БОНИТИРОВКАЛОО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОНИТИРОВКАЛОО ''' – малды тукуму | '''БОНИТИРОВКАЛОО ''' – малды тукуму жана кунардуулугу боюнча баалоо. Бонитировкалоону зоотехник-бонитёр жүргүзүп, ага ветврач же фельдшер, фермер ж. б. кызматкерлер катышат. Чоӊ мал теги, экстерьери, кунардуулугу, тирүүлөй салмагы, тукумунун сапаты, ал эми жаш мал теги, экстерьери жана тирүүлөй салмагы боюнча бааланат. Мисалы, уйдун кунардуулугу сүтүнүн майлуулугу жана белоктун саны, уяӊ жүндүү койдуку жүнүнүн сапаты, чыбаштуулугу менен аныкталат. Бонитировкалоодо мал жана бакма канаттуулар продукттуулугуна карата класстарга бөлүнүп, ошол боюнча бааланат. Ошого жараша алардын пайдалануу багыты жана өндүрүштүк топторго бөлүнүшү такталып, алардын продукттуулугун жогорулатуу, тукумдук сапатын жакшыртуу чаралары иштелип чыгат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:59, 26 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БОНИТИРОВКАЛОО – малды тукуму жана кунардуулугу боюнча баалоо. Бонитировкалоону зоотехник-бонитёр жүргүзүп, ага ветврач же фельдшер, фермер ж. б. кызматкерлер катышат. Чоӊ мал теги, экстерьери, кунардуулугу, тирүүлөй салмагы, тукумунун сапаты, ал эми жаш мал теги, экстерьери жана тирүүлөй салмагы боюнча бааланат. Мисалы, уйдун кунардуулугу сүтүнүн майлуулугу жана белоктун саны, уяӊ жүндүү койдуку жүнүнүн сапаты, чыбаштуулугу менен аныкталат. Бонитировкалоодо мал жана бакма канаттуулар продукттуулугуна карата класстарга бөлүнүп, ошол боюнча бааланат. Ошого жараша алардын пайдалануу багыты жана өндүрүштүк топторго бөлүнүшү такталып, алардын продукттуулугун жогорулатуу, тукумдук сапатын жакшыртуу чаралары иштелип чыгат.