БОРДО: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary

1 сап: 1 сап:
'''БОРДО́ ''' (Bordeaux) – Франциянын түш.-батышындагы шаар. Аквитания тарыхый обл-нун аймагында. Жиронда департаментинин адм. борбору. Калкы 250,5 миӊ (2016; шаар айланасы м-н 986,4 миӊ). Гаронна д-нын боюнда жайгашкан. Бискайя булуӊундагы Жиронда эстуарийиндеги порт. Ири кемелер келүүгө ыӊгайлуу. Порт адистештирилген 6 терминалды (оор жүк ташуучу – Вердон, Пойак, Блай, Амбе, Бассен; негизинен жүргүнчү ташуучу – Бордо) камтыйт. Жылына 8,5 млн т жүк ташылат. Улуттук маанидеги жолдор тоому (а. и. Испанияга кетүүчү жолдор); ылдам жүрүүчү темир жолу аркылуу Париж м-н байланышат. Эл аралык аэропорту бар.
'''БОРДО́ ''' (Bordeaux) – Франциянын түштүк-батышындагы шаар. Аквитания тарыхый облусунун аймагында. Жиронда департаментинин административдик борбору. Калкы 250,5 миӊ (2016; шаар айланасы менен 986,4 миӊ). Гаронна дарыясынын боюнда жайгашкан. Бискайя булуӊундагы Жиронда эстуарийиндеги порт. Ири кемелер келүүгө ыӊгайлуу. Порт адистештирилген 6 терминалды (оор жүк ташуучу – Вердон, Пойак, Блай, Амбе, Бассен; негизинен жүргүнчү ташуучу – Бордо) камтыйт. Жылына 8,5 млн т жүк ташылат. Улуттук маанидеги жолдор тоому (анын ичинен Испанияга кетүүчү жолдор); ылдам жүрүүчү темир жолу аркылуу Париж менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар.

[[File:БОРДО15.png | thumb | Биржа аянты.]]
[[File:БОРДО15.png | thumb | Биржа аянты.]]
Б. з. ч. 3-к-дан Б у р д и г а л а деген ат м-н белгилүү. 1235-ж. шаар укугун алган. 14-к-дын башында ири соода ж-а кол өнөрчүлүк борборуна айланып, ярмаркалар өткөрүлүп турган.
Б. з. ч. 3-кылымдан Б у р д и г а л а деген ат менен белгилүү. 1235-жылы шаар укугун алган. 14-кылымдын башында ири соода жана кол өнөрчүлүк борборуна айланып, ярмаркалар өткөрүлүп турган.
Рим амфитеатрынын калдыктары, орто кылымдагы эстеликтерден некрополь, базилика, ренессанс жана барроко стилиндеги чиркөөлөр сакталган. Бордодо ИА, университет, эл аралык университет, бизнес жогорку мектеби, илим-изилдөө борборлору, китепканалар, музейлер, театрлар бар. Бордодо 1999-жылдан эл аралык аялдар киносунун фестивалы жыл сайын өткөрүлөт.
Бордо – ири өнөр жай түйүнү. Машина, кеме куруу жана ремонттоо, нефть ажыратуу, химиялык, текстиль, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, цемент, тамак-аш (ун, кант, шоколад, жер жаӊгак майы, консерва) өнөр жай ишканалары иштейт. Бордо – маркалуу шарап чыгарып, аны сатуунун дүйнөдөгү борборлорунун бири. Эл аралык шарап салону, көргөзмөсү 2 жылда бир өткөрүлүп турат. Шаардын айланасында жүзүмчүлүк өнүккөн (110 миӊ ''га''дан ашык).

Рим амфитеатрынын калдыктары, о. кылымдагы эстеликтерден некрополь, базилика, ренессанс ж-а барроко стилиндеги чиркөөлөр сакталган. Б-до ИА, ун-т, эл аралык ун-т, бизнес жогорку мектеби, ил.-из. борборлору, китепканалар, музейлер, театрлар бар. Б-до 1999-жылдан эл аралык аялдар киносунун фестивалы жыл сайын өткөрүлөт.

Б. – ири өнөр жай түйүнү. Машина ж-а кеме куруу ж-а ремонттоо, нефть ажыратуу, хим., текстиль, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, цемент, тамак-аш (ун, кант, шоколад, жер жаӊгак майы, консерва) өнөр жай ишканалары иштейт. Б. – маркалуу шарап чыгарып, аны сатуунун дүйнөдөгү борборлорунун бири. Эл аралык шарап салону, көргөзмөсү 2 жылда бир өткөрүлүп турат. Шаардын айланасында жүзүмчүлүк өнүккөн (110 миӊ ''га''дан ашык).
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:53, 29 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БОРДО́ (Bordeaux) – Франциянын түштүк-батышындагы шаар. Аквитания тарыхый облусунун аймагында. Жиронда департаментинин административдик борбору. Калкы 250,5 миӊ (2016; шаар айланасы менен 986,4 миӊ). Гаронна дарыясынын боюнда жайгашкан. Бискайя булуӊундагы Жиронда эстуарийиндеги порт. Ири кемелер келүүгө ыӊгайлуу. Порт адистештирилген 6 терминалды (оор жүк ташуучу – Вердон, Пойак, Блай, Амбе, Бассен; негизинен жүргүнчү ташуучу – Бордо) камтыйт. Жылына 8,5 млн т жүк ташылат. Улуттук маанидеги жолдор тоому (анын ичинен Испанияга кетүүчү жолдор); ылдам жүрүүчү темир жолу аркылуу Париж менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар.

Биржа аянты.

Б. з. ч. 3-кылымдан Б у р д и г а л а деген ат менен белгилүү. 1235-жылы шаар укугун алган. 14-кылымдын башында ири соода жана кол өнөрчүлүк борборуна айланып, ярмаркалар өткөрүлүп турган.
Рим амфитеатрынын калдыктары, орто кылымдагы эстеликтерден некрополь, базилика, ренессанс жана барроко стилиндеги чиркөөлөр сакталган. Бордодо ИА, университет, эл аралык университет, бизнес жогорку мектеби, илим-изилдөө борборлору, китепканалар, музейлер, театрлар бар. Бордодо 1999-жылдан эл аралык аялдар киносунун фестивалы жыл сайын өткөрүлөт.
Бордо – ири өнөр жай түйүнү. Машина, кеме куруу жана ремонттоо, нефть ажыратуу, химиялык, текстиль, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, цемент, тамак-аш (ун, кант, шоколад, жер жаӊгак майы, консерва) өнөр жай ишканалары иштейт. Бордо – маркалуу шарап чыгарып, аны сатуунун дүйнөдөгү борборлорунун бири. Эл аралык шарап салону, көргөзмөсү 2 жылда бир өткөрүлүп турат. Шаардын айланасында жүзүмчүлүк өнүккөн (110 миӊ гадан ашык).