БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ ''' – ''Улуу Түрк кагандыгынын'' экиге бөлүнүшүнүн натыйжасында пайда болгон мамлекет (603–704). Түрк кагандыгы 582-жылдан бийлик үчүн узакка созулган ич ара карама-каршылыктардын натыйжасында жиктеле баштап, 603-жылы биротоло Батыш жана Чыгыш Түрк кагандыктарына бөлүнгөн. Батыш Түрк кагандыгына мурдагы Түрк кагандыгынын курамындагы Орто Азиянын ири бөлүгү, анын ичинен Жети-Суу, Теӊир-Тоо (азыркы Кыргызстан, Казакстан), Фергана, ошондой эле Чыгыш Түркстан аймактары гана эмес, Алтай, Жунгария, Чыгыш Түркстандан Сыр-Дарыяга, түндүктө – Иртыштан Түштүк Урал–Итилге (Волга) чейинки аймактар да караган. Батыш Түрк кагандыгынын бул чек арасы согуш аракеттеринин жыйынтыгына жараша өзгөрүлүп турган. Борбору Чүй өрөөнүндөгү Суйаб шаары (азыркы Токмок шаарына жакын Ак-Бешим шаар калдыгы) болгон. Мамлекеттин башында каган турган. Ал мамлекеттин ички жана тышкы иштерин башкарып, уруу башчыларын дайындаган. 603-жылы Батыш Түрк кагандыгы өз алдынча мамлекет болуп, расмий бөлүнгөндө анын тагында Тарду Бокенин небереси Тарман Чора каган отурган. Калкы дулу жана нушиби уруулук бирикмелеринен турган «он ок эли» («он ок будун») деп аталган. Кагандыктын курамына карлуктар, чигилдер, тухсилер ж. б. уруулар да кирген. Карапайым калк «кара будун», ал эми элдин эӊ төмөнкү, көз каранды тобу «тат» деп аталган. Батыш Түрк кагандыгы аркылуу ''Улуу Жибек жолунун'' өтүшү да маданияттын жогорулашына чоӊ таасир берген. Өлкөдөгү Кулан, Невакет, Суяб, Тараз, Мерке, Испиджаб шаарлары соода, маданияттын борбору катары атагы чыккан. Аймактагы элдердин арасында саясий жана экономикалык байланыштардын таралышына согдулук көпөстөрдүн таасири чоӊ. Жети-Сууда дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, курулуш иштери өнүккөн. Тыйын жасап чыгарышкан. Андагы жазуулар согду тилинде жазылган. Батыш Түрк кагандыгынын калкы ''Көкө теӊирге, Умай энеге, жер-сууга'' тайынышкан. Тарман Чора каган дулу жана нушиби уруу бирикмелеринин бийлик үчүн күрөшүн токтотуу үчүн өлкөнү үчкө бөлүп, эки кичи кагандын бири өлкөнүн чыгышын (ордосу Жылдыз өрөөнүндө), экинчиси анын батышын (ордосу Ташкент), өзү борбордук бөлүгүн башкарган. Тарман Чорага эки кичи каган вассал катары баш ийишкен, бирок кагандыкта саясий абал начарлай баштаган. Жуӊгарияда жашаган теле уруулары көтөрүлүш чыгарып, кагандыктан бөлүнүп кетишкен. Алар кербендерди талап-тоноп, соода иштерине тоскоолдук кылышкан. Чыгыш Түркстан, Орто Азиядагы шаарлар, ээликтер өз алдынча Кытай менен байланыш түзө башташкан. Кагандыктын батыш бөлүгүнүн кичи каганы Жегуй Тарман Чора каганга каршы жортуулга чыгып, жеӊишке жетип, Батыш Түрк кагандыгынын тактысын ээлеген. Жегуй кагандын тушунда (610–618-жылдар) өлкөнүн саясий абалы бир топ оӊолуп, Согду жана Тарим өрөөндөрүндөгү бийлик ээлери кайрадан Батыш Түрк кагандыгынын вассалына айланышкан. Бир гана Турпандын башкаруучусу Кытайга көз каранды бойдон кала берген. Жегуйдун иниси Тон жабгу-каган (618–630) өлкөдө өз бийлигин чыӊдоо үчүн административдик-акимдик реформа жүргүзгөн. 618-жылы жергиликтүү башкаруучуларды кагандыктын аким, аткаминерлерине айландыруу үчүн аларга титулдарды берген. Жергиликтүү акимдерди көзөмөлдөө үчүн өкмөттүн өкүлдөрү дайындалган. Буга чейин салыктарды жергиликтүү акимдер чогултуп, анын жарым үлүшүн алып келсе, эми аларды кагандын өкүлдөрү чогулта баштаган. Кала берсе жергиликтүү башкаруучуларды түрк төрөлөрү менен алмаштырган. 619-жылы Жуӊгариядагы теле урууларын кайрадан Батыш Түрк кагандыгына кошулууга аргасыз кылган. Мунун натыйжасында өлкөнүн чыгыш чек арасы Алтайга чейин созулган. Тон жабгу-каган батышта Иранга каршы ийгиликтүү жортуулдарды уюштурган. 616–617-жылдары иран шахынын аскер башчысы Смбат Багратуни Тохарстанды басып киргенде каган эфталиттерге жардамга барган. Тохарстан ирандыктардан бошотулуп, анын башкаруучусу болуп Тон жабгунун уулу Тарду шад дайындалган. Мындан тышкары, батыш түрк аскерлери Афганистанды жана Индиянын түндүк-батыш бөлүгүн Батыш Түрк кагандыгынын курамына кошкон. Тон жабгу-каган 615-жылы Византиялык император Ираклий менен Иранга каршы келишим түзгөн. 616-жылы түрк армиясы хазарлар менен бирдикте Дербент шаарын, 618-жылы алар византиялык армия менен бирге Тбилисти алышкан. Мындан кийин Тон жабгу-каган ордосуна кайтып келет. Жортуулду анын уулу Бури шад улантып, Агванды басып кирген. 630-жылы түрк армиясы Арменияга басып кирген, бирок түрк кагандыгындагы ич ара талаштардын келип чыгышына байланыштуу Кавказдан кайтып кетишкен. Ошол эле жылы Тон жабгунун аталаш агасы Күлүк Сыби багатур дулулардын колдоосу менен каганды өлтүрүп, тактыга олтурган. 631-жылы ал нушиби жана дулу уруу жол башчыларынын бийлик үчүн күрөшүнүн жүрүшүндө өлтүрүлгөн. 630–634-жылдардын аралыгында Батыш Түрк кагандыгы Аму-Дарыянын түштүк тарабындагы жеӊип алган жерлеринен ажырап калган. 834-жылы бийликке келген Ышбар Хилаш (Төлис шад) нушиби жана дулу төбөлдөрүнүн карама-каршылыгын токтотуу үчүн кагандыкты 10 аймакка бөлүп, бирден өкүлдөрүн дайындаган. Кагандыктын аймагы экиге бөлүнүп, Чүй суусунун чыгыш жагындагы дулу уруулары чжого, батыш тарабындагы нушибилер сыгинге баш ийдирилген. 639-жылы Хилаш каган дүйнөдөн кайткан соӊ бир нече кагандар алмашкан. Батыш Түрк кагандыгынын эӊ акыркы көз каранды эмес каганы Бури шаддын уулу Нивар Ышбара жабгу (651–657) болгон. Анын тушунда Кытай менен Батыш Түрк кагандыгынын ортосунда узакка созулган согуш жүргөн. Кытай императору Тайцзундун аскерлери Беш-Балыкты ээлеп, Жуӊгарияга басып кирген. Нивар каган Талас суусунун жогорку агымындагы Миӊ-Булак өрөөнүнөн кытайларга каршы жортуулга аттанган. Ал Жуӊгариянын көпчүлүк аймактарын бошотуп, Беш-Балыктагы кытай аскерлерине кол салган. Ошондуктан, Тан императору Тайцзун 652-жылы 20 миӊ кытай, 50 миӊ огуз аскерлерин батыш түрктөргө каршы жөнөткөн. 655-жылы түрктөр кытай аскерлерин Иле өрөөнүндө токтоткон. 656-жылы кытайдын аскер башчысы Су Дин Фан Иле дарыясынын боюнда Нивар каганды жеӊген. Андан кийин Батыш Түрк кагандыгынын аскерлери дагы эки жолу жеӊилип, Чүй суусуна чегинген. 657-жылы бул жердеги согушта Нивар каган катуу талкаланып, уулу менен Чачка (Ташкент) качып барган. Бирок, Чачтын башкаруучусу аларды кытайларга кармап берген. Нивар Ышбара жабгу каган 659-жылы туткунда дүйнөдөн кайткан. Кытай мамлекети Батыш Түрк кагандыгын аймактарга бөлүп, аларды башкарууга өз өкүлдөрүн койгон. Бирок, алар борбордон алыс тоо-талаалардагы көчмөндөрдү иш жүзүндө бириктирип башкара алган эмес. Батыш Түрк кагандыгы майда уруу бирикмелеринин ээликтерине айланган. Буга карабастан кагандык жоюлган эмес. Анын тактысын мурункудай эле ашина уруусунун өкүлдөрү ээлеп келген. Бирок, алардын колунда бийлик дээрлик жокко эсе болгон. Батыш Түрк кагандыгынын жыйырма үчүнчү каганы 704-жылы Кулан шаарында (урандылары азыркы Чүй боорундагы Луговая станциянын жанында) өлтүрүлүп, Жети-Суу жана Борбордук Теӊир-Тоодо бийлик түргөш уруусунун төбөлдөрү негиздеген династияга өткөн. Батыш Түрк кагандыгы ''Түргөш кагандыгынын'' курамына кошулган.<br/>Ад.: ''Гумилёв Л. Н.,'' Древние тюрки. М., 1967; ''Кара уулу Өмүркул.'' Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; ''Бичурин Н. Я.'' Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1–3, М.; Л. 1950–53. Ө''. Караев.''
'''БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ ''' – ''Улуу Түрк кагандыгынын'' экиге бөлүнүшүнүн натыйжасында пайда болгон мамлекет (603–704). Түрк кагандыгы 582-жылдан бийлик үчүн узакка созулган ич ара карама-каршылыктардын натыйжасында жиктеле баштап, 603-жылы биротоло Батыш жана Чыгыш Түрк кагандыктарына бөлүнгөн. Батыш Түрк кагандыгына мурдагы Түрк кагандыгынын курамындагы Орто Азиянын ири бөлүгү, анын ичинен Жети-Суу, Теӊир-Тоо (азыркы Кыргызстан, Казакстан), Фергана, ошондой эле Чыгыш Түркстан аймактары гана эмес, Алтай, Жунгария, Чыгыш Түркстандан Сыр-Дарыяга, түндүктө – Иртыштан Түштүк Урал–Итилге (Волга) чейинки аймактар да караган. Батыш Түрк кагандыгынын бул чек арасы согуш аракеттеринин жыйынтыгына жараша өзгөрүлүп турган. Борбору Чүй өрөөнүндөгү Суйаб шаары (азыркы Токмок шаарына жакын Ак-Бешим шаар калдыгы) болгон. Мамлекеттин башында каган турган. Ал мамлекеттин ички жана тышкы иштерин башкарып, уруу башчыларын дайындаган. 603-жылы Батыш Түрк кагандыгы өз алдынча мамлекет болуп, расмий бөлүнгөндө анын тагында Тарду Бокенин небереси Тарман Чора каган отурган. Калкы дулу жана нушиби уруулук бирикмелеринен турган «он ок эли» («он ок будун») деп аталган. Кагандыктын курамына карлуктар, чигилдер, тухсилер ж. б. уруулар да кирген. Карапайым калк «кара будун», ал эми элдин эӊ төмөнкү, көз каранды тобу «тат» деп аталган. Батыш Түрк кагандыгы аркылуу ''Улуу Жибек жолунун'' өтүшү да маданияттын жогорулашына чоӊ таасир берген. Өлкөдөгү Кулан, Невакет, Суяб, Тараз, Мерке, Испиджаб шаарлары соода, маданияттын борбору катары атагы чыккан. Аймактагы элдердин арасында саясий жана экономикалык байланыштардын таралышына согдулук көпөстөрдүн таасири чоӊ. Жети-Сууда дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, курулуш иштери өнүккөн. Тыйын жасап чыгарышкан. Андагы жазуулар согду тилинде жазылган. Батыш Түрк кагандыгынын калкы ''Көкө теӊирге, Умай энеге, жер-сууга'' тайынышкан. Тарман Чора каган дулу жана нушиби уруу бирикмелеринин бийлик үчүн күрөшүн токтотуу үчүн өлкөнү үчкө бөлүп, эки кичи кагандын бири өлкөнүн чыгышын (ордосу Жылдыз өрөөнүндө), экинчиси анын батышын (ордосу Ташкент), өзү борбордук бөлүгүн башкарган. Тарман Чорага эки кичи каган вассал катары баш ийишкен, бирок кагандыкта саясий абал начарлай баштаган. Жуӊгарияда жашаган теле уруулары көтөрүлүш чыгарып, кагандыктан бөлүнүп кетишкен. Алар кербендерди талап-тоноп, соода иштерине тоскоолдук кылышкан. Чыгыш Түркстан, Орто Азиядагы шаарлар, ээликтер өз алдынча Кытай менен байланыш түзө башташкан. Кагандыктын батыш бөлүгүнүн кичи каганы Жегуй Тарман Чора каганга каршы жортуулга чыгып, жеӊишке жетип, Батыш Түрк кагандыгынын тактысын ээлеген. Жегуй кагандын тушунда (610–618-жылдар) өлкөнүн саясий абалы бир топ оӊолуп, Согду жана Тарим өрөөндөрүндөгү бийлик ээлери кайрадан Батыш Түрк кагандыгынын вассалына айланышкан. Бир гана Турпандын башкаруучусу Кытайга көз каранды бойдон кала берген. Жегуйдун иниси Тон жабгу-каган (618–630) өлкөдө өз бийлигин чыӊдоо үчүн административдик-акимдик реформа жүргүзгөн. 618-жылы жергиликтүү башкаруучуларды кагандыктын аким, аткаминерлерине айландыруу үчүн аларга титулдарды берген. Жергиликтүү акимдерди көзөмөлдөө үчүн өкмөттүн өкүлдөрү дайындалган. Буга чейин салыктарды жергиликтүү акимдер чогултуп, анын жарым үлүшүн алып келсе, эми аларды кагандын өкүлдөрү чогулта баштаган. Кала берсе жергиликтүү башкаруучуларды түрк төрөлөрү менен алмаштырган. 619-жылы Жуӊгариядагы теле урууларын кайрадан Батыш Түрк кагандыгына кошулууга аргасыз кылган. Мунун натыйжасында өлкөнүн чыгыш чек арасы Алтайга чейин созулган. Тон жабгу-каган батышта Иранга каршы ийгиликтүү жортуулдарды уюштурган. 616–617-жылдары иран шахынын аскер башчысы Смбат Багратуни Тохарстанды басып киргенде каган эфталиттерге жардамга барган. Тохарстан ирандыктардан бошотулуп, анын башкаруучусу болуп Тон жабгунун уулу Тарду шад дайындалган. Мындан тышкары, батыш түрк аскерлери Афганистанды жана Индиянын түндүк-батыш бөлүгүн Батыш Түрк кагандыгынын курамына кошкон. Тон жабгу-каган 615-жылы Византиялык император Ираклий менен Иранга каршы келишим түзгөн. 616-жылы түрк армиясы хазарлар менен бирдикте Дербент шаарын, 618-жылы алар византиялык армия менен бирге Тбилисти алышкан. Мындан кийин Тон жабгу-каган ордосуна кайтып келет. Жортуулду анын уулу Бури шад улантып, Агванды басып кирген. 630-жылы түрк армиясы Арменияга басып кирген, бирок түрк кагандыгындагы ич ара талаштардын келип чыгышына байланыштуу Кавказдан кайтып кетишкен. Ошол эле жылы Тон жабгунун аталаш агасы Күлүк Сыби багатур дулулардын колдоосу менен каганды өлтүрүп, тактыга олтурган. 631-жылы ал нушиби жана дулу уруу жол башчыларынын бийлик үчүн күрөшүнүн жүрүшүндө өлтүрүлгөн. 630–634-жылдардын аралыгында Аму-Дарыянын түштүк тарабындагы жеӊип алган жерлеринен ажырап калгандан кийин Батыш Түрк кагандыгынын саясий абалы кайрадан өзгөрүүгө учураган. Иби Дулу-хан (638–653) узак убакыт бою Хилиши (айрым маалыматтарда Делиши) менен согуш жүргүзүп, эки тарап тең аябай көп чыгым тарткан. Акыры 638-жылы Иле дарыясынын боюнда бул экөө келишим түзүп, ал боюнча Батыш Түрк кагандыгы дагы экиге бөлүнгөн. Иле өзөнүнүн чыгышы Хилишинин кол алдында калып, Сыр-Дарыядан Илеге чейинки жерлер толук Дулу-хандын карамагына өткөн. Өз ордосун ал кытай тилинде «Цзихэ» деп аталган тоонун батышына орноткон жана аны түндүктөгү ордо деп атаган. Муну менен кошо Дулу-ханга Бома, Кыргыз (Цзегу, Гйегу, Хягас) сыяктуу көптөгөн өлкөлөр баш ийип калган. Мындан кийин Дулу-хан Тухолону (Тохарстан) каратып, андан кийин Кангюй (Каңлы) жана Сяоми (Согдиана) өлкөлөрүн өзүнө баш ийдирген. Натыйжада Дулу-хандын ээлиги Кавказ тоолоруна чейин жеткен. 834-жылы бийликке келген Ышбар Хилаш (Төлис шад) нушиби жана дулу төбөлдөрүнүн карама-каршылыгын токтотуу үчүн кагандыкты 10 аймакка бөлүп, бирден өкүлдөрүн дайындаган. Кагандыктын аймагы экиге бөлүнүп, Чүй суусунун чыгыш жагындагы дулу уруулары чжого, батыш тарабындагы нушибилер сыгинге баш ийдирилген. 639-жылы Хилаш каган дүйнөдөн кайткан соӊ бир нече кагандар алмашкан. Батыш Түрк кагандыгынын эӊ акыркы көз каранды эмес каганы Бури шаддын уулу Нивар Ышбара жабгу (651–657) болгон. Анын тушунда Кытай менен Батыш Түрк кагандыгынын ортосунда узакка созулган согуш жүргөн. Кытай императору Тайцзундун аскерлери Беш-Балыкты ээлеп, Жуӊгарияга басып кирген. Нивар каган Талас суусунун жогорку агымындагы Миӊ-Булак өрөөнүнөн кытайларга каршы жортуулга аттанган. Ал Жуӊгариянын көпчүлүк аймактарын бошотуп, Беш-Балыктагы кытай аскерлерине кол салган. Ошондуктан, Тан императору Тайцзун 652-жылы 20 миӊ кытай, 50 миӊ огуз аскерлерин батыш түрктөргө каршы жөнөткөн. 655-жылы түрктөр кытай аскерлерин Иле өрөөнүндө токтоткон. 656-жылы кытайдын аскер башчысы Су Дин Фан Иле дарыясынын боюнда Нивар каганды жеӊген. Андан кийин Батыш Түрк кагандыгынын аскерлери дагы эки жолу жеӊилип, Чүй суусуна чегинген. 657-жылы бул жердеги согушта Нивар каган катуу талкаланып, уулу менен Чачка (Ташкент) качып барган. Бирок, Чачтын башкаруучусу аларды кытайларга кармап берген. Нивар Ышбара жабгу каган 659-жылы туткунда дүйнөдөн кайткан. Кытай мамлекети Батыш Түрк кагандыгын аймактарга бөлүп, аларды башкарууга өз өкүлдөрүн койгон. Бирок, алар борбордон алыс тоо-талаалардагы көчмөндөрдү иш жүзүндө бириктирип башкара алган эмес. Батыш Түрк кагандыгы майда уруу бирикмелеринин ээликтерине айланган. Буга карабастан кагандык жоюлган эмес. Анын тактысын мурункудай эле ашина уруусунун өкүлдөрү ээлеп келген. Бирок, алардын колунда бийлик дээрлик жокко эсе болгон. Батыш Түрк кагандыгынын жыйырма үчүнчү каганы 704-жылы Кулан шаарында (урандылары азыркы Чүй боорундагы Луговая станциянын жанында) өлтүрүлүп, Жети-Суу жана Борбордук Теӊир-Тоодо бийлик түргөш уруусунун төбөлдөрү негиздеген династияга өткөн. Батыш Түрк кагандыгы ''Түргөш кагандыгынын'' курамына кошулган.<br/>Ад.: Бартольд В. В. Соч. Т. II. Ч. 1. М., 1963; ''Гумилёв Л. Н.,'' Древние тюрки. М., 1967; ''Кара уулу Өмүркул.'' Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; ''Бичурин Н. Я.'' Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1–3, М.; Л. 1950–53; Малявкин А. Г. Танские хроники о государствах Центральной Азии. Тексты и исследования. Новосибирск, 1989.  
 
Ө''. Караев.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:35, 16 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БАТЫШ ТҮРК КАГАНДЫГЫ Улуу Түрк кагандыгынын экиге бөлүнүшүнүн натыйжасында пайда болгон мамлекет (603–704). Түрк кагандыгы 582-жылдан бийлик үчүн узакка созулган ич ара карама-каршылыктардын натыйжасында жиктеле баштап, 603-жылы биротоло Батыш жана Чыгыш Түрк кагандыктарына бөлүнгөн. Батыш Түрк кагандыгына мурдагы Түрк кагандыгынын курамындагы Орто Азиянын ири бөлүгү, анын ичинен Жети-Суу, Теӊир-Тоо (азыркы Кыргызстан, Казакстан), Фергана, ошондой эле Чыгыш Түркстан аймактары гана эмес, Алтай, Жунгария, Чыгыш Түркстандан Сыр-Дарыяга, түндүктө – Иртыштан Түштүк Урал–Итилге (Волга) чейинки аймактар да караган. Батыш Түрк кагандыгынын бул чек арасы согуш аракеттеринин жыйынтыгына жараша өзгөрүлүп турган. Борбору Чүй өрөөнүндөгү Суйаб шаары (азыркы Токмок шаарына жакын Ак-Бешим шаар калдыгы) болгон. Мамлекеттин башында каган турган. Ал мамлекеттин ички жана тышкы иштерин башкарып, уруу башчыларын дайындаган. 603-жылы Батыш Түрк кагандыгы өз алдынча мамлекет болуп, расмий бөлүнгөндө анын тагында Тарду Бокенин небереси Тарман Чора каган отурган. Калкы дулу жана нушиби уруулук бирикмелеринен турган «он ок эли» («он ок будун») деп аталган. Кагандыктын курамына карлуктар, чигилдер, тухсилер ж. б. уруулар да кирген. Карапайым калк «кара будун», ал эми элдин эӊ төмөнкү, көз каранды тобу «тат» деп аталган. Батыш Түрк кагандыгы аркылуу Улуу Жибек жолунун өтүшү да маданияттын жогорулашына чоӊ таасир берген. Өлкөдөгү Кулан, Невакет, Суяб, Тараз, Мерке, Испиджаб шаарлары соода, маданияттын борбору катары атагы чыккан. Аймактагы элдердин арасында саясий жана экономикалык байланыштардын таралышына согдулук көпөстөрдүн таасири чоӊ. Жети-Сууда дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, курулуш иштери өнүккөн. Тыйын жасап чыгарышкан. Андагы жазуулар согду тилинде жазылган. Батыш Түрк кагандыгынын калкы Көкө теӊирге, Умай энеге, жер-сууга тайынышкан. Тарман Чора каган дулу жана нушиби уруу бирикмелеринин бийлик үчүн күрөшүн токтотуу үчүн өлкөнү үчкө бөлүп, эки кичи кагандын бири өлкөнүн чыгышын (ордосу Жылдыз өрөөнүндө), экинчиси анын батышын (ордосу Ташкент), өзү борбордук бөлүгүн башкарган. Тарман Чорага эки кичи каган вассал катары баш ийишкен, бирок кагандыкта саясий абал начарлай баштаган. Жуӊгарияда жашаган теле уруулары көтөрүлүш чыгарып, кагандыктан бөлүнүп кетишкен. Алар кербендерди талап-тоноп, соода иштерине тоскоолдук кылышкан. Чыгыш Түркстан, Орто Азиядагы шаарлар, ээликтер өз алдынча Кытай менен байланыш түзө башташкан. Кагандыктын батыш бөлүгүнүн кичи каганы Жегуй Тарман Чора каганга каршы жортуулга чыгып, жеӊишке жетип, Батыш Түрк кагандыгынын тактысын ээлеген. Жегуй кагандын тушунда (610–618-жылдар) өлкөнүн саясий абалы бир топ оӊолуп, Согду жана Тарим өрөөндөрүндөгү бийлик ээлери кайрадан Батыш Түрк кагандыгынын вассалына айланышкан. Бир гана Турпандын башкаруучусу Кытайга көз каранды бойдон кала берген. Жегуйдун иниси Тон жабгу-каган (618–630) өлкөдө өз бийлигин чыӊдоо үчүн административдик-акимдик реформа жүргүзгөн. 618-жылы жергиликтүү башкаруучуларды кагандыктын аким, аткаминерлерине айландыруу үчүн аларга титулдарды берген. Жергиликтүү акимдерди көзөмөлдөө үчүн өкмөттүн өкүлдөрү дайындалган. Буга чейин салыктарды жергиликтүү акимдер чогултуп, анын жарым үлүшүн алып келсе, эми аларды кагандын өкүлдөрү чогулта баштаган. Кала берсе жергиликтүү башкаруучуларды түрк төрөлөрү менен алмаштырган. 619-жылы Жуӊгариядагы теле урууларын кайрадан Батыш Түрк кагандыгына кошулууга аргасыз кылган. Мунун натыйжасында өлкөнүн чыгыш чек арасы Алтайга чейин созулган. Тон жабгу-каган батышта Иранга каршы ийгиликтүү жортуулдарды уюштурган. 616–617-жылдары иран шахынын аскер башчысы Смбат Багратуни Тохарстанды басып киргенде каган эфталиттерге жардамга барган. Тохарстан ирандыктардан бошотулуп, анын башкаруучусу болуп Тон жабгунун уулу Тарду шад дайындалган. Мындан тышкары, батыш түрк аскерлери Афганистанды жана Индиянын түндүк-батыш бөлүгүн Батыш Түрк кагандыгынын курамына кошкон. Тон жабгу-каган 615-жылы Византиялык император Ираклий менен Иранга каршы келишим түзгөн. 616-жылы түрк армиясы хазарлар менен бирдикте Дербент шаарын, 618-жылы алар византиялык армия менен бирге Тбилисти алышкан. Мындан кийин Тон жабгу-каган ордосуна кайтып келет. Жортуулду анын уулу Бури шад улантып, Агванды басып кирген. 630-жылы түрк армиясы Арменияга басып кирген, бирок түрк кагандыгындагы ич ара талаштардын келип чыгышына байланыштуу Кавказдан кайтып кетишкен. Ошол эле жылы Тон жабгунун аталаш агасы Күлүк Сыби багатур дулулардын колдоосу менен каганды өлтүрүп, тактыга олтурган. 631-жылы ал нушиби жана дулу уруу жол башчыларынын бийлик үчүн күрөшүнүн жүрүшүндө өлтүрүлгөн. 630–634-жылдардын аралыгында Аму-Дарыянын түштүк тарабындагы жеӊип алган жерлеринен ажырап калгандан кийин Батыш Түрк кагандыгынын саясий абалы кайрадан өзгөрүүгө учураган. Иби Дулу-хан (638–653) узак убакыт бою Хилиши (айрым маалыматтарда Делиши) менен согуш жүргүзүп, эки тарап тең аябай көп чыгым тарткан. Акыры 638-жылы Иле дарыясынын боюнда бул экөө келишим түзүп, ал боюнча Батыш Түрк кагандыгы дагы экиге бөлүнгөн. Иле өзөнүнүн чыгышы Хилишинин кол алдында калып, Сыр-Дарыядан Илеге чейинки жерлер толук Дулу-хандын карамагына өткөн. Өз ордосун ал кытай тилинде «Цзихэ» деп аталган тоонун батышына орноткон жана аны түндүктөгү ордо деп атаган. Муну менен кошо Дулу-ханга Бома, Кыргыз (Цзегу, Гйегу, Хягас) сыяктуу көптөгөн өлкөлөр баш ийип калган. Мындан кийин Дулу-хан Тухолону (Тохарстан) каратып, андан кийин Кангюй (Каңлы) жана Сяоми (Согдиана) өлкөлөрүн өзүнө баш ийдирген. Натыйжада Дулу-хандын ээлиги Кавказ тоолоруна чейин жеткен. 834-жылы бийликке келген Ышбар Хилаш (Төлис шад) нушиби жана дулу төбөлдөрүнүн карама-каршылыгын токтотуу үчүн кагандыкты 10 аймакка бөлүп, бирден өкүлдөрүн дайындаган. Кагандыктын аймагы экиге бөлүнүп, Чүй суусунун чыгыш жагындагы дулу уруулары чжого, батыш тарабындагы нушибилер сыгинге баш ийдирилген. 639-жылы Хилаш каган дүйнөдөн кайткан соӊ бир нече кагандар алмашкан. Батыш Түрк кагандыгынын эӊ акыркы көз каранды эмес каганы Бури шаддын уулу Нивар Ышбара жабгу (651–657) болгон. Анын тушунда Кытай менен Батыш Түрк кагандыгынын ортосунда узакка созулган согуш жүргөн. Кытай императору Тайцзундун аскерлери Беш-Балыкты ээлеп, Жуӊгарияга басып кирген. Нивар каган Талас суусунун жогорку агымындагы Миӊ-Булак өрөөнүнөн кытайларга каршы жортуулга аттанган. Ал Жуӊгариянын көпчүлүк аймактарын бошотуп, Беш-Балыктагы кытай аскерлерине кол салган. Ошондуктан, Тан императору Тайцзун 652-жылы 20 миӊ кытай, 50 миӊ огуз аскерлерин батыш түрктөргө каршы жөнөткөн. 655-жылы түрктөр кытай аскерлерин Иле өрөөнүндө токтоткон. 656-жылы кытайдын аскер башчысы Су Дин Фан Иле дарыясынын боюнда Нивар каганды жеӊген. Андан кийин Батыш Түрк кагандыгынын аскерлери дагы эки жолу жеӊилип, Чүй суусуна чегинген. 657-жылы бул жердеги согушта Нивар каган катуу талкаланып, уулу менен Чачка (Ташкент) качып барган. Бирок, Чачтын башкаруучусу аларды кытайларга кармап берген. Нивар Ышбара жабгу каган 659-жылы туткунда дүйнөдөн кайткан. Кытай мамлекети Батыш Түрк кагандыгын аймактарга бөлүп, аларды башкарууга өз өкүлдөрүн койгон. Бирок, алар борбордон алыс тоо-талаалардагы көчмөндөрдү иш жүзүндө бириктирип башкара алган эмес. Батыш Түрк кагандыгы майда уруу бирикмелеринин ээликтерине айланган. Буга карабастан кагандык жоюлган эмес. Анын тактысын мурункудай эле ашина уруусунун өкүлдөрү ээлеп келген. Бирок, алардын колунда бийлик дээрлик жокко эсе болгон. Батыш Түрк кагандыгынын жыйырма үчүнчү каганы 704-жылы Кулан шаарында (урандылары азыркы Чүй боорундагы Луговая станциянын жанында) өлтүрүлүп, Жети-Суу жана Борбордук Теӊир-Тоодо бийлик түргөш уруусунун төбөлдөрү негиздеген династияга өткөн. Батыш Түрк кагандыгы Түргөш кагандыгынын курамына кошулган.
Ад.: Бартольд В. В. Соч. Т. II. Ч. 1. М., 1963; Гумилёв Л. Н., Древние тюрки. М., 1967; Кара уулу Өмүркул. Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994; Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1–3, М.; Л. 1950–53; Малявкин А. Г. Танские хроники о государствах Центральной Азии. Тексты и исследования. Новосибирск, 1989.

Ө. Караев.