БОРБОРДУК ТҮЗДҮК: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БОРБОРДУК ТҮЗДҮК ''' Түн. Америкада (АКШ м-н Канадада), Миссисипинин алабында; чыгышынан Аппалачи, батышынан Улуу түздүктөр, түндүгүнөн Лаврентий дөӊсөөсү, түштүгүнөн Мексика бою ойдуӊу м-н чектешет. Басымдуу бийикт. 150–500 ''м''. Түн. Америка платформасынын түш. бөлүгү, анын кристаллдык фундаменти палеозойдун сланецтери ж-а акиташ тектери м-н капталган. Таш көмүр кени бар. 40° түн. к-тен түндүктү карай антропогендеги муз каптоонун издери байкалат. Лаврентий дөӊсөөсү м-н болгон чегинде мөӊгү-тектон. кыймылдын таасиринен пайда болгон көлдөр (Улуу көлдөр, Виннипег, Виннипегосис, Манитоба ж. б.) жайгашкан. Климаты мелүүн, континенттик, түш. четинде субтропиктик. Жылдык жаан-чачыны 400–1200 ''мм''. Аймагынын <sup>3</sup>/<sub>4</sub> бөлүгү айдоо, шалбаа, жайыт катары пайдаланылат. Багбанчылык өнүккөн. Жазы жалбырактуу ж-а аралаш токойдун калдыктары бар. АКШ м-н Канаданын маанилүү а. ч. (дан, мал чарбалары) району.
'''БОРБОРДУК ТҮЗДҮК ''' Түндүк Америкада (АКШ менен Канадада), Миссисипинин алабында; чыгышынан Аппалачи, батышынан Улуу түздүктөр, түндүгүнөн Лаврентий дөӊсөөсү, түштүгүнөн Мексика бою ойдуӊу менен чектешет. Басымдуу бийиктиги 150–500 ''м''. Түндүк Америка платформасынын түштүк бөлүгү, анын кристаллдык фундаменти палеозойдун сланецтери жана акиташ тектери менен капталган. Таш көмүр кени бар. 40° түндүк кеңдиктен түндүктү карай антропогендеги муз каптоонун издери байкалат. Лаврентий дөӊсөөсү менен болгон чегинде мөӊгү-тектоникалык кыймылдын таасиринен пайда болгон көлдөр (Улуу көлдөр, Виннипег, Виннипегосис, Манитоба ж. б.) жайгашкан. Климаты мелүүн, континенттик, түштүк четинде субтропиктик. Жылдык жаан-чачыны 400–1200 ''мм''. Аймагынын <sup>3</sup>/<sub>4</sub> бөлүгү айдоо, шалбаа, жайыт катары пайдаланылат. Багбанчылык өнүккөн. Жазы жалбырактуу жана аралаш токойдун калдыктары бар. АКШ менен Канаданын маанилүү айыл чарба (дан, мал чарбалары) району.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:35, 29 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БОРБОРДУК ТҮЗДҮК Түндүк Америкада (АКШ менен Канадада), Миссисипинин алабында; чыгышынан Аппалачи, батышынан Улуу түздүктөр, түндүгүнөн Лаврентий дөӊсөөсү, түштүгүнөн Мексика бою ойдуӊу менен чектешет. Басымдуу бийиктиги 150–500 м. Түндүк Америка платформасынын түштүк бөлүгү, анын кристаллдык фундаменти палеозойдун сланецтери жана акиташ тектери менен капталган. Таш көмүр кени бар. 40° түндүк кеңдиктен түндүктү карай антропогендеги муз каптоонун издери байкалат. Лаврентий дөӊсөөсү менен болгон чегинде мөӊгү-тектоникалык кыймылдын таасиринен пайда болгон көлдөр (Улуу көлдөр, Виннипег, Виннипегосис, Манитоба ж. б.) жайгашкан. Климаты мелүүн, континенттик, түштүк четинде субтропиктик. Жылдык жаан-чачыны 400–1200 мм. Аймагынын 3/4 бөлүгү айдоо, шалбаа, жайыт катары пайдаланылат. Багбанчылык өнүккөн. Жазы жалбырактуу жана аралаш токойдун калдыктары бар. АКШ менен Канаданын маанилүү айыл чарба (дан, мал чарбалары) району.