БОРИС ГОДУНОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''БОРИ́С ГОДУНО́В ''' (1552-ж. чен – 13(23). 4.1605, Москва) – орус падышасы (1598–1605). Бояр Фёдор Иванович Годуновдун уулу. Падыша Фёдордун кайнагасы болгон. Анын тушунда эле иш жүзүндө өзү бийлик жүргүзгөн. Кийинки тарыхый булактардагы маалыматтар б-ча канзаада Дмитрий Угличскийди өлтүрүүнү уюштургандардын бири. Фёдор өлгөн соӊ, Б. Г. Земский соборунда 1598-ж. 17-февралда падыша болуп шайланган. Ал дворяндардын мүдөөсүн көздөп, алардын бийлигин бекемдөөгө аракет кылган. Тышкы саясатта Ливон согушунда олжого кеткен айрым жерлерди кайтарып, орус мамлекетинин эл аралык абалын чыӊдоого жетишкен. Б. Г. падыша болуп турган чакта крепостнойлук эзүүнүн айынан дыйкандардын кубаттуу көтөрүлүштөрү чыккан. Ал Жалган Дмитрий I м-н каршылашуу күчөп турган мезгилде капыстан каза болгон. Тактыга анын балакатка жете элек уулу Фёдор отурган, бирок ал москвалыктардын көтөрүлүшүндө (1605) киши колдуу болуп өлгөн. Ошону м-н Годуновдордун бийлиги биротоло бүткөн.
'''БОРИ́С ГОДУНО́В ''' (1552-жыл чен – 13(23). 4.1605, Москва) – орус падышасы (1598–1605). Бояр Фёдор Иванович Годуновдун уулу. Падыша Фёдордун кайнагасы болгон. Анын тушунда эле иш жүзүндө өзү бийлик жүргүзгөн. Кийинки тарыхый булактардагы маалыматтар боюнча канзаада Дмитрий Угличскийди өлтүрүүнү уюштургандардын бири. Фёдор өлгөн соӊ, Борис Годунов Земский соборунда 1598-жылы 17-февралда падыша болуп шайланган. Ал дворяндардын мүдөөсүн көздөп, алардын бийлигин бекемдөөгө аракет кылган. Тышкы саясатта Ливон согушунда олжого кеткен айрым жерлерди кайтарып, орус мамлекетинин эл аралык абалын чыӊдоого жетишкен. Борис Годунов падыша болуп турган чакта крепостнойлук эзүүнүн айынан дыйкандардын кубаттуу көтөрүлүштөрү чыккан. Ал Жалган Дмитрий I менен каршылашуу күчөп турган мезгилде капыстан каза болгон. Тактыга анын балакатка жете элек уулу Фёдор отурган, бирок ал москвалыктардын көтөрүлүшүндө (1605) киши колдуу болуп өлгөн. Ошону менен Годуновдордун бийлиги биротоло бүткөн.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:31, 29 Апрель (Чын куран) 2024 -га соңку нускасы

БОРИ́С ГОДУНО́В (1552-жыл чен – 13(23). 4.1605, Москва) – орус падышасы (1598–1605). Бояр Фёдор Иванович Годуновдун уулу. Падыша Фёдордун кайнагасы болгон. Анын тушунда эле иш жүзүндө өзү бийлик жүргүзгөн. Кийинки тарыхый булактардагы маалыматтар боюнча канзаада Дмитрий Угличскийди өлтүрүүнү уюштургандардын бири. Фёдор өлгөн соӊ, Борис Годунов Земский соборунда 1598-жылы 17-февралда падыша болуп шайланган. Ал дворяндардын мүдөөсүн көздөп, алардын бийлигин бекемдөөгө аракет кылган. Тышкы саясатта Ливон согушунда олжого кеткен айрым жерлерди кайтарып, орус мамлекетинин эл аралык абалын чыӊдоого жетишкен. Борис Годунов падыша болуп турган чакта крепостнойлук эзүүнүн айынан дыйкандардын кубаттуу көтөрүлүштөрү чыккан. Ал Жалган Дмитрий I менен каршылашуу күчөп турган мезгилде капыстан каза болгон. Тактыга анын балакатка жете элек уулу Фёдор отурган, бирок ал москвалыктардын көтөрүлүшүндө (1605) киши колдуу болуп өлгөн. Ошону менен Годуновдордун бийлиги биротоло бүткөн.