БОЛЬШЕВИКТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БОЛЬШЕВИКТЕР ''' (орусча больше – көп, көпчүлүк) – РСДРПдеги (1917-жылдын апрелинен өз алдынча саясий партия) ''В. И. Ленин'' жетектеген социал-демократтардын саясий тобу (фракция). Б. түшүнүгү РСДРПнин 2-съездинде (1903) пайда болгон, анда партиянын Уставын кабыл алууда ж-а РСДРПнин жетекчи органдарын шайлоодо Лениндин жактоочулары көпчүлүк (ушундан улам алар Б. аталган) добушка ээ болуп, алардын каршылаштары азчылыкты (''меньшевиктер)'' түзүп калган. Б. күрөш жүргүзүүнүн рев-ялык тактикасын кабыл алышып, бийликти күч м-н алууну көздөшкөн. Г. Плеханов ж-а Л. Мартов жетектеген меньшевиктер падышалык бийликке каршы күрөшүүдө массалык жумушчу партиясын түзүүнү ж-а либералдык буржуазия м-н кызматташуу керектигин билдиришкен. 1905-ж. орус рев-ясынын жеӊилишинен кийин дыйкандардын колдоосуна ээ болбогон Б-дин лидерлери эмиграцияга кетүүгө аргасыз болушкан. 1917-ж. Февраль рев-ясынан кийин Убактылуу өкмөттүн жүргүзгөн реформалары ж-а Россияны дүйнөлүк согуштан алып чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу элдин нааразылыгын күчөтүп, Б-дин таасири жогорулай баштаган. 1917-ж. июль-август айларында Б. бийликти куралдуу жол м-н тартып алуу чечимин кабыл алышып, 25-октябрда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү камакка алынат. Бийлик В. И. Ленин жетектеген ЭКСтин колуна өткөн. Россиядагы гражд. согуш учурунда Б. өлкөдө бийлигин толук орнотуп, башка рев-ялык агымдардын, саясий партиялардын бардыгына тыюу салууга жетишкен. 1917–52-ж. «Б.» термини партиянын расмий аталышына киргизилген – Россия социал-демократтык большевиктер партиясы – РСДРП(б), Россия Коммунисттик большевиктер партиясы – РКП(б), Бүткүл Союздук Коммунисттик большевиктер партиясы – ВКП(б). Партиянын 19-съездинин (1952) чечими м-н ВКП(б) Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы (КПСС) деп аталып калган, к. ''Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы.''
'''БОЛЬШЕВИКТЕР ''' (орусча больше – көп, көпчүлүк) – РСДРПдеги (1917-жылдын апрелинен өз алдынча саясий партия) ''В. И. Ленин'' жетектеген социал-демократтардын саясий тобу (фракция). Большевиктер түшүнүгү РСДРПнин 2-съездинде (1903) пайда болгон, анда партиянын Уставын кабыл алууда жана РСДРПнин жетекчи органдарын шайлоодо Лениндин жактоочулары көпчүлүк (ушундан улам алар Большевиктер аталган) добушка ээ болуп, алардын каршылаштары азчылыкты (''меньшевиктер)'' түзүп калган. Большевиктер күрөш жүргүзүүнүн революциялык тактикасын кабыл алышып, бийликти күч менен алууну көздөшкөн. Г. Плеханов жана Л. Мартов жетектеген меньшевиктер падышалык бийликке каршы күрөшүүдө массалык жумушчу партиясын түзүүнү жана либералдык буржуазия менен кызматташуу керектигин билдиришкен. 1905-жылы орус революциясынын жеӊилишинен кийин дыйкандардын колдоосуна ээ болбогон Большевиктердин лидерлери эмиграцияга кетүүгө аргасыз болушкан. 1917-жылы Февраль революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн жүргүзгөн реформалары жана Россияны дүйнөлүк согуштан алып чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу элдин нааразылыгын күчөтүп, Большевиктердин таасири жогорулай баштаган. 1917-жылы июль-август айларында Большевиктер бийликти куралдуу жол менен тартып алуу чечимин кабыл алышып, 25-октябрда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү камакка алынат. Бийлик В. И. Ленин жетектеген ЭКСтин колуна өткөн. Россиядагы граждандык согуш учурунда Большевиктер өлкөдө бийлигин толук орнотуп, башка ревволюциялык агымдардын, саясий партиялардын бардыгына тыюу салууга жетишкен. 1917–52-жылы «Большевиктер» термини партиянын расмий аталышына киргизилген – Россия социал-демократтык большевиктер партиясы – РСДРП(б), Россия Коммунисттик большевиктер партиясы – РКП(б), Бүткүл Союздук Коммунисттик большевиктер партиясы – ВКП(б). Партиянын 19-съездинин (1952) чечими менен ВКП(б) Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы (КПСС) деп аталып калган, к. ''Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:40, 26 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БОЛЬШЕВИКТЕР (орусча больше – көп, көпчүлүк) – РСДРПдеги (1917-жылдын апрелинен өз алдынча саясий партия) В. И. Ленин жетектеген социал-демократтардын саясий тобу (фракция). Большевиктер түшүнүгү РСДРПнин 2-съездинде (1903) пайда болгон, анда партиянын Уставын кабыл алууда жана РСДРПнин жетекчи органдарын шайлоодо Лениндин жактоочулары көпчүлүк (ушундан улам алар Большевиктер аталган) добушка ээ болуп, алардын каршылаштары азчылыкты (меньшевиктер) түзүп калган. Большевиктер күрөш жүргүзүүнүн революциялык тактикасын кабыл алышып, бийликти күч менен алууну көздөшкөн. Г. Плеханов жана Л. Мартов жетектеген меньшевиктер падышалык бийликке каршы күрөшүүдө массалык жумушчу партиясын түзүүнү жана либералдык буржуазия менен кызматташуу керектигин билдиришкен. 1905-жылы орус революциясынын жеӊилишинен кийин дыйкандардын колдоосуна ээ болбогон Большевиктердин лидерлери эмиграцияга кетүүгө аргасыз болушкан. 1917-жылы Февраль революциясынан кийин Убактылуу өкмөттүн жүргүзгөн реформалары жана Россияны дүйнөлүк согуштан алып чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу элдин нааразылыгын күчөтүп, Большевиктердин таасири жогорулай баштаган. 1917-жылы июль-август айларында Большевиктер бийликти куралдуу жол менен тартып алуу чечимин кабыл алышып, 25-октябрда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү камакка алынат. Бийлик В. И. Ленин жетектеген ЭКСтин колуна өткөн. Россиядагы граждандык согуш учурунда Большевиктер өлкөдө бийлигин толук орнотуп, башка ревволюциялык агымдардын, саясий партиялардын бардыгына тыюу салууга жетишкен. 1917–52-жылы «Большевиктер» термини партиянын расмий аталышына киргизилген – Россия социал-демократтык большевиктер партиясы – РСДРП(б), Россия Коммунисттик большевиктер партиясы – РКП(б), Бүткүл Союздук Коммунисттик большевиктер партиясы – ВКП(б). Партиянын 19-съездинин (1952) чечими менен ВКП(б) Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы (КПСС) деп аталып калган, к. Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы.