногой Ордосунун курамына, батышы Казан, түн.-чыгышы Сибирь хандыктарынын курамына кирген. Орус аскерлери Казанды ээлеп, Казан хандыгы жоюлгандан (1552) кийин, падыша Иван IV Грозный хандыктын карамагындагы элдерди орус букаралыгына өтүүгө ж-а Орус мамлекетине салык төлөөгө чакырган. 1557-ж. Б-дын көпчүлүк бөлүгү Россиянын курамына кирип, калгандары 16-к-дын аягы – 17-к-дын башында кошулушкан. 16-к-да башкырт элинин калыптануусу аяктаган. 17-к-дын 2-жарымы – 18-к-дын ортосундагы башкырттардын бир нече жолку (1662–64, 1681–83, 1704–11, 1735–40, 1755 ж. б.) көтөрүлүштөрү падышалык өкмөт тарабынан аёосуз басылган. Бул окуялар тарыхка 17–18-к-дагы башкырт көтөрүлүштөрү деген ат м-н кирген. 1744-жылдан Б. Оренбург губерниясынын (Уфа ж-а Исет провинциялары) карамагына кирген. 1865-ж. өз алдынча Уфа губерниясы түзүлгөн. Россия империясы тарабынан жүргүзүлгөн орусташтыруу саясаты 19-к-дын башталышында кайрадан элдик толкундоолорго алып келген. 1917-ж. 26-октябрда (8-ноябрь) Уфада Совет бийлиги орнотулган. 1919-ж. 20-мартта борбору Стерлитамак ш. болгон РСФСРдин курамындагы алгачкы автономиялуу республика болуп, 1922-ж. 14-июнда борбору Уфа ш. болгон Чоӊ Башкыртстан Респ. түзүлгөн. 1925-ж. Башкыр АССРинин алгачкы Конституциясы, 1937-ж. жаӊы Конституциясы кабыл алынган. 1937–90-ж. аралыгында Б-дын социалдык-экон., саясий өнүгүүсүндө бир топ өзгөрүүлөр болгон. Завод-ф-калардын саны өсүп, респ. өнүгүүнүн жаӊы деӊгээлине көтөрүлдү. 1990-ж. Башкириянын статусун союздук республикаларга теӊөө үчүн күрөш башталып, Башкирия АССРи Б. болуп кайра түзүлдү. 1990-ж. октябрда Башкырт ССРинин мамл. суверенитети тууралуу декларациясы кабыл алынды. 1992-жылдын февралынан Башкырт Респ. деп аталууда.  
<br/>Өнөр жайынын негизги тармагы: нефть казып алуу, нефть ажыратуу, нефть-химия. О. эле машина куруу (нефть өнөр жайы үчүн аппаратура, хим. өнөр жайы үчүн жабдуу, станок, мотор, электр-тех.), металл иштетүү, кара металлургия, курулуш материалдар өндүрүшү, жыгаччылык, жеӊил, тамак-аш өнөр жайлары иштейт. Негизги өнөр жай борборлору: Уфа, Стерлитамак, Салават, Ишимбай. Айыл чарбасы дан эгин ж-а мал чарба продуктуларын чыгарууга адистешкен. Дан эгиндери (буудай, кара буудай, сулу, арпа), тех. өсүмдүктөр (кант кызылча, күн карама), картошка ж-а жашылча айдалат. Багбанчылык өнүккөн. Мал чарбасы сүт-эт (уй, чочко), эт-жүн (кой) багытында. Үй куштары багылат. Аары чарбасы бар. Туймазы – Уфа, Ишимбай – Уфа, Ишимбай – Орск ж. б. нефть ж-а газ куурлары курулган. Акидил ж-а Уфа д-нда кеме жүрөт. Курорттору: Аксаково, Жанган-Тоо, Алкино, Шафранов, Юматов, Яктыкөл ж. б. Ил.-из. ин-ттары, ун-т ж. б. окуу жайлары бар. Опера ж-а балет (1938), драма театрлары, муз. окуу жайлары, филармония, консерватория, музей иштейт.
<br/>Ад.: История Башкирской советской литературы. М., 1977; ''Балков В. А.'' Водные ресурсы Башкирии. Уфа, 1978; ''Фаткуллин Р. А.'' Природные условия Башкортостана. Уфа, 1994; Башкортостан: Краткая энциклопедия. Уфа, 1996; История Башкортостана с древнейших времён до наших дней. Уфа, 2004.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:24, 15 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БАШКЫРТСТАН , Б а ш к ы р т Р е с п у б л и к а с ы – Россия Федерациясындагы субъект. Волга бою Федерация округунун курамында. Аянты 143,6 миӊ км2. Калкы 4,2 млн (2021); негизинен башкырттар, орус, татар ж.б. улут өкүлдөрү жашайт. Административдик-аймактык жактан 54 районго, 21 шаарга, 40 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Уфа шаары. Шаар калкы 64,8%. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Мамлеккеттик чогулуш (Өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу палаталарынан турат). Республиканын мамлекет башчысы – президент. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт (Министрлер Совети) ишке ашырат. Чыгыш Европа түздүгүнүн четки чыгыш бөлүгүндө, Урал өндүрүндө жана Түштүк Уралдын капталында (бийиктиги 1640 мге чейин; Жаман-Тоо чокусу) жайгашкан. Чыгышында Уралдын түштүк кырка тоолору (бийиктиги 1000–1500 м), түндүк-чыгышында Уфа бөксө тоосу (бийиктиги 500 м), түштүк-батышында Бугульма-Белебей дөӊсөөсү (бийиктиги 450 м), түштүгүндө Жалпы Сырт тармактары жатат. Жаратылыш газы, көмүр, туз, чыгышында темир кени, жез, цинк, алтын казылып алынат. Климаты континенттик. Январдын орточо температурасы –14… –17°Сге чейин, июлдуку 16–20°С, жылдык жаан-чачыны 300–600 мм. Ири дарыялары: Ак-Идил, Уфа. Чымдак күл жана боз токой топурактуу. Аймагынын 40%ин токой ээлейт. Түндүгүнө аралаш, ийне жалбырактуу тоо токой, токойлуу талаа мүнөздүү, талаа зонасынын көп бөлүгү айдалган. Башкырт коругу уюшулган.
Башкыртстандын аймагында байыркы адамдар палеолитте эле отурукташкан. Б. з. 4-кылымынан Батыш Башкыртстанга түштүк талаалуу аймактардан көчмөн уруулар келе баштаган. 9–10-кылымдардагы араб жазма булактарында башкырттар «башгирд» («башгурт) деген ат менен аталган. 9–10-кылымдарда башкырттар Урал тоосунун этектерин, Волга жана Яик дарыяларынын өрөөндөрүн мекендешкен. 10–13-кылымдарда Башкыртстан Волга-Камалык Болгария мамлекетине баш ийген. Башкырттар алгач бутпарастар болсо, 10-к-ылымдан тартып Волга-Камалык Болгариядан Батыш Башкыртстанга ислам дини таркай баштайт. 1229-жылы Башкыртстанга монголдор басып кирип, 1236-жылы толук каратылган. Башкыртстан Батыйдын агасы Шейбанинин улусуна кирген. 15-кылымдын 2-жарымында Алтын Ордо мамлекети бир нече хандыктарга бөлүнүп кеткен соӊ, түштүк жана түштүк-чыгыш Башкыртстан Ногой Ордосунун курамына, батышы Казан, түндүк-чыгышы Сибирь хандыктарынын курамына кирген. Орус аскерлери Казанды ээлеп, Казан хандыгы жоюлгандан (1552) кийин, падыша Иван IV Грозный хандыктын карамагындагы элдерди орус букаралыгына өтүүгө жана Орус мамлекетине салык төлөөгө чакырган. 1557-жылы Башкыртстандын көпчүлүк бөлүгү Россиянын курамына кирип, калгандары 16-кылымдын аягы – 17-кылымдын башында кошулушкан. 16-кылымда башкырт элинин калыптануусу аяктаган. 17-кылымдын 2-жарымы – 18-кылымдын ортосундагы башкырттардын бир нече жолку (1662–64, 1681–83, 1704–11, 1735–40, 1755 ж. б.) көтөрүлүштөрү падышалык өкмөт тарабынан аёосуз басылган. Бул окуялар тарыхка 17–18-кылымдардагы башкырт көтөрүлүштөрү деген ат менен кирген. 1744-жылдан Башкыртстан Оренбург губерниясынын (Уфа жана Исет провинциялары) карамагына кирген. 1865-жылы өз алдынча Уфа губерниясы түзүлгөн. Россия империясы тарабынан жүргүзүлгөн орусташтыруу саясаты 19-кылымдын башталышында кайрадан элдик толкундоолорго алып келген. 1917-жылы 26-октябрда (8-ноябрь) Уфада Совет бийлиги орнотулган. 1919-жылы 20-мартта борбору Стерлитамак шаары болгон РСФСРдин курамындагы алгачкы автономиялуу республика болуп, 1922-жылы 14-июнда борбору Уфа шаары болгон Чоӊ Башкыртстан Республикасы түзүлгөн. 1925-жылы Башкырт АССРинин алгачкы Конституциясы, 1937-жылы жаӊы Конституциясы кабыл алынган. 1937–90-жылдардын аралыгында Башкыртстандын социалдык-экономикалык, саясий өнүгүүсүндө бир топ өзгөрүүлөр болгон. Завод-фабрикалардын саны өсүп, республика өнүгүүнүн жаӊы деӊгээлине көтөрүлдү. 1990-жылы Башкириянын статусун союздук республикаларга теӊөө үчүн күрөш башталып, Башкирия АССРи Башкыртстан болуп кайра түзүлдү. 1990-жылы октябрда Башкырт ССРинин мамлекеттик суверенитети тууралуу декларациясы кабыл алынды. 1992-жылдын февралынан Башкырт Республикасы деп аталууда.
Өнөр жайынын негизги тармагы: нефть казып алуу, нефть ажыратуу, нефть-химия. Ошондой эле машина куруу (нефть өнөр жайы үчүн аппаратура, химия өнөр жайы үчүн жабдуу, станок, мотор, электр-техникалары), металл иштетүү, кара металлургия, курулуш материалдар өндүрүшү, жыгаччылык, жеӊил, тамак-аш өнөр жайлары иштейт. Негизги өнөр жай борборлору: Уфа, Стерлитамак, Салават, Ишимбай. Айыл чарбасы дан эгин жана мал чарба продуктуларын чыгарууга адистешкен. Дан эгиндери (буудай, кара буудай, сулу, арпа), техникалык өсүмдүктөр (кант кызылча, күн карама), картошка жана жашылча айдалат. Багбанчылык өнүккөн. Мал чарбасы сүт-эт (уй, чочко), эт-жүн (кой) багытында. Үй куштары багылат. Аары чарбасы бар. Туймазы – Уфа, Ишимбай – Уфа, Ишимбай – Орск ж. б. нефть жана газ куурлары курулган. Акидил жана Уфа дарыяларында кеме жүрөт. Курорттору: Аксаково, Жанган-Тоо, Алкино, Шафранов, Юматов, Яктыкөл ж. б. Илимий-изилдөө институттары, университет ж. б. окуу жайлары бар. Опера жана балет (1938), драма театрлары, музыкалык окуу жайлары, филармония, консерватория, музей иштейт.
Ад.: История Башкирской советской литературы. М., 1977; Балков В. А. Водные ресурсы Башкирии. Уфа, 1978; Фаткуллин Р. А. Природные условия Башкортостана. Уфа, 1994; Башкортостан: Краткая энциклопедия. Уфа, 1996; История Башкортостана с древнейших времён до наших дней. Уфа, 2004.