БОЛЬШЕВИКТИК ТОПТОР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БОЛЬШЕВИКТИК ТОПТОР ''' К ы р г ы з с т а н д а г ы. Февраль рев-ясынан кийин Кырг-нда социал-демокр. топтор түзүлө баштаган. 1917-ж. мартта Сүлүктүдө тажрыйбалуу большевик Д. Т. Деканов большевиктик топ түзгөн ж-а башчылык кылган. Социал-демокр. топтор апрель-июнда Пишпекте, Ошто, Кызыл-Кыяда пайда болгон. Кырг-ндагы бул топтордун өзгөчөлүгү – адегенде алардын курамында большевиктердин, кийин меньшевиктердин ж-а эсерлердин болгондугунда. Пишпектеги ж-а Оштогу топтордо меньшевиктер басымдуулук кылган. 1917-ж. май айында большевиктер Пишпекте кыргыздардын рев-ячыл ''Букара союзун'' түзүшкөн. Аны түзүүдө К. Сарыкулаков, К. Сандыбаев, Б. Мурчатов ж. б. чоӊ роль ойногон. Бул союз кыргыз кедейлеринин социалдык ж-а улуттук кызыкчылыктарын коргогон. «Букара» союзу 1917-ж. күздө 7 миӊден ашуун адамды бириктирген. Октябрь рев-ясынын жеӊишинен кийин большевиктик топтор алгачкылардан болуп Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Ошто түзүлгөн. Оштун большевиктеринин арасында М. Сарымсаков, Б. Султанов ж. б-дын таасири чоӊ болгон. 1918-ж. 2-апрелде Пишпекте большевиктик топтордун уюштуруу жыйналышы болуп, ал М. И. Иваницын жетектеген шаардык парт. к-тти шайлаган. Активдүү массалык-саясий иштердин натыйжасында Пишпек шаардык парт. к-ти тез эле уезддик-шаарком болуп кайра түзүлгөн. 1918-жылдын жарымында көптөгөн айылдарда большевиктик уюмдар, кийин Токмок, Каракол, Нарында шаардык парт. уюмдар түзүлгөн.
'''БОЛЬШЕВИКТИК ТОПТОР ''' К ы р г ы з с т а н д а г ы. Февраль революциясынан кийин Кыргызстанда социал-демократиялык топтор түзүлө баштаган. 1917-жылы мартта Сүлүктүдө тажрыйбалуу большевик Д. Т. Деканов большевиктик топ түзгөн жана башчылык кылган. Социал-демократиялык топтор апрель-июнда Пишпекте, Ошто, Кызыл-Кыяда пайда болгон. Кыргызстандагы бул топтордун өзгөчөлүгү – адегенде алардын курамында большевиктердин, кийин меньшевиктердин жана эсерлердин болгондугунда. Пишпектеги жана Оштогу топтордо меньшевиктер басымдуулук кылган. 1917-жылы май айында большевиктер Пишпекте кыргыздардын революциячыл ''Букара союзун'' түзүшкөн. Аны түзүүдө К. Сарыкулаков, К. Сандыбаев, Б. Мурчатов ж. б. чоӊ роль ойногон. Бул союз кыргыз кедейлеринин социалдык жана улуттук кызыкчылыктарын коргогон. «Букара» союзу 1917-жылы күздө 7 миӊден ашуун адамды бириктирген. Октябрь революциясынын жеӊишинен кийин большевиктик топтор алгачкылардан болуп Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Ошто түзүлгөн. Оштун большевиктеринин арасында М. Сарымсаков, Б. Султанов ж. б-дын таасири чоӊ болгон. 1918-жылы 2-апрелде Пишпекте большевиктик топтордун уюштуруу жыйналышы болуп, ал М. И. Иваницын жетектеген шаардык партиялык комитетти шайлаган. Активдүү массалык-саясий иштердин натыйжасында Пишпек шаардык партиялык комитети тез эле уезддик-шаарком болуп кайра түзүлгөн. 1918-жылдын жарымында көптөгөн айылдарда большевиктик уюмдар, кийин Токмок, Каракол, Нарында шаардык партиялык уюмдар түзүлгөн.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

02:47, 26 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БОЛЬШЕВИКТИК ТОПТОР К ы р г ы з с т а н д а г ы. Февраль революциясынан кийин Кыргызстанда социал-демократиялык топтор түзүлө баштаган. 1917-жылы мартта Сүлүктүдө тажрыйбалуу большевик Д. Т. Деканов большевиктик топ түзгөн жана башчылык кылган. Социал-демократиялык топтор апрель-июнда Пишпекте, Ошто, Кызыл-Кыяда пайда болгон. Кыргызстандагы бул топтордун өзгөчөлүгү – адегенде алардын курамында большевиктердин, кийин меньшевиктердин жана эсерлердин болгондугунда. Пишпектеги жана Оштогу топтордо меньшевиктер басымдуулук кылган. 1917-жылы май айында большевиктер Пишпекте кыргыздардын революциячыл Букара союзун түзүшкөн. Аны түзүүдө К. Сарыкулаков, К. Сандыбаев, Б. Мурчатов ж. б. чоӊ роль ойногон. Бул союз кыргыз кедейлеринин социалдык жана улуттук кызыкчылыктарын коргогон. «Букара» союзу 1917-жылы күздө 7 миӊден ашуун адамды бириктирген. Октябрь революциясынын жеӊишинен кийин большевиктик топтор алгачкылардан болуп Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Ошто түзүлгөн. Оштун большевиктеринин арасында М. Сарымсаков, Б. Султанов ж. б-дын таасири чоӊ болгон. 1918-жылы 2-апрелде Пишпекте большевиктик топтордун уюштуруу жыйналышы болуп, ал М. И. Иваницын жетектеген шаардык партиялык комитетти шайлаган. Активдүү массалык-саясий иштердин натыйжасында Пишпек шаардык партиялык комитети тез эле уезддик-шаарком болуп кайра түзүлгөн. 1918-жылдын жарымында көптөгөн айылдарда большевиктик уюмдар, кийин Токмок, Каракол, Нарында шаардык партиялык уюмдар түзүлгөн.