БООМ КАПЧЫГАЙЫ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БООМ КАПЧЫГАЙЫ ''' – Күнгөй Ала-Тоонун батыш четинде жайгашкан өткөөл капчыгай; Күнгөй Ала-Тоонун батыш учун, Терек-Жону тоосунун чыгыш учун ж-а бул эки тоонун ортосундагы байыркы өрөөндү кесип өтөт. Уз. 25 ''км'', таманынын жазылыгы 150–350 ''м''. Капталдарынын салыштырмалуу бийикт. 500–800 ''м''ге чейин. Генезистик тиби б-ча антецеденттик өткөөл капчыгай. Плейстоценде Ысык-Көлдүн деӊгээли жогору кезинде, анын түн.-батыш жээги Б. к-на жетип турган. Көлдөн агып чыккан суу Күнгөй Ала-Тоонун бир тармагы – Кара-Жылганын жапыз кайкысын ашып азыркы Коӊорчок (Чүйдүн сол куймасы) суусуна куйган. Ал мезгилде Коӊорчок Чоӊ Кеминге сол тараптан куюп, Боомдун көп бөлүгүн (Коӊорчоктун чатынан Чоӊ Кемин суусуна чейин) Коӊорчоктун өрөөнү түзгөн. Ал эми Боомдун түш., өтө кууш бөлүгү (Коӊорчоктун чатынан түш. тарабы) – Кара-Жылга тоосун Ысык-Көлдүн суусу жеп отуруп пайда кылган капчыгай (мындан 8–12 миӊ жыл илгери). Капчыгайдын Коӊорчоктун чатынан Чүй өрөөнүнө чыга беришке чейинки бөлүгү мурда, Коӊорчоктун чатынан Кара-Жылга коктусуна чейинкиси (Боомдун Ысык-Көл жаккы четинде) кийин пайда болгон. Б. к-на протерозой ж-а палеозойдун кристаллдуу тектери (гранит, сланец, гранит-диорит, порфирит ж. б.), байыркы өрөөндүн аймагына (борб. бөлүгүндө) палеоген м-н неогендин кызыл, боз чөкмө тектери мүнөздүү. Б. к. морфол. жактан: төмөнкү, борбору ж-а жогорку болуп, 3 бөлүктөн турат. Төмөнкү бөлүгү (Боомдун түн. бөлүгү) Чүй д-нын Терек-Жону тоосунун чыгыш учун кесип өткөн жерине туура келет. Бул бөлүгү кууш (таманынын эни 150–200 ''м''), капталдары тик (50–60°ка чейин) ж-а бийик (500–600 ''м''). Тоо капталдарында гравитациялык процесстер, ''Чүй'' д-нын нугунда тереӊ кеткен эрозия өөрчүгөн. Борб. бөлүгү (Кызыл-Көпүрө м-н Кыз-Күйөө айылынын аралыгы) – Боомдун кенен жери (250–300 ''м''ге чейин). Капчыгайдын оӊ капталы тик (45–50°ка чейин) ж-а бийик (1 ''км''ге чейин), сол капталы – Күнгөй Ала-Тоо м-н Терек-Жону тоосунун аралыгында жаткан палеоген-неоген чөкмөлөрүнөн турган бийик (300–400 ''м'') адырлардан (айрым жерлеринде «чаптардан») турат. Түштүк бөлүгү (Кызыл-Көпүрөдөн Кара-Жылга коктусуна чейин) Чүй д. Күнгөй Ала-Тоонун батыш четин кесип өткөн жерге туура келет. Боомдон Ысык-Көл тарапка ''Улан'' шамалы согот; анын ылдамдыгы жаз, күз мезгилдеринде 20–30 ''м/сек'' жетет. Капчыгай аркылуу Чүй д. (куймалары: Коӊорчок, Суулу-Терек, Кургак-Терек, Ыӊырчак, Кара-Суу ж. б.) агып өтөт. Негизинен таштак чополуу чөл, жарым чөл ж-а аскалуу каксоо талаа ландшафттары мүнөздүү. Капчыгай аркылуу Бишкек – Балыкчы темир жолу ж-а Бишкек – Торугарт автомобиль жолу өтөт. Б. к. тарыхта эзелтен бери белгилүү. Кылымдар бою элдердин карым-катнашы үчүн, ал түгүл эл аралык транзиттик жол катары да пайдаланылган. 19-к-дын орто ченинде Б. к-нда 3 «кой» жолу болгон. «Кой» жолдордун бири 1868–71-ж. капчыгайда курулган араба жолго негиз болгон. Боомдун аймагын жерг. эл илгертен бери эле мекендеп, пайдаланып келген. Аны айтылган жолдордон тышкары, капчыгайдын ичиндеги археол. эстеликтер, жер-суу аттары, тарыхый кол жазмалардагы даректер, фольклордук материалдар далилдеп турат. Байыркы ж-а о. кылымдардагы Кытай (Чжан Цянь, Сюань Цзан), араб-фарс (Тамим ибн-Бахр, Ибн-Хордадбек, Гардизи ж. б.) саякатчыларынын, өзгөчө 14–15-к-дагы тарыхчылардын маалыматтары Б. к-нын мааниси ж-дө белгилүү түшүнүк берет. 1376, 1383–84-ж. Моголстанга каршы жортуулга чыккан Тимурдун аскери Б. к. аркылуу өткөн. Топонимдин өзү да ад-тта 1-жолу ошол мезгилде кезигет. Низам ад-Дин Шами (14-к.; Йсигкул буум), Шараф ад-Дин Езди (15-к. Бугам Асикул) экөө теӊ номенди «Ысык-Көл боому» түрүндө беришет. Орусча а-ттарда ал Бом, Буам формасында да жолугат. Байыркы түрк, азыркы алтай, тува, эвенк, монгол ж. б. тилдерде боом «аскалуу тумшук», тик кыя; зоока; «тар капчыгай» деген маанини берет.
'''БООМ КАПЧЫГАЙЫ ''' – Күнгөй Ала-Тоонун батыш четинде жайгашкан өткөөл капчыгай; Күнгөй Ала-Тоонун батыш учун, Терек-Жону тоосунун чыгыш учун жана бул эки тоонун ортосундагы байыркы өрөөндү кесип өтөт. Узундугу 25 ''км'', таманынын жазылыгы 150–350 ''м''. Капталдарынын салыштырмалуу бийиктиги  500–800 ''м''ге чейин. Генезистик тиби боюнча антецеденттик өткөөл капчыгай. Плейстоценде Ысык-Көлдүн деӊгээли жогору кезинде, анын түндүк-батыш жээги Боом капчыгайына жетип турган. Көлдөн агып чыккан суу Күнгөй Ала-Тоонун бир тармагы – Кара-Жылганын жапыз кайкысын ашып азыркы Коӊорчок (Чүйдүн сол куймасы) суусуна куйган. Ал мезгилде Коӊорчок Чоӊ Кеминге сол тараптан куюп, Боомдун көп бөлүгүн (Коӊорчоктун чатынан Чоӊ Кемин суусуна чейин) Коӊорчоктун өрөөнү түзгөн. Ал эми Боомдун түштүгү, өтө кууш бөлүгү (Коӊорчоктун чатынан түштүк тарабы) – Кара-Жылга тоосун Ысык-Көлдүн суусу жеп отуруп пайда кылган капчыгай (мындан 8–12 миӊ жыл илгери). Капчыгайдын Коӊорчоктун чатынан Чүй өрөөнүнө чыга беришке чейинки бөлүгү мурда, Коӊорчоктун чатынан Кара-Жылга коктусуна чейинкиси (Боомдун Ысык-Көл жаккы четинде) кийин пайда болгон. Боом капчыгайына протерозой жана палеозойдун кристаллдуу тектери (гранит, сланец, гранит-диорит, порфирит ж. б.), байыркы өрөөндүн аймагына (борбордук бөлүгүндө) палеоген менен неогендин кызыл, боз чөкмө тектери мүнөздүү. Боом капчыгайы морфологиялык жактан: төмөнкү, борбору жана жогорку болуп, 3 бөлүктөн турат. Төмөнкү бөлүгү (Боомдун түндүк бөлүгү) Чүй дарыясынын Терек-Жону тоосунун чыгыш учун кесип өткөн жерине туура келет. Бул бөлүгү кууш (таманынын эни 150–200 ''м''), капталдары тик (50–60°ка чейин) жана бийик (500–600 ''м''). Тоо капталдарында гравитациялык процесстер, ''Чүй'' дарыясынын нугунда тереӊ кеткен эрозия өөрчүгөн. Борбордук бөлүгү (Кызыл-Көпүрө менен Кыз-Күйөө айылынын аралыгы) – Боомдун кенен жери (250–300 ''м''ге чейин). Капчыгайдын оӊ капталы тик (45–50°ка чейин) жана бийик (1 ''км''ге чейин), сол капталы – Күнгөй Ала-Тоо менен Терек-Жону тоосунун аралыгында жаткан палеоген-неоген чөкмөлөрүнөн турган бийик (300–400 ''м'') адырлардан (айрым жерлеринде «чаптардан») турат. Түштүк бөлүгү (Кызыл-Көпүрөдөн Кара-Жылга коктусуна чейин) Чүй дарыясы Күнгөй Ала-Тоонун батыш четин кесип өткөн жерге туура келет. Боомдон Ысык-Көл тарапка ''Улан'' шамалы согот; анын ылдамдыгы жаз, күз мезгилдеринде 20–30 ''м/сек'' жетет. Капчыгай аркылуу Чүй дарыясы (куймалары: Коӊорчок, Суулу-Терек, Кургак-Терек, Ыӊырчак, Кара-Суу ж. б.) агып өтөт. Негизинен таштак чополуу чөл, жарым чөл жана аскалуу каксоо талаа ландшафттары мүнөздүү. Капчыгай аркылуу Бишкек – Балыкчы темир жолу жана Бишкек – Торугарт автомобиль жолу өтөт. Боом капчыгайы тарыхта эзелтен бери белгилүү. Кылымдар бою элдердин карым-катнашы үчүн, ал түгүл эл аралык транзиттик жол катары да пайдаланылган. 19-кылымдын орто ченинде Боом капчыгайында 3 «кой» жолу болгон. «Кой» жолдордун бири 1868–71-жылдары капчыгайда курулган араба жолго негиз болгон. Боомдун аймагын жергиликтүү эл илгертен бери эле мекендеп, пайдаланып келген. Аны айтылган жолдордон тышкары, капчыгайдын ичиндеги археологиялык эстеликтер, жер-суу аттары, тарыхый кол жазмалардагы даректер, фольклордук материалдар далилдеп турат. Байыркы жана орто кылымдардагы Кытай (Чжан Цянь, Сюань Цзан), араб-фарс (Тамим ибн-Бахр, Ибн-Хордадбек, Гардизи ж. б.) саякатчыларынын, өзгөчө 14–15-кылымдардагы тарыхчылардын маалыматтары Боом капчыгайынын мааниси жөнүндө белгилүү түшүнүк берет. 1376, 1383–84-жылдарда Моголстанга каршы жортуулга чыккан Тимурдун аскери Боом капчыгайы аркылуу өткөн. Топонимдин өзү да адабиятта 1-жолу ошол мезгилде кезигет. Низам ад-Дин Шами (14-кылым; Йсигкул буум), Шараф ад-Дин Езди (15-кылым Бугам Асикул) экөө теӊ номенди «Ысык-Көл боому» түрүндө беришет. Орусча адабияттарда ал Бом, Буам формасында да жолугат. Байыркы түрк, азыркы алтай, тува, эвенк, монгол ж. б. тилдерде боом «аскалуу тумшук», тик кыя; зоока; «тар капчыгай» деген маанини берет.<br/>''Ш. Токомбаев, С. Өмүрзаков.''
<br/>''Ш. Токомбаев, С. Өмүрзаков.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:48, 26 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БООМ КАПЧЫГАЙЫ – Күнгөй Ала-Тоонун батыш четинде жайгашкан өткөөл капчыгай; Күнгөй Ала-Тоонун батыш учун, Терек-Жону тоосунун чыгыш учун жана бул эки тоонун ортосундагы байыркы өрөөндү кесип өтөт. Узундугу 25 км, таманынын жазылыгы 150–350 м. Капталдарынын салыштырмалуу бийиктиги 500–800 мге чейин. Генезистик тиби боюнча антецеденттик өткөөл капчыгай. Плейстоценде Ысык-Көлдүн деӊгээли жогору кезинде, анын түндүк-батыш жээги Боом капчыгайына жетип турган. Көлдөн агып чыккан суу Күнгөй Ала-Тоонун бир тармагы – Кара-Жылганын жапыз кайкысын ашып азыркы Коӊорчок (Чүйдүн сол куймасы) суусуна куйган. Ал мезгилде Коӊорчок Чоӊ Кеминге сол тараптан куюп, Боомдун көп бөлүгүн (Коӊорчоктун чатынан Чоӊ Кемин суусуна чейин) Коӊорчоктун өрөөнү түзгөн. Ал эми Боомдун түштүгү, өтө кууш бөлүгү (Коӊорчоктун чатынан түштүк тарабы) – Кара-Жылга тоосун Ысык-Көлдүн суусу жеп отуруп пайда кылган капчыгай (мындан 8–12 миӊ жыл илгери). Капчыгайдын Коӊорчоктун чатынан Чүй өрөөнүнө чыга беришке чейинки бөлүгү мурда, Коӊорчоктун чатынан Кара-Жылга коктусуна чейинкиси (Боомдун Ысык-Көл жаккы четинде) кийин пайда болгон. Боом капчыгайына протерозой жана палеозойдун кристаллдуу тектери (гранит, сланец, гранит-диорит, порфирит ж. б.), байыркы өрөөндүн аймагына (борбордук бөлүгүндө) палеоген менен неогендин кызыл, боз чөкмө тектери мүнөздүү. Боом капчыгайы морфологиялык жактан: төмөнкү, борбору жана жогорку болуп, 3 бөлүктөн турат. Төмөнкү бөлүгү (Боомдун түндүк бөлүгү) Чүй дарыясынын Терек-Жону тоосунун чыгыш учун кесип өткөн жерине туура келет. Бул бөлүгү кууш (таманынын эни 150–200 м), капталдары тик (50–60°ка чейин) жана бийик (500–600 м). Тоо капталдарында гравитациялык процесстер, Чүй дарыясынын нугунда тереӊ кеткен эрозия өөрчүгөн. Борбордук бөлүгү (Кызыл-Көпүрө менен Кыз-Күйөө айылынын аралыгы) – Боомдун кенен жери (250–300 мге чейин). Капчыгайдын оӊ капталы тик (45–50°ка чейин) жана бийик (1 кмге чейин), сол капталы – Күнгөй Ала-Тоо менен Терек-Жону тоосунун аралыгында жаткан палеоген-неоген чөкмөлөрүнөн турган бийик (300–400 м) адырлардан (айрым жерлеринде «чаптардан») турат. Түштүк бөлүгү (Кызыл-Көпүрөдөн Кара-Жылга коктусуна чейин) Чүй дарыясы Күнгөй Ала-Тоонун батыш четин кесип өткөн жерге туура келет. Боомдон Ысык-Көл тарапка Улан шамалы согот; анын ылдамдыгы жаз, күз мезгилдеринде 20–30 м/сек жетет. Капчыгай аркылуу Чүй дарыясы (куймалары: Коӊорчок, Суулу-Терек, Кургак-Терек, Ыӊырчак, Кара-Суу ж. б.) агып өтөт. Негизинен таштак чополуу чөл, жарым чөл жана аскалуу каксоо талаа ландшафттары мүнөздүү. Капчыгай аркылуу Бишкек – Балыкчы темир жолу жана Бишкек – Торугарт автомобиль жолу өтөт. Боом капчыгайы тарыхта эзелтен бери белгилүү. Кылымдар бою элдердин карым-катнашы үчүн, ал түгүл эл аралык транзиттик жол катары да пайдаланылган. 19-кылымдын орто ченинде Боом капчыгайында 3 «кой» жолу болгон. «Кой» жолдордун бири 1868–71-жылдары капчыгайда курулган араба жолго негиз болгон. Боомдун аймагын жергиликтүү эл илгертен бери эле мекендеп, пайдаланып келген. Аны айтылган жолдордон тышкары, капчыгайдын ичиндеги археологиялык эстеликтер, жер-суу аттары, тарыхый кол жазмалардагы даректер, фольклордук материалдар далилдеп турат. Байыркы жана орто кылымдардагы Кытай (Чжан Цянь, Сюань Цзан), араб-фарс (Тамим ибн-Бахр, Ибн-Хордадбек, Гардизи ж. б.) саякатчыларынын, өзгөчө 14–15-кылымдардагы тарыхчылардын маалыматтары Боом капчыгайынын мааниси жөнүндө белгилүү түшүнүк берет. 1376, 1383–84-жылдарда Моголстанга каршы жортуулга чыккан Тимурдун аскери Боом капчыгайы аркылуу өткөн. Топонимдин өзү да адабиятта 1-жолу ошол мезгилде кезигет. Низам ад-Дин Шами (14-кылым; Йсигкул буум), Шараф ад-Дин Езди (15-кылым Бугам Асикул) экөө теӊ номенди «Ысык-Көл боому» түрүндө беришет. Орусча адабияттарда ал Бом, Буам формасында да жолугат. Байыркы түрк, азыркы алтай, тува, эвенк, монгол ж. б. тилдерде боом «аскалуу тумшук», тик кыя; зоока; «тар капчыгай» деген маанини берет.
Ш. Токомбаев, С. Өмүрзаков.