БОДУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''БОДУЭН ДЕ КУРТЕН'''Э '''Иван Александрович''' [1 (13). 3. 1845, Польша, Разимин – 3. 11. 1929, Варшава] – орус-поляк тилчиси, славян, индевропа жана жалпы тил илими боюнча адис; Казань, Петербург лингвистика мектептеринин негиздөөчүсү. Казань (1875–83), Юрьев (азыркы Тарту, 1883–93), Краков (1893–99), Петербург (1900–18), Варшава (1918–19) университеттеринин профессору, Краков ИАнын академиги (1887) жана Петербург ИАнын корреспондент-мүчөсү (1897). Анын негизги эмгектери фонетикалык алмашуулар менен фонеманын теориялык түзүлүшүнө арналган. Изилдөөлөрүндө ''синхрония'' менен ''диахронияны'' ажыратуу принциби сакталып, тилдин өнүгүшүндөгү айрым мыйзам ченемдер аныкталган. Ал – орус жана поляк тили, түштүк славян диалектологиясы боюнча баалуу эмгектердин автору. В. И. Далдын «Азыркы улуу орус тилинин түшүндүрмө сөздүгү» аттуу эмгегин редакторлоп, аны жаӊы материалдар менен толуктаган (3-бас. 1903–09; 4-бас. 1912–14), тилди «коллективдүү-индивидуалдуу маӊыздагы психосоциалдык кубулуш» катары аныктаган. Дүйнөлүк тил илиминде алгачкылардан болуп тилдин элемент бирдиктери өз ара ар кандай карым-катыштагы система катары түшүнүүнү теориялык жактан негиздеген. Фонема жана тыбыштардын алмашууларын негиздеген теориялык жоболору аркылуу тил илимине сиӊирген эмгеги зор. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:50, 24 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БОДУЭН ДЕ КУРТЕНЭ Иван Александрович [1 (13). 3. 1845, Польша, Разимин – 3. 11. 1929, Варшава] – орус-поляк тилчиси, славян, индевропа жана жалпы тил илими боюнча адис; Казань, Петербург лингвистика мектептеринин негиздөөчүсү. Казань (1875–83), Юрьев (азыркы Тарту, 1883–93), Краков (1893–99), Петербург (1900–18), Варшава (1918–19) университеттеринин профессору, Краков ИАнын академиги (1887) жана Петербург ИАнын корреспондент-мүчөсү (1897). Анын негизги эмгектери фонетикалык алмашуулар менен фонеманын теориялык түзүлүшүнө арналган. Изилдөөлөрүндө синхрония менен диахронияны ажыратуу принциби сакталып, тилдин өнүгүшүндөгү айрым мыйзам ченемдер аныкталган. Ал – орус жана поляк тили, түштүк славян диалектологиясы боюнча баалуу эмгектердин автору. В. И. Далдын «Азыркы улуу орус тилинин түшүндүрмө сөздүгү» аттуу эмгегин редакторлоп, аны жаӊы материалдар менен толуктаган (3-бас. 1903–09; 4-бас. 1912–14), тилди «коллективдүү-индивидуалдуу маӊыздагы психосоциалдык кубулуш» катары аныктаган. Дүйнөлүк тил илиминде алгачкылардан болуп тилдин элемент бирдиктери өз ара ар кандай карым-катыштагы система катары түшүнүүнү теориялык жактан негиздеген. Фонема жана тыбыштардын алмашууларын негиздеген теориялык жоболору аркылуу тил илимине сиӊирген эмгеги зор.