БАЯЛИНОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАЯЛИНОВ ''' Касымалы (25. 9. 1902, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Көк-Мойнок айылы – 3. 9. 1979, Фрунзе) – жазуучу, кыргыз ад-тын негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз эл жазуучусу (1968), коомдук ишмер. Чарбалуу дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ташкентте сов.-парт. 6 айлык курсту (1919), Алматыда Казак-кыргыз агартуу ин-тун (1925), Москвадагы Бүткүл союздук журналисттер ин-тун (1928–33) бүтүргөн. Ташкенттен келгенден кийин респ-дагы жаӊыдан уюшулган комсомол кыймылына активдүү катышып, Ат-Башы, Кочкор р-ндорунда биринчи комсомол уюмдарын түзгөн. 1933–53-ж. Москвадагы Борб. басманын кыргыз секциясында редактор, Кыргызмамбаста редактор, «Ысык-Көл правдасы» гезитинин редактору, СССР ИАнын Кыргыз филиалында ил. кызматкер, «Советтик Кыргызстан» журналынын редактору, Кырг-н ЖСтин башкармалыгынын председатели ж. б. кызматтарда иштеген. Чыг-лыгы 1923-жылдан башталган. «Биз ким элек, ким болдук» аттуу алгачкы ыры 1924-ж. Алматыда «Тилши» гезитинде жарыяланган. Ал кара сөз м-н чыгарма жазууга көбүрөөк кызыгып, чыг-лыгында проза негизги орунду ээлей баштаган. Балдарга арналган «Түлкү менен суур» ж-а «Чабалекей менен жылан» деген аӊгемелери 1925-ж. жарык көргөн. 1926-ж. «Эркин-Тоо» гезитине «Жетимдин өлүмү» аттуу аӊгемеси жарыяланган. Бул аӊгемесинен кийин Б. проза жанрына оой баштаган. Аӊгеме кайрадан оӊдолуп, 1929-ж. «Мурат» деген ат м-н жарык көргөн. Б-дун «Ажар» (1927) повести – 1920-жылдардагы жалпы кыргыз прозасынын реалисттик багытта өсүшүн аныктаган маанилүү чыгарма. Андан кийин «Жетилген жетим» (1930), «Кош жүрөк», «Турмуш түрткүсүндө» аттуу чакан аӊгемелерди, «Бактылуу жылкычы» очеркин, согуш мезгилинде «Ал эми жетим эмес», «Шаифтин аӊгемеси», А. Адалис м-н биргелешип «От ичинде» ж. б. аӊгемелерди жараткан. Б-дин чыг-лыгындагы орчундуу ийгилик «Бакыт» повести
'''БАЯЛИНОВ ''' '''Касымалы''' (25. 9. 1902, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Көк-Мойнок айылы – 3. 9. 1979, Фрунзе) – жазуучу, кыргыз адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз эл жазуучусу (1968), коомдук ишмер. Чарбалуу дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ташкентте советтик-партиялык 6 айлык курсту (1919), Алматыда Казак-кыргыз агартуу институтун (1925), Москвадагы Бүткүл союздук журналисттер институтун (1928–33) бүтүргөн. Ташкенттен келгенден кийин республикадагы жаӊыдан уюшулган комсомол кыймылына активдүү катышып, Ат-Башы, Кочкор райондорунда биринчи комсомол уюмдарын түзгөн. 1933–53-жылдары Москвадагы Борбордук басманын кыргыз секциясында редактор, Кыргызмамбаста редактор, «Ысык-Көл правдасы» гезитинин редактору, СССР ИАнын Кыргыз филиалында илимий кызматкер, «Советтик Кыргызстан» журналынын редактору, Кыргызстан жазуучулар Союзунун башкармалыгынын председатели ж. б. кызматтарда иштеген. Чыгармачылыгы 1923-жылдан башталган. «Биз ким элек, ким болдук» аттуу алгачкы ыры 1924-жылы Алматыда «Тилши» гезитинде жарыяланган. Ал кара сөз менен чыгарма жазууга көбүрөөк кызыгып, чыгармачылыгында проза негизги орунду ээлей баштаган. Балдарга арналган «Түлкү менен суур» жана «Чабалекей менен жылан» деген аӊгемелери 1925-ж. жарык көргөн. 1926-жылы «Эркин-Тоо» гезитине «Жетимдин өлүмү» аттуу аӊгемеси жарыяланган. Бул аӊгемесинен кийин Баялинов проза жанрына оой баштаган. Аӊгеме кайрадан оӊдолуп, 1929-ж. «Мурат» деген ат менен жарык көргөн. Баялиновдун «Ажар» (1927) повести – 1920-жылдардагы жалпы кыргыз прозасынын реалисттик багытта өсүшүн аныктаган маанилүү чыгарма. Андан кийин «Жетилген жетим» (1930), «Кош жүрөк», «Турмуш түрткүсүндө» аттуу чакан аӊгемелерди, «Бактылуу жылкычы» очеркин, согуш мезгилинде «Ал эми жетим эмес», «Шаифтин аӊгемеси», А. Адалис менен биргелешип «От ичинде» ж. б. аӊгемелерди жараткан. Баялиновдин чыгармачылыгындагы орчундуу ийгилик «Бакыт» повести<br/>
<br/>
[[File:БАЯЛИНОВ59.png | thumb | none]](1947) болду. Автор повестке дагы бир бөлүк кошуп жазып, 1-китеби 1952-жылы «Көл боюнда» деген ат менен жарыяланган. Бул повестте совет элинин согуш мезгилиндеги саясий-моралдык биримдиги, фронттогу жоокерлердин баатырдыгы, кыргыз элинин күжүрмөн эмгеги, атуулдук бийик руху чагылдырылган. 1950-жылдан «Улуу курулуштарда», «Абхазияда», «ТяньШандын жазы» деген очерктерин, «Курман жылга» (1960) повестин, үч китептен турган «Боордоштор» тарыхый романын, «Кыйын өткөөл» автобиографиялык повестин (1980) жараткан. Жазуучунун роман, повесттеринде эл турмушунун урунттуу учурлары, тарыхый бурулуш мезгилдери эпикалык планда жана салттуу реалисттик мазмунда берилген. Баялинов кыргыз көркөм котормосуна алгачкылардан болуп из салган. Ал А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, И. А. Крылов, В. Г. Белинский, М. Горький ж. б-дын бир катар чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Баялинов – кыргыз адабиятынын айрым маселелерине, Токтогул, Барпы өӊдүү классиктердин жана орустун улуу жазуучулары А. С. Пушкин, М. А. Крылов, М. Горькийдин чыгармаларына арналган бир нече макаланын автору. Анын дээрлик бардык повесттери жана айрым аӊгемелери орус тилинде жарык көргөн. Бишкек шаарындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасы жана бир көчө анын ысмында. Эки Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.  
[[File:БАЯЛИНОВ59.png | thumb | none]]
 
(1947) болду. Автор повестке дагы бир бөлүк кошуп жазып, 1-китеби 1952-ж. «Көл боюнда» деген ат м-н жарыяланган. Бул повестте совет элинин согуш мезгилиндеги саясий-моралдык биримдиги, фронттогу жоокерлердин баатырдыгы, кыргыз элинин күжүрмөн эмгеги, атуулдук бийик руху чагылдырылган. 1950-жылдан «Улуу курулуштарда», «Абхазияда», «ТяньШандын жазы» деген очерктерин, «Курман жылга» (1960) повестин, үч китептен турган «Боордоштор» тарыхый романын, «Кыйын өткөөл» автобиографиялык повестин (1980) жараткан. Жазуучунун роман, повесттеринде эл турмушунун урунттуу учурлары, тарыхый бурулуш мезгилдери эпикалык планда ж-а салттуу реалисттик мазмунда берилген. Б. кыргыз көркөм котормосуна алгачкылардан болуп из салган. Ал А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, И. А. Крылов, В. Г. Белинский, М. Горький ж. б-дын бир катар чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Б. – кыргыз ад-тынын айрым маселелерине, Токтогул, Барпы өӊдүү классиктердин ж-а орустун улуу жазуучулары А. С. Пушкин, М. А. Крылов, М. Горькийдин чыгармаларына арналган бир нече макаланын автору. Анын дээрлик бардык повесттери ж-а айрым аӊгемелери орус тилинде жарык көргөн. Бишкек ш-ндагы Респ-лык балдар ж-а жаштар китепканасы ж-а бир көчө анын ысмында. Эки Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган. Ад.: ''Түлөгабылов М.'' К. Баялиновдун чыгармачылык жолу. Ф., 1966; ''Асаналиев К.'' Көркөм бийиктиктер. Ф., 1974; ''Керимжанова Б.'' Адабият жана көркөм чеберчилик. Ф., 1980; ''Артыкбаев К.'' ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004.
Ад.: ''Түлөгабылов М.'' К. Баялиновдун чыгармачылык жолу. Ф., 1966; ''Асаналиев К.'' Көркөм бийиктиктер. Ф., 1974; ''Керимжанова Б.'' Адабият жана көркөм чеберчилик. Ф., 1980; ''Артыкбаев К.'' ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004.
<br/>''И. Жумабаев.''
 
<br />''И. Жумабаев.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

10:30, 15 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БАЯЛИНОВ Касымалы (25. 9. 1902, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Көк-Мойнок айылы – 3. 9. 1979, Фрунзе) – жазуучу, кыргыз адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз эл жазуучусу (1968), коомдук ишмер. Чарбалуу дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ташкентте советтик-партиялык 6 айлык курсту (1919), Алматыда Казак-кыргыз агартуу институтун (1925), Москвадагы Бүткүл союздук журналисттер институтун (1928–33) бүтүргөн. Ташкенттен келгенден кийин республикадагы жаӊыдан уюшулган комсомол кыймылына активдүү катышып, Ат-Башы, Кочкор райондорунда биринчи комсомол уюмдарын түзгөн. 1933–53-жылдары Москвадагы Борбордук басманын кыргыз секциясында редактор, Кыргызмамбаста редактор, «Ысык-Көл правдасы» гезитинин редактору, СССР ИАнын Кыргыз филиалында илимий кызматкер, «Советтик Кыргызстан» журналынын редактору, Кыргызстан жазуучулар Союзунун башкармалыгынын председатели ж. б. кызматтарда иштеген. Чыгармачылыгы 1923-жылдан башталган. «Биз ким элек, ким болдук» аттуу алгачкы ыры 1924-жылы Алматыда «Тилши» гезитинде жарыяланган. Ал кара сөз менен чыгарма жазууга көбүрөөк кызыгып, чыгармачылыгында проза негизги орунду ээлей баштаган. Балдарга арналган «Түлкү менен суур» жана «Чабалекей менен жылан» деген аӊгемелери 1925-ж. жарык көргөн. 1926-жылы «Эркин-Тоо» гезитине «Жетимдин өлүмү» аттуу аӊгемеси жарыяланган. Бул аӊгемесинен кийин Баялинов проза жанрына оой баштаган. Аӊгеме кайрадан оӊдолуп, 1929-ж. «Мурат» деген ат менен жарык көргөн. Баялиновдун «Ажар» (1927) повести – 1920-жылдардагы жалпы кыргыз прозасынын реалисттик багытта өсүшүн аныктаган маанилүү чыгарма. Андан кийин «Жетилген жетим» (1930), «Кош жүрөк», «Турмуш түрткүсүндө» аттуу чакан аӊгемелерди, «Бактылуу жылкычы» очеркин, согуш мезгилинде «Ал эми жетим эмес», «Шаифтин аӊгемеси», А. Адалис менен биргелешип «От ичинде» ж. б. аӊгемелерди жараткан. Баялиновдин чыгармачылыгындагы орчундуу ийгилик «Бакыт» повести

(1947) болду. Автор повестке дагы бир бөлүк кошуп жазып, 1-китеби 1952-жылы «Көл боюнда» деген ат менен жарыяланган. Бул повестте совет элинин согуш мезгилиндеги саясий-моралдык биримдиги, фронттогу жоокерлердин баатырдыгы, кыргыз элинин күжүрмөн эмгеги, атуулдук бийик руху чагылдырылган. 1950-жылдан «Улуу курулуштарда», «Абхазияда», «ТяньШандын жазы» деген очерктерин, «Курман жылга» (1960) повестин, үч китептен турган «Боордоштор» тарыхый романын, «Кыйын өткөөл» автобиографиялык повестин (1980) жараткан. Жазуучунун роман, повесттеринде эл турмушунун урунттуу учурлары, тарыхый бурулуш мезгилдери эпикалык планда жана салттуу реалисттик мазмунда берилген. Баялинов кыргыз көркөм котормосуна алгачкылардан болуп из салган. Ал А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, И. А. Крылов, В. Г. Белинский, М. Горький ж. б-дын бир катар чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Баялинов – кыргыз адабиятынын айрым маселелерине, Токтогул, Барпы өӊдүү классиктердин жана орустун улуу жазуучулары А. С. Пушкин, М. А. Крылов, М. Горькийдин чыгармаларына арналган бир нече макаланын автору. Анын дээрлик бардык повесттери жана айрым аӊгемелери орус тилинде жарык көргөн. Бишкек шаарындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасы жана бир көчө анын ысмында. Эки Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Ад.: Түлөгабылов М. К. Баялиновдун чыгармачылык жолу. Ф., 1966; Асаналиев К. Көркөм бийиктиктер. Ф., 1974; Керимжанова Б. Адабият жана көркөм чеберчилик. Ф., 1980; Артыкбаев К. ХХ кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004.


И. Жумабаев.