БЛОК (бирикме, макулдашуу): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page БЛОК 3 to БЛОК (бирикме, макулдашуу)) |
||
(2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БЛОК ''' с а я с и й – мамлекеттердин, саясий ''партиялардын'', коомдук-саясий уюмдардын жалпы максаттарына жетүү үчүн түзүлгөн бирикмелери, макулдашуулары. | '''БЛОК ''' с а я с и й – мамлекеттердин, саясий ''партиялардын'', коомдук-саясий уюмдардын жалпы максаттарына жетүү үчүн түзүлгөн бирикмелери, макулдашуулары. «Блок» термини 20-кылымдын башында Францияда пайда болуп, монархисттерге, улутчулдарга жана клерикалдарга каршы өкмөттүн саясатын колдогон партиялардын бирикмесин билдирген. Парламенттеги партиялык фракциялардын блогу мыйзам долбоорлорун кабыл алуу же четке кагуу үчүн түзүлөт. Шайлоо кампаниясы мезгилинде көз караштары жакын партиялар бирге күрөшүү максатында өз ара келишим (депутаттык жана министрлик орундарды бөлүштүрүү, өз ара мамилелердин формалары жөнүндө) түзүшүп, бир шайлоо Блогуна биригишет. Блокко кирген партиялардын ишмердик формалары ар түрдүүчө болушу мүмкүн: элге карай биргелешкен кайрылуулар; депутаттыкка талапкерлерди биргелешип көрсөтүү; шайлоо алдында бирдиктүү саясий платформаны иштеп чыгуу; коалициялык өкмөттү түзүү; митинг, демонстрация сыяктуу саясий акцияларды биргелешип өткөрүү. Мамлекеттер аралык Блоктор коргонуу, тынчтык, согуш (мисалы, НАТО), экономика (ПРООН) ж. б. маселелерди чечүү максатында түзүлөт.<br/> ''А. Акунов.'' | ||
<br/> ''А. Акунов.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
02:15, 24 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БЛОК с а я с и й – мамлекеттердин, саясий партиялардын, коомдук-саясий уюмдардын жалпы максаттарына жетүү үчүн түзүлгөн бирикмелери, макулдашуулары. «Блок» термини 20-кылымдын башында Францияда пайда болуп, монархисттерге, улутчулдарга жана клерикалдарга каршы өкмөттүн саясатын колдогон партиялардын бирикмесин билдирген. Парламенттеги партиялык фракциялардын блогу мыйзам долбоорлорун кабыл алуу же четке кагуу үчүн түзүлөт. Шайлоо кампаниясы мезгилинде көз караштары жакын партиялар бирге күрөшүү максатында өз ара келишим (депутаттык жана министрлик орундарды бөлүштүрүү, өз ара мамилелердин формалары жөнүндө) түзүшүп, бир шайлоо Блогуна биригишет. Блокко кирген партиялардын ишмердик формалары ар түрдүүчө болушу мүмкүн: элге карай биргелешкен кайрылуулар; депутаттыкка талапкерлерди биргелешип көрсөтүү; шайлоо алдында бирдиктүү саясий платформаны иштеп чыгуу; коалициялык өкмөттү түзүү; митинг, демонстрация сыяктуу саясий акцияларды биргелешип өткөрүү. Мамлекеттер аралык Блоктор коргонуу, тынчтык, согуш (мисалы, НАТО), экономика (ПРООН) ж. б. маселелерди чечүү максатында түзүлөт.
А. Акунов.