БООГАЧЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
(One intermediate revision by one other user not shown) | |||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''БООГАЧЫ ''' Жакыпбек уулу (1866, азыркы Нарын | '''БООГАЧЫ ''' '''Жакыпбек уулу''' (1866, азыркы Нарын облусу, Ат-Башы району, Ак-Муз айылы – 1935, Нарын району, Дөбөлү айылы) – төкмө акын, обончу, ырчы жана алгачкы агартуучулардан. Аны бүтүндөй кыргыз жергесине таанымал кылган ыры – «Үкөй». Ал айылга өз каражаты менен медресе ачкан. Эл арасында сүйүү ырларын көп ырдап, лирик акын, обончу катары таанылган.<br/> | ||
<br/> | [[File:БООГАЧЫ6.png | thumb | none]]Андан 1922-жылы «Карагул» дастаны, макал-ылакаптар жазылып алынган. 1929-жыл анын өмүрүндөгү ары армандуу, ары кайгылуу жыл болгон. Элүүдөн эӊкейгенде туулуп-өскөн жеринен ажырап, жер которуп, күнөөсүз айдалган. Акындын сүргүндөгү ырлары бизге жеткен жок. Ал 1932-жылы бошоп, элине кайтып келгенде, чуудан алыс болгусу келип, сүргүндөгү жагдайын ырдап эскербеген көрүнөт. Боогачынын күйгөн, секетбайлары негизинен 20-жылдары эле кагаз бетине түшүрүлүп, жыйнак түрүндө жарык көргөн. «Секетбай» 1925-жылы араб тамгасында Москвадан басылып чыккан. Жыйнап, басмага даярдаган И. ''Арабаев.'' «Сүйгөн» аттуу экинчи жыйнагы Фрунзеде 1927-жылы араб тамгасында жарыяланган. Басмага С. Карачев даярдаган. 1990-жылы «Адабият» басмасы Боогачы менен Ы. ''Борончиевдин'' чыгармаларын бириктирип, бир китеп кылып чыгарган. 1994-жылы акындын 125 жылдыгына карата анын ырлары, ал тууралуу эскерүү-иликтөөлөр да камтылган жыйнагы «Боогачы» деген ат менен окурмандарга тартууланган. Ушул эле жылы 125 жылдык мааракеси өткөрүлүп, Дөбөлүдөгү мүрзөсүнө күмбөз тургузулган. Анын ысмы туулган айлындагы орто мектепке коюлган жана эстелиги тургузулган. | ||
[[File:БООГАЧЫ6.png | thumb | none]] | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:23, 26 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы
БООГАЧЫ Жакыпбек уулу (1866, азыркы Нарын облусу, Ат-Башы району, Ак-Муз айылы – 1935, Нарын району, Дөбөлү айылы) – төкмө акын, обончу, ырчы жана алгачкы агартуучулардан. Аны бүтүндөй кыргыз жергесине таанымал кылган ыры – «Үкөй». Ал айылга өз каражаты менен медресе ачкан. Эл арасында сүйүү ырларын көп ырдап, лирик акын, обончу катары таанылган.

Андан 1922-жылы «Карагул» дастаны, макал-ылакаптар жазылып алынган. 1929-жыл анын өмүрүндөгү ары армандуу, ары кайгылуу жыл болгон. Элүүдөн эӊкейгенде туулуп-өскөн жеринен ажырап, жер которуп, күнөөсүз айдалган. Акындын сүргүндөгү ырлары бизге жеткен жок. Ал 1932-жылы бошоп, элине кайтып келгенде, чуудан алыс болгусу келип, сүргүндөгү жагдайын ырдап эскербеген көрүнөт. Боогачынын күйгөн, секетбайлары негизинен 20-жылдары эле кагаз бетине түшүрүлүп, жыйнак түрүндө жарык көргөн. «Секетбай» 1925-жылы араб тамгасында Москвадан басылып чыккан. Жыйнап, басмага даярдаган И. Арабаев. «Сүйгөн» аттуу экинчи жыйнагы Фрунзеде 1927-жылы араб тамгасында жарыяланган. Басмага С. Карачев даярдаган. 1990-жылы «Адабият» басмасы Боогачы менен Ы. Борончиевдин чыгармаларын бириктирип, бир китеп кылып чыгарган. 1994-жылы акындын 125 жылдыгына карата анын ырлары, ал тууралуу эскерүү-иликтөөлөр да камтылган жыйнагы «Боогачы» деген ат менен окурмандарга тартууланган. Ушул эле жылы 125 жылдык мааракеси өткөрүлүп, Дөбөлүдөгү мүрзөсүнө күмбөз тургузулган. Анын ысмы туулган айлындагы орто мектепке коюлган жана эстелиги тургузулган.