БОНН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОНН ''' – Германиянын батышындагы шаар. | '''БОНН ''' – Германиянын батышындагы шаар. Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде жайгашкан. Германия бундестагынын жана өкмөтүнүн (2000-жылга чейин) турган жери. Рейн дарыясындагы порт. Калкы 327,2 миӊ (2019). Эл аралык аэропорт. Керек-жарак товарлар чыгаруучу өнөр жай тармактары басымдуу. Машина куруу (анын ичинен электр-техникалык), фармацевтика, полиграфия, тамак-аш, эмерек өнөр жайы иштейт. Метрополитен, университет, Людвиг ван ''Бетховендин'' музей-үйү жана концерттик залы бар. 1-кылымдан белгилүү. 1273–1794-жылдары Кёльн курфюрсттеринин резиденциясы. 1949–90-жылдары Германия Федерация Республикасынын борбору болгон. Роман стилиндеги собор (11–13-кылымдар) сакталган.<br/> | ||
<br/> | |||
[[File:БОНН4.png | thumb | <center>Рейн университетинин башкы имараты.</center>]] | [[File:БОНН4.png | thumb | <center>Рейн университетинин башкы имараты.</center>]] | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:00, 26 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БОНН – Германиянын батышындагы шаар. Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде жайгашкан. Германия бундестагынын жана өкмөтүнүн (2000-жылга чейин) турган жери. Рейн дарыясындагы порт. Калкы 327,2 миӊ (2019). Эл аралык аэропорт. Керек-жарак товарлар чыгаруучу өнөр жай тармактары басымдуу. Машина куруу (анын ичинен электр-техникалык), фармацевтика, полиграфия, тамак-аш, эмерек өнөр жайы иштейт. Метрополитен, университет, Людвиг ван Бетховендин музей-үйү жана концерттик залы бар. 1-кылымдан белгилүү. 1273–1794-жылдары Кёльн курфюрсттеринин резиденциясы. 1949–90-жылдары Германия Федерация Республикасынын борбору болгон. Роман стилиндеги собор (11–13-кылымдар) сакталган.
