БАСУУ МАШИНАСЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |

(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАСУУ МАШИНАСЫ – ''' китеп, гезит-журнал ж. б. басма продукциясын басып чыгарууга арналган өндүрүш каражаты. Басуу формасына түшүрүлгөн тамгаларды, сүрөттү кагаз же башка материалдардын бетине түшүрүп, окшош көп нускаларды чыгарат (к. ''Басуу''). Алгачкы жөнөкөй кол | '''БАСУУ МАШИНАСЫ – ''' китеп, гезит-журнал ж. б. басма продукциясын басып чыгарууга арналган өндүрүш каражаты. Басуу формасына түшүрүлгөн тамгаларды, сүрөттү кагаз же башка материалдардын бетине түшүрүп, окшош көп нускаларды чыгарат (к. ''Басуу''). Алгачкы жөнөкөй кол басуу машинасы 1812–14-жылдары Англияда Ф. Кениг жана А. Байэр тарабынан жасалган. Азыркы техниканын өнүгүшүнө байланыштуу басуу машинасынын көптөгөн түрлөрү бар. Басуу машинасынын негизги бөлүктөрү: боёкту басуу формасынан кагаз бетине түшүрүүчү басуу аппараты; боёкту формага сүртүүчү боёк аппараты; басуу аппаратына кагазды берип, басылгандан кийин аны машинадан чыгарып, кагазды жылдыруу системасы; машинаны жүргүзүп, аны башкарып туруучу система; басылган продукцияны кабыл алуучу жана аны андан ары жасалгалоочу кошумча түзүлүштөр. Басуу аппаратынын түзүлүшүнө карай ротациялык, тегиздиктен басма, тигелдик басуу машинасы болуп айырмаланат. Р о т а ц и я л ы к басуу машинасында басуу формасы жана ага тийишкен кагаздын бети үзгүлтүксүз айлануучу цилиндрлерде жатып, алардын ортосунан кысылган басылуучу кагаз өтөт. Мындай машина менен басуунун оюнку жана чыгыӊкы түрү аткарылып, негизинен көп тираждуу басылмаларды басып чыгарууда кеӊири колдонулат. Т е г и з д и к т е н басуу машинасында термелме жайпак үстөлгө – талерге, ал эми кагаз айланма цилиндрге бекитилет. Форманын басылуучу жана ажыратуу элементтери бир тегиздикте жатат. Атайын химиялык иштетүүнүн натыйжасында форманын элементтерине боёк сүйкөлөт, ал эми ажыратуу элементтери аны кабыл албайт. Бул машинада басылма чыгыӊкы басуу

[[File:БАСУУ МАШИНАСЫ –33.png | thumb | Офсеттик тегиздиктен басуу машинасы «Speedmaster».]] | [[File:БАСУУ МАШИНАСЫ –33.png | thumb | Офсеттик тегиздиктен басуу машинасы «Speedmaster».]] | ||
ыкмасы менен гана басылат. Ылдамдыгы анча эмес, бирок тиражы аз басылмаларды сапаттуу чыгарат. Т и г е л д и к | ыкмасы менен гана басылат. Ылдамдыгы анча эмес, бирок тиражы аз басылмаларды сапаттуу чыгарат. Т и г е л д и к басуу машинасында бир тактасына (талерге) басуу формасы бекитилип, экинчи тактасы формага барак кагазды кысат. Ал чыгыӊкы ыкма менен басууга арналган. Негизинен бланк, мукаба, иллюстрацияларды басууга пайдаланылат. Басуу жабдууларынын өнүгүшү менен басуу машинасынын көптөгөн түрлөрү чыгарылууда. Алар негизинен машинанын өндүрүмдүүлүгүн (продукцияны тез даярдоо, тиражын көбөйтүү) күчөтүүгө, басуунун көп боёктуулугун арттырууга, басылманын форматын кичирейтүүгө ж. б-га багытталган. | ||
[[File:БАСУУ МАШИНАСЫ –34.png | thumb | Цифралык басуу машинасы «Xerox iGen».]] | [[File:БАСУУ МАШИНАСЫ –34.png | thumb | Цифралык басуу машинасы «Xerox iGen».]] | ||
Азыркы учурда негизинен автоматташтырылган о ф с е т т и к | Азыркы учурда негизинен автоматташтырылган о ф с е т т и к басуу машинасы көбүрөөк колдонулууда. Ал керектелүүчү кагаздын түрүнө жана аны машинага берүү ыкмасына жараша барактык жана рулондук басуу машинасы болуп бөлүнөт. Б а р а к т ы к машинада басуу алдын ала барактарга кесилген кагазга жүргүзүлөт. Барактардын форматы А1, А2, А3, А4 (кээде алардан да кичине) өлчөмдөн 80х120 ''смге'' чейин болот. Р у л о н д у к (ротациялык) машина кагаздын түрмөгүнөн (рулондон) эле басат. Түрмөктөгү кагаздын эни 60,70,75,84,108 ж-а 120 ''см'' болот. Мындай машинанын ылдамдыгы барактыкка караганда жогору жана кагаздын эки бети теӊ басылып, ал формат боюнча кесилип, бүктөлүп чыгат, ошондуктан ал көп тираждуу басылмаларды басууга пайдаланылат. Азыркы басуу машинасынын көпчүлүгү технологиялык процесстерди компьютердик башкаруучу жана иш-аракетти автоматтык түрдө аткаруучу курал-жабдыктар менен толукталып, өркүндөтүлгөн.
Ад.: ''Бушунов В. Т.'' Печатные машины, М.; Л., 1963; ''Куликов Б. В.'' Типографские ротационные печатные машины. М., 1965; ''Тюрин А. А.'' Печатные машины. М., 1966; ''Захаров А. Г., Фуфаевский Д. А.'' Офсетные машины и работа на них. М., 1972.
''Ж. Жолдошева.''

[[File:БАСУУ МАШИНАСЫ –35.png | thumb | «ММКны колдоо борборунун» басмаканасындагы офсеттик көп боёктуу рулондук
басуу машинасы «Solna distributor».]] | [[File:БАСУУ МАШИНАСЫ –35.png | thumb | «ММКны колдоо борборунун» басмаканасындагы офсеттик көп боёктуу рулондук
басуу машинасы «Solna distributor».]] | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
09:49, 25 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БАСУУ МАШИНАСЫ – китеп, гезит-журнал ж. б. басма продукциясын басып чыгарууга арналган өндүрүш каражаты. Басуу формасына түшүрүлгөн тамгаларды, сүрөттү кагаз же башка материалдардын бетине түшүрүп, окшош көп нускаларды чыгарат (к. Басуу). Алгачкы жөнөкөй кол басуу машинасы 1812–14-жылдары Англияда Ф. Кениг жана А. Байэр тарабынан жасалган. Азыркы техниканын өнүгүшүнө байланыштуу басуу машинасынын көптөгөн түрлөрү бар. Басуу машинасынын негизги бөлүктөрү: боёкту басуу формасынан кагаз бетине түшүрүүчү басуу аппараты; боёкту формага сүртүүчү боёк аппараты; басуу аппаратына кагазды берип, басылгандан кийин аны машинадан чыгарып, кагазды жылдыруу системасы; машинаны жүргүзүп, аны башкарып туруучу система; басылган продукцияны кабыл алуучу жана аны андан ары жасалгалоочу кошумча түзүлүштөр. Басуу аппаратынын түзүлүшүнө карай ротациялык, тегиздиктен басма, тигелдик басуу машинасы болуп айырмаланат. Р о т а ц и я л ы к басуу машинасында басуу формасы жана ага тийишкен кагаздын бети үзгүлтүксүз айлануучу цилиндрлерде жатып, алардын ортосунан кысылган басылуучу кагаз өтөт. Мындай машина менен басуунун оюнку жана чыгыӊкы түрү аткарылып, негизинен көп тираждуу басылмаларды басып чыгарууда кеӊири колдонулат. Т е г и з д и к т е н басуу машинасында термелме жайпак үстөлгө – талерге, ал эми кагаз айланма цилиндрге бекитилет. Форманын басылуучу жана ажыратуу элементтери бир тегиздикте жатат. Атайын химиялык иштетүүнүн натыйжасында форманын элементтерине боёк сүйкөлөт, ал эми ажыратуу элементтери аны кабыл албайт. Бул машинада басылма чыгыӊкы басуу

ыкмасы менен гана басылат. Ылдамдыгы анча эмес, бирок тиражы аз басылмаларды сапаттуу чыгарат. Т и г е л д и к басуу машинасында бир тактасына (талерге) басуу формасы бекитилип, экинчи тактасы формага барак кагазды кысат. Ал чыгыӊкы ыкма менен басууга арналган. Негизинен бланк, мукаба, иллюстрацияларды басууга пайдаланылат. Басуу жабдууларынын өнүгүшү менен басуу машинасынын көптөгөн түрлөрү чыгарылууда. Алар негизинен машинанын өндүрүмдүүлүгүн (продукцияны тез даярдоо, тиражын көбөйтүү) күчөтүүгө, басуунун көп боёктуулугун арттырууга, басылманын форматын кичирейтүүгө ж. б-га багытталган.

Азыркы учурда негизинен автоматташтырылган о ф с е т т и к басуу машинасы көбүрөөк колдонулууда. Ал керектелүүчү кагаздын түрүнө жана аны машинага берүү ыкмасына жараша барактык жана рулондук басуу машинасы болуп бөлүнөт. Б а р а к т ы к машинада басуу алдын ала барактарга кесилген кагазга жүргүзүлөт. Барактардын форматы А1, А2, А3, А4 (кээде алардан да кичине) өлчөмдөн 80х120 смге чейин болот. Р у л о н д у к (ротациялык) машина кагаздын түрмөгүнөн (рулондон) эле басат. Түрмөктөгү кагаздын эни 60,70,75,84,108 ж-а 120 см болот. Мындай машинанын ылдамдыгы барактыкка караганда жогору жана кагаздын эки бети теӊ басылып, ал формат боюнча кесилип, бүктөлүп чыгат, ошондуктан ал көп тираждуу басылмаларды басууга пайдаланылат. Азыркы басуу машинасынын көпчүлүгү технологиялык процесстерди компьютердик башкаруучу жана иш-аракетти автоматтык түрдө аткаруучу курал-жабдыктар менен толукталып, өркүндөтүлгөн.
Ад.: Бушунов В. Т. Печатные машины, М.; Л., 1963; Куликов Б. В. Типографские ротационные печатные машины. М., 1965; Тюрин А. А. Печатные машины. М., 1966; Захаров А. Г., Фуфаевский Д. А. Офсетные машины и работа на них. М., 1972.
Ж. Жолдошева.

басуу машинасы «Solna distributor».